30-августтагы отурумдун башында депутат Аида Салянова жана анын адвокаттары "эмгекке жарамсыздык справкасын" көрсөтүп, сот отурумун башка күнгө которууну кайрадан суранышты. Салянова судьяга сыркоолоп жаткан эки жашар наристесинин жанында болушу керектигин түшүндүрдү.
Бирок прокурор Нурлан Тагаев айыпкердин "эмгекке жарамсыздык справкасы" жетишсиз, кызынын ооруп жатканын бышыктаган кагаз жоктугун жүйө келтирип өтүнүчкө каршы чыкты:
- Бул өтүнүчтү четке кагууну өтүнөм. “Эмгекке жарамсыздык баракчасы” депутат Аида Саляновага эле берилген. Балдар ооруканасына кайрылган учурда диагнозу мындай деп дароо справка берилет. Андыктан сотту жылдырууга негиз жок.
Салянованын иши: аткарылбаган өтүнүч
Судья Кубанычбек Касымбеков депутаттын өтүнүчүн канааттандырган жок. Салянова судьянын мындай чечими мыйзамсыз болгонун айтып, сотту создуктуруу аракетин көрүп жатат деген айыптоолорду четке какты:
- Кенедей баланын ооруп жатканын түшүнбөгөндөн кийин мыйзам, адамдык сапат дегендер такыр болбойт. Мен бүгүн келүүгө аргасыз болдум. Себеби, мажбурлап алып келүү чечимин чыгарып алды. Менин депутаттык кол тийбестигим бар. Бул чечимди мага карата чыгара албайт. Мен тирешүүгө баргым келбеди. Анын үстүнө өткөндөгү Текебаевдикиндей болуп, ишти айыпталуучу жок эле карап коюшу мүмкүн. Ишеним жок.
Ал ортодо айыпталып жаткан депутаттын эки жашар кызынын сыркоолоп жатат дегенине карабай соту уланып жатканы социалдык тармактарда талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, юрист Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, сот айыпкердин статусуна карабай мажбурлап алып келүү чечимин чыгаруу укугуна ээ. Ал эми Салянованын жагдайында судья келтирилген жүйөнү тыкыр териштириши керек эле дейт:
- Жүйөлүү себеп болсо, сот аны сөзсүз түрдө карап чыгышы керек. Ал эми ар кайсы шылтоо менен сотту создуктургусу келсе, баш коргоо чарасын өзгөртүп салышы дагы мүмкүн. Сотто мындай укуктар бар. Бирок ар бир келтирилген жүйө каралып чыгышы керек. Кызы чындап ооруп жатса, аны бышыктаган кагаз болсо бул жүйөлүү себеп.
Сот отурумунда прокуратура өкүлдөрү жана сот менен депутаттын жактоочулары, тарапташтары ортосунда кайым айтышуулар көп орун алды. Жалпы жолунан судья Кубанычбек Касымбековго Салянованын жактоочулары үч жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Прокурорлор муну сотту создуктуруу аракети катары баалап, судья депутаттын жактоочуларынын өтүнүчтөрүн канааттандырбады.
Ошондой эле судья Кубанычбек Касымбеков материалдарды изилдөөдө айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү мурда каралган деп толук окуган жок. Буга айыптоочу тарап катуу каршы чыгып, айрым негизги делген күбөлөрдүн тергөө менен соттогу көрсөтмөлөрүндө айырма бар экенин айтып жатышты.
- Мен силер айтып жаткандардын барын мурда жарыялагам. Азыр деле эстейм, – деген судья Кубанычбек Касымбеков айрым күбөлөрдүн көрсөтмөсүн үстүртөдөн гана окуп кетти.
Ошентип Аида Салянованын сот ишиндеги жети томдук материалдарды изилдөө баскычы соңуна чыгып калды. Андан кийин тараптардын жарыш сөзү болуп, өкүм чыгат. Кийинки отурум 4-сентябрга белгиленди.
Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.
Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет.