Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Махачкаланын аэропорту дрон чабуулунан кийин ишин жандантты


Махачкаладагы аэропорт.
Махачкаладагы аэропорт.

Дрон чабуулдарынан кийин убактылуу иштебей турган Орусиянын курамындагы Дагестан республикасындагы Махачкала аэропорту кайра иштеп баштады. Бул тууралуу "Интерфакска" аэропорттун жетекчиси Саид Рамазанов кабарлаганын “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Буга чейин республика башчысы Сергей Маликов ишембиде Каспийск шаарына “кезектеги ийгиликсиз” дрон чабуулу жасалды деп билдирген. Жабыркагандар, талкаланган имараттар жөнүндө маалымат айтылган жок. Махачкаланын четиндеги Каспийскиде аэропорт жайгашкан.

6-ноябрда Дагестан республикасы орус бийлиги Украинага каршы согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери алгачкы жолу учкучсуз учак чабуулуна кабылган. Анда 16 жаштагы кыз жаракат алганы кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ишемби эртең менен Белгород облусу жана Москва аннексиялап алган Крымга Украинанын учкучсуз аппараттарынан чабуул жасалганын билдирди. 11 дрон атып түшүрүлгөнү айтылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG