Анда уран маселеси боюнча президенттин үн катпаганы жана өкмөт башчысынын жоопкерчиликти мурдагыларга оодарып жатканы сынга алынды.
Буга чейин өкмөт Ысык-Көлдөгү уран кени жабыла турганын жарыялаган. "Бирок уран казуу иши жашыруун жүргөн" деп күмөн санаган айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн бул убадасына ишенбей турат.
Мыйзамды сыйлабаган кен иштетүү саясаты
Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрүнүн уран казууга каршы 26-апрелдеги митинги Чернобыл кырсыгынан каза тапкандарды эскерүү менен башталды. 1986-жылы Чернобыл АЭСинде болгон жарылууга быйыл 26-апрелде 33 жыл толду.
"Уран казгыча ууруларды казгыла", "Урансыз келечек" жана "Мекенди ууландырбагыла" деген ураандарды жана радиациялык коркунучту чагылдырган адамдын баш сөөгүнүн түспөлүн көтөргөн жарандык коомдун өкүлдөрү борбордук аянтка чогулду.
"Коомдук анализ" институтунун жетекчиси Рита Карасартова Ысык-Көл биосфералык аймагында кен иштетүүгө тыюу салган мыйзамга карабастан уран казууга уруксат берилгенин сынга алды:
- "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө" мыйзам тыюу салганына карабастан уран кенин чалгындоого, иштетүүгө уруксат берген жагдайга таң калдык. Мыйзамды одоно бузуп, мына ошону баштап жатышканы бул мамлекетке жасалган чыккынчылык! Демек, бул көрүнүш "бизде мыйзам жок турбайбы", "бизде мыйзамды коргой турган мамлекет жок турбайбы" дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күндөн тарта мыйзамга катуу өзгөртүү киргизип, бул маселеге чекит коюлушу керек. Биз ар бир уран кени боюнча эле митингге чыга бербей, мыйзамдык жактан аны казууга толук тыюу салышыбыз абзел.
Парламенттин реакциясы
Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов 2070-жылга чейин Кыргызстанда уран кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салууну караган мораторий киргизген мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.
Буга чейин депутат Дастан Бекешев дагы 20 жылга чейин Ысык-Көл биосфералык аймагында уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Алтынбек Сулайманов андан айырмаланып, бүткүл өлкө боюнча уран кендерине мораторий жарыялоону сунуштап чыкты:
- Биздин элдин саламаттыгы менен жаратылышыбыздын тазалыгы биринчи орунда болушу зарыл. Буга эч ким каршы чыга албаса керек. Ошондуктан биз депутаттар - А.Шыкмаматов, К. Керезбеков болуп, уран кендерин казууга 50 жылга чейин тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Элүү жылда эл жаңы демекчи, мына ошондо биздин жаш муун жаңы технологияны колдонуп, уранды коопсуз жагдайда ачып иштете алабы же жокпу өзү чечет. Азыркы жагдайда биз буга тыюу салып, мораторий киргизүүнү туура көрдүк.
Митингде энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча адис-эксперт Расул Умбеталиев Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак участогундагы Кызыл-Омпол уран кени буга чейин эле чалгындалып бүткөнүн билдирди. Ал бийликтин макулдугу менен уран кени жашыруун казылып, иштетилип, анан сыртка чыгарылып кетиши мүмкүн экенин айтты:
- Бул жерде толук кандуу эле шартта уран казуу иши жүргүзүлгөн десек болчудай. Анткени мына ошол кен турган аймакта 30-40 метр тереңдиктеги жерлер казылган. Геологиялык чалгындоонун жыйынтыгы боюнча уран 25 метр тереңдиктен эле табылган. Чалгындоо иштери жүрүп жаткан болсо, ал жерде бургулоочу жабдуулар болушу керек эле. Толук кандуу казуу иштери жүргүзүлбөйт. Менимче, бул жерде уранды баштапкы байытуу иштери болуп жаткан. Иштетилген уранды автоунаага жүктөп бара жаткан жеринен токтотулган видео тарап жатат. Муну териштирүү керек.
Бийликтин "үч өрдөгү"
Ушул күнгө чейин өкмөт уран казууга уруксат болбогонун, чалгындоо иштери гана жүрүп жатканын жүйө келтирип келген.
Буга чейин Интернетте кен изилденип жаткан жактан уран жүктөлүшү мүмкүн болгон жүк ташуучу автоунааны жергиликтүү тургундар кармап алган тасма тарады. Видео тасманын каяктан тартылганы тууралуу бийлик расмий жооп бере элек.
Ал эми жарандык активист Шайырбек Маматокторов өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукта нааразылык күчөгөнгө чейин үн катпай келип, кийин гана жоопкерчиликти мурдагы бийликке оодара салып, туңгуюк позицияны карманып жатышканын сынга алды:
- Жалтактаган өкмөттүн алсыздыгын байкадыңызбы? Кечээтен бери элди алдай баштады. Урматтуу премьер-министр, бүгүн өлкөдө кожоюнсуздар. Бүгүн өкмөт башчысы сизсиз. Бүгүн бийлик силерде. Демек, башкаларга шылтабай эле бүгүнкү абал үчүн бүгүнкү өкмөт башчысы жоопкер болушу керек. Иштей албаса, анда кызматтан кетсин. Түзүгүрөөк өкмөт келсин. Мамлекет башчысы "экономиканы башка ыкма менен көтөргүлө" деп так кесе айтып, башаламандыкты токтотуп, "мындай ишти жыйыштыргыла" дегендин ордуна эки анжы жана пассивдүү позицияны карманып турганы түшүнүксүз. Мындай нерсе мамлекет башчысына абийир алып келбейт.
Анткен менен парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов уран маселеси чыккан учурда президент чет элдик иш-сапарларда болгонун айтып, өлкөгө кайтып келери менен пикирин айтат деген ишенимин билдирди:
- Бул уран иштетүү маселеси боюнча президент өз пикирин билдирсе керек. Анткени бул көйгөйлүү жана коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе. Ал киши буга чейин Европада, азыр Кытайда иш сапарда жүрөт. Ал жактан келген соң ачык-айкын пикирин айтып, анан уран казууга 50 жылга чейин тыюу салууну караган биздин мыйзам долбоорду колдоп, ага кол койсо керек деген ойдобуз.
Бийлик эмнеден чочулады?
25-апрелдеги Балыкчыдагы жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ал уран кенин иштетүүгө тыюу салынып, лицензия кайтарылып алынганын айткан.
Бирок кен иштеткен компания лицензия жокко чыгарылбаганын, иш убактылуу гана токтотулганын жарыялаган.
Бул иш эл аралык сотко чейин жетерин айткан саясатчы Равшанбек Жээнбеков митингде ага кайсы бир күчтөр бул тууралуу пикирин айтууга тоскоолдук жасаганын айтты:
- Өкмөт бул маселени чечтик десе, ага ишенбешибиз керек. Анткени мындан кийинки маселенин бардыгы өкмөттө эмес, сотто, болгондо да эл аралык сотто гана чечилиши мүмкүн. Кен казган компания жөн эле кетип калбайт. Алар эл аралык сотко берет. Коомчулук бүгүн ошол чындыкты да билүүгө тийиш. Мына ушуну митингде айтайын десем, кайсы бир жигиттер колумдан микрофонду тартып алып, пикиримди ачык айтууга жол беришкен жок. Негизи бул жерде биз дагы уюштуруучубуз. Уюштуруучулар көп. Бирок тигил жигиттер келип, кимдер сүйлөй турганын көзөмөлдөгөнгө аракет кылышты.
Нааразылык акциясы бийликке карата бир нече талаптарды ичине камтыган резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Анда уран казууга тыюу салынганы боюнча кепилдик берген өкмөттүн токтомун иштеп чыгуу жагы талап кылынды.
Уранды жашыруун казган учурларды териштирип, тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартуу демилгеси көтөрүлдү. Кыргызстанда уран казуу аракеттери азыркы учурда дүйнөдө урандын баасы кымбаттаган учурга туура келди.