Эл аралык басма сөз институту (IPI) «Эркин Европа/Азаттык» радиосун жана жабылуу коркунучуна кабылган америкалык башка маалымат каражаттарын коргогон билдирүү жасады.
14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттиги (USAGM) да бар.
Көп узабай «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Конгресс жактырган каражат берилбейт деген чечимбелгилүү болгон.
IPI Трамп администрациясынын чечимин катуу айыптады. Билдирүүдө айтылгандай, кеминде үч уюм - «Эркин Европа/Азаттык», “Америка абазы” жана “Эркин Азия” радиолору авторитардык режимдер өкүм сүргөн өлкөлөрдө абдан маанилүү маалымат булагына айланган. Мурда СССРде ойногон ролун азыр Иран, Кытай жана Түндүк Кореяда аткарышууда.
“Эркин Азия” радиосунун президенти Бэй Фань Трамптын чечимин “диктаторлор менен зулумдарга сыйлык” деп атады. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус ишембиде кечинде билдиргендей, "Гранттык келишимди токтотуу - Американын душмандарына чоң белек болмок".
IPI америкалык өкмөттөн чечимди өзгөртүүнү жана медианын, кызматкерлердин ишин коргоону талап кылды.
Дүйшөмбүдө Еврошаркет “Азаттык” радиосун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Маселени Чехиянын башкы дипломаты Ян Липавский Брюсселдеги жыйында козгоду. «Азаттыктын» радиосунун баш кеңсеси Прагада орун алган.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), Улуттук пресс-клуб, «Чек арасыз кабарчылар» «Азаттык» жана «Америка добушу» радиолорунун коргогон билдирүүлөрдү жасады.
Шерине