Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Салянованын сотуна күбөлөр келген жок


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин кароону улантууда.

Бүгүнкү соттук отурум күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен уланды. Анткен менен негизги күбөлөрдүн бири деп эсептелген мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева баштаган бир катар күбөлөрдүн келбей жатканы айыпталуучу менен адвокаттарды нааразы кылды.

"Салянова мыйзамды сактаганы үчүн соттолууда"

14-июлдагы Аида Салянованын сотуна күбө катары мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов келди. Ал 2010-жылы Елисеевдин адвокаттык лицензиясын саясий чечим менен узартпай коюу кадамы мыйзам бузууга жол ачмактыгын белгиледи.

Шыкмаматов фракциялашы Салянова ошол маалда мыйзамды сактаганы үчүн бүгүн соттолуп жатканын кошумчалады.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Эгер ошол маалда (ред. - 2010-жылы) юстиция министри болсом мен мыйзамды одоно бузмакмын. Мен Бакиевдин бийлигине активдүү каршы чыгып, Максим Бакиевдин аракеттери менен күрөшүп келгем. Ошондуктан мыйзам бузсам да Елисеевдин лицензиясын узартпайт элем. Бирок бул чечимди Елисеев сот аркылуу талашып, кайра эле лицензиясын жандантып алмактыгына көзүм жетип турат. Мисалга алсак, биз Елисеевдин күбөлүгүн, дипломун, нике күбөлүгүн тартып ала албайбыз. Ошол сыяктуу эле ал мыйзамдуу негизде адвокаттык лицензиясын да узартып жаткан. Ал эми Саляновага мыйзамды аткарганы үчүн кылмыш иши козголуп отурат.

Шыкмаматов 2013-жылы Юстиция министрлигин жетектеп турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы кандайча узартылганына кызыкканын айтты.

Шыкмаматов юстиция министринин кызматына келгенде бул ишти карап чыгуу тапшырмасын орун басары Жылдыз Мамбеталиевага тапшырган. Жыйынтыгында Елисеевдин лицензиясынын узартылышынын мыйзамдуулугун караган орун басары ал жерде мыйзам бузулбаганын Шыкмаматовго айткан.

- Ал (ред. - Мамбеталиева) мага Башкы прокуратура менен жазышкан каттарын көрсөттү. Ошол маалдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев бардык материалдар менен таанышып, акырында бардыгы мыйзам чегинде болгонун билип, ошону менен иш токтотулган экен. Ошондон кийин бул маселе мен үчүн актуалдуулугун жоготкон.

Мамбеталиева сотко келүүдөн баш тартты

Анткен менен негизги күбөлөрдүн бири деп сотто көрсөтмө берери күтүлүп жаткан мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева сот жараянына келбей тургандыгы тууралуу өтүнүч кат жазганы маалым болду. Анын өтүнүчүн окуган судья Камчыбек Касымбеков Мамбеталиева буга чейинки сот учурунда ага айыпталуучулар тарабынан коркутуу болгонун түшүндүрүп, мурда берген көрсөтмөсүн ырастай турганын жазган. Ошондой эле ал буга чейинки сот отурумунда айыпталуучу жана соттогу катышуучулар тарабынан коркутуу, басмырлоо болгонун айтып, адвокаттардын басым болгонун өзүнүн катында негиз келтирди.

Жылдыз Мамбеталиева өткөн жылдын соңунда "Азаттык" радиосуна Алексей Елисеевдин лицензиясына байланыштуу депутат Аида Салянова менен пикир келишпестиктери тууралуу мындай маалымат берген.

Жылдыз Мамбеталиева
Жылдыз Мамбеталиева

- Мен күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айткан эмесмин. Аны сот аныкташы керек. Эң негизгиси Елисеевдин лицензиясын жандантуу боюнча Юстиция министрлигинин буйругуна Салянова кол койгон деп айтып атам. Аны өзү да танган жок. Бирок аудио жаздырып алып, ар кандай аракеттери менен өзүнүн кандайдыр бир жоопкерчилигин кол алдында иштеген адамдарга артуу аракетин көрүп жатат. Жетекчи кайсы бир чечимге кол койсо, ошого жооп бериши керек. Ал эми жазып алып, тыңчылык жоруктарды жасаганын тергөөгө басым жасоо катары баалап жатам. Эгерде сот Салянованын жоопкерчилигин аныктаса, аны кол алдындагыларга төңкөөгө умтулуп жатат деген ойдомун.

Мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиевадан башка дагы жыйырмага чукул адам сотко күбө катары келбей тургандыгы боюнча өтүнүч кат калтырып, тергөөдөгү көрсөтмөсүн сотто окуп коюуну суранышкан.

Бирок буга каршы чыккан Аида Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова күбөлөр сотко келүүгө милдеттүү экенин айтып, алардын кат жазып, сотко келбей коюу жолу мыйзамда каралбаганын билдирди.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Аида Салянова күч органдары күбөлөрдөн өздөрүнө ылайык көрсөтмө алган соң, атайылап аларды сотко келтирбөөнүн амалын жасап жатат деп эсептейт.

- Тергөөдө 20 адам күбө катары көрсөтмө берген. Бүгүнкү күндө прокуратура болгону төрт адамды сотко күбө катары алып келди. Калгандары кана? Алардын бардыгы тергөөдө көрсөтмө берип жатышат. Биз аларга өз сурообузду бере албай калабызбы? Бул ачыктан ачык мыйзам бузуу.

Жыйынтыгында сот келбей жаткан күбөлөрдү сотко кайрадан чакырбастан, алардын тергөөдө берген көрсөтмөлөрү менен чектелүүнү чечти. Буга нааразы болгон Салянованын адвокаттары сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөнү менен бул чечим да соттун колдоосуна ээ болгон жок.

Мындан аркы сот отурумуна айыпталуучунун күбөлөрү келип көрсөтмө бериши күтүлүп жатат.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG