Товардын ээси “Непман” коому пасталардын жарактуулугун текшерүү талабы менен сотко да кайрылган. Кыргызстанда буга чейин да Кытайдан келген азык-түлүктөрдүн сапатына байланыштуу чатак окуялар чыгып келген.
Томат пасталарынын мөөнөтү өтүп кеткен
Бишкектеги “Түндүк” темир жол бажы бекетинде 2010-жылдын 20-октябрында томат пасталары жүктөлгөн 7 вагон кармалган. Муну бажы кызматтары Кытайдан келген товарлардын мөөнөтү өтүп кеткендиги менен түшүндүргөн. Ага удаа ошондой эле товар жүктөлгөн дагы 9 вагон токтотулган. Ар бир вагондогу жүк кеминде эле 30 миң доллар деп бааланып, миң тоннадай томат пастасы жүктөлгөн 16 вагон сатыкка түшүрүлбөй, ошондон бери кармалып турат.
“Түндүк” темир жол бажысынын жетекчи орун басары Сүйүнбек Сасыкуловдун айтымында, томаттын мөөнөтү 2009-жылдын май айында эле өтүп кеткен экен.
Оболу пасталардын үлгүлөрү Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментине текшерүүгө жөнөтүлгөн. Департамент азык-түлүктүн мөөнөтү өткөндөн кийин керектөөгө болбой тургандыгын билдирип, "текшерүүнүн кажети жок" деген жообун айткан.
Анткен менен товардын ээси “Непман” жоопкерчилиги чектелген коому Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылып, товарды экспертизадан өткөрүү чечимине жетишкен. “Азыр ал экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз” деди Сасыкулов:
- Октябрдан бери үч ай болуп калды, биз кармап турабыз. Биз ойлойбуз, санэпидкөзөмөл туура бүтүм чыгарып берет. Мына бардыгыбыздын бала-чакабыз бар. Элибиздин ден соолугун ойлошубуз керек. Эми тиги Арабстанда, Кытайда, Дубайда мөөнөтү өтүп колдонулбаган нерсесин бизге, Кыргызстанга, жиберип жатышат. Аны жок кылуу үчүн жанагы миң тоннага Кыргызстандын аймагы туура да келбейт. Эгерде санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти туура жыйынтык чыгарып берсе, товарды келген жагына чыгарып жиберсекпи деп, ошол жумуштун үстүндө иштеп жатабыз.
“Непман” коому Кытайдан келе жаткан томат пасталардын мөөнөтү өтүп кеткенин билбей калганын айтууда. Коомдун юристи Санжар Сакиевдин сөзүнө караганда, томат пасталарын Кытайдын азык-түлүктөрүн сатуу менен алек болгон, кеңсеси Бириккен Араб Эмиратында жайгашкан “Фокус” компаниясы жөнөткөн. Келишим Кытайдагы ортомчулар тарабынан жүргүзүлүп, 500 миң долларга тете товар келиши керек болгон. Анда керектөөчү мөөнөтү бүтүп калган томаттар туурасында сөз болгон эмес.
Эгер Санэпидкөзөмөл департаменти “мөөнөтү өтүп кеткен томаттарды кайра иштетүү аркылуу колдонууга болот” деген чечим чыгарса, ишкана атайын комиссиянын көзөмөлү алдында пасталарды кайра иштетүүгө даяр,-деди Сакиев:
- Биз мамлекеттен товарды сатууга уруксат берүүнү суранган жокпуз. Анткени мындай товардын, ушундай кейпи менен сатууга болборун туура түшүнүп турабыз. Андан кандай таасир болоорун биз да билбейбиз. Санэпидкөзөмөл "бул пасталарды кайрадан иштетүүгө мүмкүн" деген жыйынтык чыгарса, анда бул багытта аракет кылабыз. Эгер "бул товарды колдонууга болбойт" деген тыянак берсе, анда биз чечимге баш ийебиз.
Мынчалык көп товарды Кыргызстанга өткөрүүгө кызыкдар болгон жергиликтүү таасирдүү адамдар бар деген кеп коомчулукта кеңири тарап келатат. “Непмандын” юристи Санжар Сакиев мындай кептерди четке кагууда.
Талапка жооп бербеген азык-түлүктөр өлкөгө киргизилбейт
Ал эми товардын жарактуулугун текшерип жаткан Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык департаментке кайрылганыбызда, "изилдөөнүн жыйынтыгы чыга элек" деген кабар алдык. Департаменттин директорунун орун басары Людмила Давыдова экспертизанын тыянагы жакынкы күндөрдө белгилүү болорун билдирди:
- Бизде экспертиза азырынча бүтө элек. Бүткөндө биз кандайдыр бир түшүндүрмө бере алабыз. Экспертиза жыйынтыкталып калды. Бирок толук аяктай элек.
Кыргызстанга Кытайдан келген азык-түлүктөрдүн сапаты жана мөөнөтү боюнча буга чейин да бир катар чатактар катталган. 2008-жылы сүт азыктарында жана жумурткада уулуу меламин заты табылды деп, Кытайдан келе турган сүт жана жумурткага тыюу салынган.
Ошол эле жылы өкмөт Кытайдан сатылып келген 116 тонна унду текшере келгенде курамынан уулуу меламин жана кабык курттар чыкканы айтылган.
Өкмөт аппаратынын бөлүм жетекчиси Абдиманнап Муратов билдиргендей, Кыргызстанга алынып келе турган азык-түлүктөрдүн адамдын ден соолугуна терс таасир бере турганы аныкталса, өлкөгө киргизилбеши керек:
- Ал жерде стандарттар бар да. Стандартка туура келсе өтөт, туура келбесе өтпөйт. Эгер кичинекей зыяны болсо эле эч качан өтпөйт. Ошонун бардыгын көзөмөл кыла турган тийиштүү органдар бар. Ал жерде атайын отурган санэпидстанция бар, Саламаттыкты сактоо министрлиги бар.
Ошентип миң тоннага тете, кымбат акчага сатылып келген товардын тегерегинде араздашуулар уланууда. Бул окуя эмне менен аяктарын азырынча эч ким божомолдой да албайт.