Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Bloomberg: Путин убактылуу жарашуу маалында Украинага курал-жарак бербөөнү талап кылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын президенти Владимир Путин 30 күндүк жарашуу маалында Украинага курал-жарак бербөөнү талап кылды. Бул тууралуу европалык жогорку даражалуу өкүлгө жана Москвадагы үч кишиге шилтеме менен Bloomberg жазды.

Өткөн жумада Украина Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө АКШнын ок атууну убактылуу токтотуу сунушуна көнгөн.

Путин бул демилгени биротоло четке каккан жок, бирок Москванын "бир катар жагдайлары" бар экенин белгилеген.

Кийин Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стивен Уиткофф Москвага барып орус жетекчилигин долбоор менен тааныштырган. Дипломат Вашингтон менен Москванын позициялары “жакындашып жатат”, Путин Украинадагы ок атышууну токтотуу зарылдыгы боюнча Трамптын “философиясын кабыл алат” деген таасирде калганын айткан.

Bloomberg жазганына караганда, орус президенти Уиткофф менен кездешүүдө ок атууну убактылуу токтотуу келишимине кол коюу үчүн Украинага курал-жарак берилбейт деген милдеттүү шарт койгон.

Агенттиктин европалык булагы Европа Орусиянын курал-жарак менен камсыздоону токтотуу талабына Европанын көнөрүнөн күмөн санаганын айтты. Анын айтымында, Орусия жарашуу маалында куралданып, Киев андай мүмкүнчүлүктөн ажырап калат деген кооптонуу бар.

Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү алдында Украинадагы согушка чекит коюу келишиминин көп элементтери макулдашылганын айткан.

Президенттердин телефон сүйлөшүүсү 18-мартка пландалганы кабарланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG