Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришинин жагымдуу жаңылыгы Казакстан менен Орусияда иштеп жүргөн мекендештерге жеңилдиктердин берилиши болуп калат шекилдүү.
Орусияда 194 миң кыргызстандык мыйзамсыз иштегени аныкталып, "кара тизмеге" кошулуп калчу “тобокелчилер тобунда” турушат. Эки тараптуу макулдашууга ылайык июль айынын башынан тарта кыргызстандык 49 миң мигрантты "кара тизмеден" чыгаруу жараяны башталган.
"Кара тизме" жоюлбайт, мөөнөтү кыскарат
Биримдикке кирген өлкөлөрдө кыргызстандыктарга бир топ артыкчылыктар берилет. Алардын ичинде каттоого туруу, жумушка орношуу, медициналык жардам алуу өңдүү багыттар бар.
Эң негизгилеринин бири – бул “кара тизмени” жеңилдетүү жаатында жетишилген макулдашуу экени талашсыз. “Кара тизме” 2010-жылдан баштап Орусияда каттоого турбаган мигранттарга, эки жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандарга жана документи туура эмес адамдарга деп үч багытта киргизилген.
Белгилүү болгондой, Орусия Кыргызстан жарандары үчүн “кара тизмени” таптакыр жоюп жиберген жок. Мамлекет башчылардын деңгээлинде сүйлөшүүлөр, бир катар тийиштүү кызматтардын талкуусунан улам Федералдык миграция кызматы тизмени жеңилдетүүгө макул болгон.
Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаевдин айтуусунда, 3 жылга чейин "кара тизмеге" кирген 77 миң кыргызстандыктын мөөнөтүн Орусия эки эсе кыскартууда. Бул иш башталып, тыюу салчу тизмеден азырынча 5 миң жаран чыгарылды, Асанбаев алардын саны 49 миңге жетерин кошумчалады.
- 1,5 жылга кыскартуунун негизинде 49540 жаран “кара тизмеден” чыга турган болду. Ошонун ичинен 5 миңден ашык жаран тизмеден чыкты. Калгандары кезеги келгенде акырындап чыгып жатат. Жума сайын тизме жаңыланып, чыккандардын саны көбөйүп жатат.
Алмаз Асанбаев белгилегендей, бир жарым жыл ичинде “кара тизмеден” чыккандардын саны 80 миңге жетиши керек. Ал эми Орусияда мыйзамды одоно бузуп 5-10 жылга “кара тизмеге” киргендерге эч кандай жеңилдик каралган жок. Андайлардын саны 5 миңге чукул.
Мындан башка Орусиянын өзүндө 194 миң кыргызстандык “күмөн санаган топто” калууда. Алардын көпчүлүгү “кара тизмеге” кирип калгандан чочулап, ушу күнгө чейин Орусиянын аймагынан чыкпай келатышат. Ушул жылдын 19-июнунда президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүндө Орусияда мыйзамсыз жүргөн жарандарга мунапыс берүү макулдашылган. Натыйжада 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып кайра кирсе, алардын миграциялык тарыхы жаңыланмакчы.
Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин кеңешчиси Гүлнур Нарматова билдиргендей, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында “күмөн санаган топтон” 35 миң кыргызстандык Орусиянын аймагынан чыгып кайра киргенге жетишти.
- Орусияда жүргөн биздин жарандарды легалдаштыруу максатында кеңири жумуш жүрүп жатат. Азыркы мезгилде Орусиядан 35 250 адам чыгып, 38 387 кайра кирди. ЕАЭБге киргенден кийин биздин жарандарыбыз мыйзамдуу иштесин дегендин аракетинде, маалымат жеткирүү иштерин токтотпойбуз.
Жол кире арзандабаса, алар келбейт
Кыргызстандыктар Орусиянын чар тарабында мигрант болуп иштеп жүргөнүнө байланыштуу ЕАЭБдин нормаларын бардыгына жеткирүү мүмкүн эместигин “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Майрамбек Жапанов айтат. Жалпысынан Орусиянын 64 шаарында, анын ичинде алыскы Сибирдеги кыргызстандыктар 1-ноябрга чейин Орусиядан чыгып кайра кирүүгө жетишүүсү кыйын. Жапановдун айтуусунда, ортодо жол акысынын көбөйүп кетиши көпчүлүк мигранттардын Кыргызстанга келип-кетүү оюнан айнытат.
- Биздикилердин көпчүлүгү билбей деле жүрө беришет. Өз иштери менен эле чыгып кирбесе, атайын чыгарыш үчүн өзүнчө шарттар керек. Себеби жол транспорт, самолет - бардыгы кымбаттап кетти. Ошондуктан өтө чоң натыйжа берет дегенден алысмын.
Орусия Федерациясындагы мекендештерге жаңы нормаларды үндөө максатында ТИМ ал жактагы диаспораларды үндөшүүгө чакырууда.
Орусияда Кыргызстандын 550 миң жараны ар кандай тармакта эмгектенип жүрүшөт. Алардын жарымы мыйзамсыз жүргөнүн Федералдык миграция кызматы эсептеп чыккан. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кабарлагандай, өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен дагы 50-60 миң кыргызстандык сыртка иш издеп чыгып кетиши ыктымал.