"Азаттык": Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында турат. Орусия биримдиктеги негизги өлкөлөрдүн бири. Биздин бул уюмга кошулуубуздун негизги максаттарынын бири ал жактагы эмгек мигранттарынын ал-абалын жеңилдетүү болгон. Биздин киришибиз менен мигранттар үчүн эмне өзгөрөт?
Жунусов: Азыр ЕАЭБга кирүүбүз жөнүндөгү келишимди төрт өлкөнүн парламенттери ратификациялады. Эми алардын президенттери кол койгондон кийин келишим ЕАЭБнын комиссиясына түшөт. Ошондон тарта биримдикке толук кандуу мүчө болдук деп эсептеле баштайт.
Биздин эмгек мигранттарга Орусия менен Казакстандын ичинде жаңы жеңилдиктер, мүмкүнчүлүктөр каралат.
Орусия жөнүндө айта кетейин, мурдагыдай эмгек патенти жок болот. Мурда жети күндө каттоого туруу керек болсо, эми ал отуз күнгө узартылды. Бул убакыт ичинде жарандар батир, жумуш издей алышат. Дагы башка социалдык формалары Орусиянын жарандарыныкына тең болот.
"Азаттык": "Кара тизме" кыскарары кабарланган болчу. Ал качан ишке ашат?
Жунусов: 19-июнда Санкт-Петербургда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Миграциялык кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен шашпай отуруп алып сүйлөштү. Биз да катышып, бир схемаларды издеп таптык.
Азыр Орусияга кирүүгө тыюу салынган үч топ бар. Үч, беш жана он жылга Орусияга кире албагандар. Беш-он жылдык топтогулар үчүн жол ачылган жок. 3 миңге жакын адам экен. Булардын көбү криминалдуу чөйрөнүн адамдары же кылмыш кылгандар. Орусия аларды киргизүүнү каалабай турат.
3 жылдык топто 50 миңге жакын адам бар экен. "Аларга жол ачабыз" деди. Биз толук тизмесин сурадык, элге түшүндүрөлү дедик. Аларда персоналдык маалыматты коргоо боюнча мыйзам бар экен, бул боюнча маалыматты бере албай турганын айтышты. Ошондуктан элге механизмдерин айталы деп жатабыз.
ФМСтин сайты бар, ошол жерде маалымат сервистери деген ички баракчасы бар. Ал жерден Орусияга кирүүгө тыюу салынганды текшерүү деген жерин ачып, аты-жөнүн, паспорт номерин, качан кирип, качан чыкканын жазып, кара тизмеде бар-жогун текшерсе болот.
"Азаттык": Ошол менен аныктаса болот турбайбы?
Жунусов: Ооба, биз эмгек, жаштар жана миграция министри Айбек Азыранкулов менен сүйлөшүп, чечтик. Ал макулдугун берди, райондук миграциянын өкүлчүлүктөрү адистерди даярдап, тренинг өтө баштаптыр. Ал адистер эл келгенде жанына отургузуп алып, компьютерди ачып текшергенге жардам беришет. Мен ойлойм, райондогу миграциялык өкүлчүлүктөр бир-эки жуманын ичинде толук маалымат берет.
Маекти толук угуңуз:
"Азаттык": Биздин эмгек мигранттары негизинен жаштар. Алардын ичинде эч бир кесипке ээ болбогондору бар. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз?
Жунусов: Былтыр биздин элчиликке бир бизнесмен келди эле. Жумушчу керек, айына 2 миң долларга чейин төлөйм, курулушта кореялык техника менен иштейт деп. Бирок колунда бир сертификаты болушу керек деген. Биз сураштырып көрсөк кыргыз мигранттарынын арасында андай кесипте окуган же окуу борборлорун бүткөндөр жок экен. Ошон үчүн кесибиң болсо Орусиядабы же башка жактабы жерде калбайсың. Бирок шүгүр, бири-биринен үйрөнүп, бир ишти бат өздөштүрүп кетишет. Көпчүлүк балдар орус тилин жакшы билишет, биздикилер ошол жагы менен утуп жатышат.