Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Мөөнөтү өткөн томат пасталары кайра кайтарылат


Вагондордун биринен үлгү катары алынган Hondi аттуу томат пасталары, 18-январь, 2011-жыл
Вагондордун биринен үлгү катары алынган Hondi аттуу томат пасталары, 18-январь, 2011-жыл

Бишкектеги “Түндүк” темир жол бажысында “мөөнөтү өтүп кетти” деп кармалып турган миң тоннага жакын томат пасталары Кытайга кайтарылмай болду. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Малдыбаев: Бул 2010-жылы, октябрь айында келген томат пастасы болчу. Ал Кытайдан келген. Ал эми Кыргызстанда кабыл алуучу фирманын аты “Непман”. Бул фирма мөөнөтү өтүп кетип, жараксыз болуп калган томат пастасын Кыргызстанга алып кирүүгө аябай аракет жасады. Акыркы чекитти Бишекек шаарынын мэринин алдында 12 министрликтин өкүлдөрү катышкан мекемелер аралык атайын комиссия койду.

"Азаттык": Демек аталган томат пастасы кайра кайтарылмай болдубу?

Малдыбаев: Кыргызстандын бажы кызматы бир гана шарт койду: бул паста кандай алынып келинсе, так ошондой кайра артка жөнөтүлүшү керек. Бул иштин үстүндө "Түндүк" бажы кызматы иштеп жатат.

"Азаттык": “Непман” ишканасы ошол томат пасталарынын мөөнөтү өтүп кеткендигин билип туруп алып келгенби, же байкабай калганбы? Ушул жагдайды иликтеп көрдүңүздөрбү?

Малдыбаев: Башынан эле бул атайын кара ниеттик менен алынып келинген. Мунун баарын алар Кытайдан дээрлик бекер баага сатып алышкан. Бул азыктардын бардыгын Кыргызстанда кайра иштетебиз деген шылтоо менен, кутусун өзгөртүп, калайда келген томатты айнек банкаларга салып, сыртына бүгүнкү жаңы чыккан этикетканы чаптап, бизге жедирмек.

"Азаттык": Мындай карасантайлык менен жасалган иш-аракет үчүн алар эми жоопко тартылабы?

Малдыбаев: Бул маселе боюнча бажы кызматы административдик укукту бузуу факты боюнча иш козгоп жатат. Ал эми тез аранын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү алып кирүүнү токтотпосо, мындай көрүнүш кайталана берет.

Өзүңүздөр билесиздер, меламин бар ун, жумуртка жана башка сапаты талапка жооп бербеген көптөгөн азыктар илгертеден бери эле Кыргызстанга киргизилип жатат. Мына ошонун баарына чек койгон мыйзамдарды иштетиш керек.

Мөөнөтү өтүп кеткен томат пастасына байланышкан ишти ордунан жылдырууда массалык маалымат каражаттарынын салымы чоң болгонун белгилеп кетким келет. Өзгөчө “Азаттык” үналгысы зор салымын кошту. Биринчи жолу ушундай журналисттик иликтөө жүргүзүлүп, жеке эле бажы кызматынын эмес, ошол томат пастасын алып келген фирманын өкүлчүлүгү жана текшерип көрүп "бул пастаны кайра иштетүүгө болот" деген тыянагын берген фирманын өкүлдөрү менен байланышып, соттун чыгарган чечимдери жалпы журтка айтылды. Өзүмө эле жарандардан жүздөгөн кайрылуулар болду. Алардан сурасак, “биз “Азаттыктан” уктук, мөөнөтү өтүп кеткен томат пасталарды сатып жаткан турбайбызбы, бул эмне деген шумдук” деп айтышты. “Бир чети ачуу чындыкты айтып туура кылдыңар, бирок соодабыз такыр өтпөй калды” деп кейишти.

XS
SM
MD
LG