Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Казакстанда атомдук энергия боюнча агенттик түзүлдү


Атомдук станция. Иллюстрация
Атомдук станция. Иллюстрация

Казакстанда атомдук энергия боюнча агенттик түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президент Касым-Жомарт Токаев кол койду. Акордонун маалыматына ылайык, жаңы агенттик уран казуу, ядролук энергияны колдонуу, радиациялык коопсуздук, Семей зонасындагы коопсуздук маселелери менен алектенет.

14-мартта Токаев жаңы мекеме түзүлөрүн айтканда өлкөдө үч атомдук станция куруу зарылдыгын кошумчалаган. Президент «экономикалык өнүгүүнүн пайдубалын камсыздаган жаңы энергетикалык тармак түзүү маанилүү" деп белгилеген.

Февралда казак бийлиги алгачкы станция курула турган жерди тактаган. Ал үчүн Алматы облусунун Жамбыл районунун Балхаш көлүнө жакын аянт тандалган.

АЭС куруу маселеси элдик референдумга алынып чыккан. «Азаттыктын» казак редакциясы байкоочуларга таянып, добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөнүн жазган.

Бир топ экологдор атомдук станция Балхашка терс таасир тийгизерин айтып, аны тургузууга каршы болууда. Мындан тышкары АЭСти Орусия курары да камтама жаратууда.

Ага чейин казак бийлиги курулуш эл аралык консорциумга берилерин билдирген. Астана Орусия, Кытай, Франция жана Түштүк Кореянын компанияларынан кайрылуулар түшкөнүн маалымдаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG