Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Зеленский НАТО Украинанын аймагын коргосо гана согушту токтотууга болорун айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский “согуштун активдүү фазасын” токтотуу үчүн НАТО Украина көзөмөлдөп турган аймактарын коргоого алышы керек экенин билдирди. Ал бул тууралуу британиялык Sky News телеканалына курган маегинде айтты.

“Эгерде биз согуштун активдүү фазасын токтоткубуз келсе, Украинанын азыр биз көзөмөлдөп турган аймактарын НАТО өз коргоосуна алышы керек”, - деди президент.

Зеленский андан кийин Орусия оккупация кылган аймактарын Украина дипломатиялык жол менен кайтарып алса болорун кошумчалады.

Украинанын президенти АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен түз сүйлөшөрүн жана анын колдоосуна ишенерин билдирди.

26-ноябрда Брюсселде НАТО–Украина кеңешинин (NUC) биргелешкен жыйыны өтүп, анда Орусия өткөн аптада Украинанын аймагына өтө катуу ылдамдыкта орто аралыкка атылуучу ракета менен атканы тууралуу маселе каралган. Украинанын жана альянска мүчө 32 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен мындай жыйын өткөрүү демилгесин украин тарап көтөргөн.

NUC Украинанын НАТОго мүчө болуу аракетин колдоо максатында уюмдун былтыр Вильнюста өткөн саммитинде түзүлгөн. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG