Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Тбилисидеги нааразылык акциясында 100дөн ашык адам кармалды


 Тбилиси. 29-ноябрь, 2024-жыл.
Тбилиси. 29-ноябрь, 2024-жыл.

Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.

"Эхо Кавказ" сайты акция түнү менен уланып, айрым митингчилер полиция тарапка фейерверк атып, парламент имаратындагы “Грузин кыялы” партиясынын кеңсесине чейин кирип барганын жазды.

Полиция нааразычылык акциясына чыккандарды парламент имаратынын жанынан сүрүп чыкты. Митингчилер электрчыгырык, таштанды челектерди тосмо катары пайдаланып, от жагышты. Таңга маал кармоолор башталды. Mtavari телеканалы күч кызматкерлери жерде жаткан жаш жигитти башка тээп жаткан видеону жарыялады.

ИИМ кармалгандарга “майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө” беренелери менен протокол толтурулганын билдирди. Нааразылык акциясында 10 полиция кызматкери жабыркаган. Митингчилердин арасында канча киши жаракат алганы айтылган жок.

Өткөн түндөгү митингде Тбилисиде 43 адам кармалып, 33ү ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн. Алардын 13ү митингчилер, 16сы полиция кызматкери жана төртөө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон.

28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин толкундоолор башталган.

Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.

Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.

Президент Зурабишвили жана оппозиция бир ай мурун болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG