АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотконун Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирди. Анын айтымында, Вашингтон менен Евробиримдик бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон чечимине өкүнүүдө.
“"Грузин кыялынын" антидемократиялык аракеттери АКШ менен Грузиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн пайдубалын түзгөн принциптерди бузду. Ал принциптер демократияны, мыйзам үстөмдүгүн, жарандык коомду, адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери өңдүү орток баалуулуктарга негизделген. Натыйжада Кошмо Штаттар бул механизмди токтото турууну чечти”, - деди Миллер.
Мамдепартаменттин өкүлү “Грузин кыялынын” аракеттерин демократияга каршы деп атады. Миллер ошондой эле бийликтеги партия АКШ менен Грузиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча негизги принциптерди бузду деп белгиледи.
Ал грузин өкмөтүн евроатлантикалык жолго кайтууга үндөп, парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды ачык иликтөөгө, адамдардын пикир айтуу жана чогулуу укуктарын чектеген демократияга каршы мыйзамдарды жокко чыгарууга чакырды.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 30-ноябрда “парламент мыйзамдуу шайланып келгенге чейин” өз ордунда кала турганын билдирди.
“Легитимдүү парламент жок, ал эми мыйзамсыз келген парламент президентти шайлай албайт”, - деди Зурабишвили. Ал президенттин мандаты “мыйзамдуу шайланып келген парламент жаңы адамды тандаганга чейин уланарын” кошумчалады.
- 28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин толкундоолор башталган.
- Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалдардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
- Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
- Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.
- Президент Зурабишвили жана оппозиция бир ай мурун болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.
Шерине