Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Кыргызстан эки кадам алга жылды


Дүйнөлүк банк ишкерлик үчүн тиги же бул өлкөдө түзүлгөн шарт-жагдай боюнча Doing Business рейтингинин жаңы чыгарылышын жарыялады.

Ага ылайык, Кыргызстан быйыл 68-орунду алып, былтыркыдан эки тепкичке алдыга жылды. Бирок жергиликтүү талдоочулар муну анчалык деле чоң жылыш катары баалашкан жок.

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын Doing Business рейтингинде Кыргызстан быйыл кайсы тармактар боюнча алга жылганын “Азаттыкка” баяндаманы изилдеп чыккан экономист Азамат Акелеев айтып берди.

- Изилдөө 13 пункт боюнча жүргүзүлгөн. Алардын ичинен Кыргызстан инвесторлорду коргоодо жакшы орунда экен. Былтыркыга салыштырганда бизнести каттоо, сырткы соода жана банкроттук боюнча мыйзамдарды ишке ашырууда анча-мынча жылыштар болгон. Банкроттук боюнча 23 орунга жылып, ошонун негизинде баш-аягы жалпы жыйынтык боюнча 2 орунга жакшы болуп жатат.

Бирок Кыргызстан мурдагыдай эле ишкерлердин электр кубатына жетүүсү жагынан эң арткы орунда. Ошондой эле курулушка макулдук алуу, салыктын суммасы, социалдык төлөмдөр боюнча да көрсөткүчтөрү начар.

Дүйнөлүк рейтингде эки орунга жылууну талдоочулар өтө жакшы деп баалашпайт.

Doin Business - 2014 рейтингинин жыйынтыктары Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгүнөн алынды
Doin Business - 2014 рейтингинин жыйынтыктары Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгүнөн алынды
Изилдөөнүн авторлору курамына Кыргызстан кирген Борбор Азия жана Европаны ишкерликти тескөө боюнча алдыңкы нормаларды киргизүү жагынан мыкты жөрөлгөнү көргөзгөн чөлкөм иретинде сыпатташкан. Баяндамада белгиленгендей, өткөн жыл ичи чөлкөмдүн 19 өлкөсү ишкерликти тескөөнү жакшыртуу багытында кеминде 65 реформа жүргүзгөн. Өзү 2009-жылдан бери Европа менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин 92 пайызында ишканаларды каттоо процедурасы жеңилдетилген.

Экономист Азамат Акелеев Кыргызстандын көрсөткүчү башка өлкөлөр менен салыштырганда гана мааниге ээ болот дейт.

- Эгер биз Бажы биримдигине кире турган болсок, инвесторлордун алдында ал уюмга мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу мааниге ээ болобуз. Мисалы, Казакстан 50 орунда болуп, бизден 18 баскычка өйдө турат. Биз “авторитардык” деп атаган Беларус 63-орунда. Орусия 93-орунда болгон менен былтыркыга салыштырмалуу быйыл 20 баскычка көтөрүлгөн.

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип ишкердик чөйрөсүндө изилдөөнү өздөрү жүргүзөт. Бирок мамлекеттин пикирин дагы эске алат. Каржы министрлиги, Экономика министрлиги, Салык кызматы жана башка органдардан маалымат алышат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин инвестициялар боюнча башкармалыгынын башкы адиси Нурадил Байдулетов айтып берди.

- Экономика министрлигинен жүргүзүлүп жаткан иштер, жаңылануу, реформалар тууралуу сурашат. Биз кайсы иш, реформа кайсы этапка келип калганын жазып беребиз. Бул багытта министрлик соңку жылдары ар кандай реформаларды жасаганга аракет кылып жатат.

Бизнести ачуу жагынан ишкерлердин өздөрү эмнени сезип жатышат? Бишкекте тигүү цехин жаңы эле ачып, иштетип баштаган бизнесмен менен маектештик. Нургазы Кадыров азыр мамлекет менен ишкер бири-биринен окчун иш алып барат дейт. Андыктан каражатың болсо системадан өтө көз каранды болбой иштеп кетүүгө болорун кошумчалады.

- Негизинен имарат алууда, мекемең үчүн жер табууда кыйналасың. Бирок мурдагыга салыштырмалуу бул жылы ишимди оңой баштадым. Балким тажрыйбалуулуктан болгондур, азыр тигүү машиналары дагы арзандаган. Мен жаңы эле баштадым. Салыкты бир тигүүчү үчүн 120 сомдон төлөп жатышат. Кыскасын айтканда, негизги маселе - имарат.

Кыргызстан былтыртан бери бизнеске уруксат берүү, салык төлөө сыяктуу системаларды жөнөкөйлөштүрүүгө аракет кылууда. “Рейтингдин жыйынтыгына ал да таасир эткен чыгар” дешет адистер. Бирок ошол эле учурда четтен инвесторлорду тартып, бизнес чөйрөсүн жакшыртуу жагынан башка мамлекеттер тездик менен алдыга жылууда.

XS
SM
MD
LG