Дарыгерлер бейтапты бир ай дарылагандан кийин ушундай тыянакка келди. Аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жоокердин сабалганынан кабардар эмес болуп чыкты.
Окуя мындан бир ай мурун 2-октябрда болгон. Аскерде кызмат өтөгөнү жарым жылга чамалаган Азирет Сатимамат уулун андан мурда келип кызмат өтөп жаткан жоокерлер токмоктошкон. Азирет атын атаган жана атагысы келбеген жоокерлер менен азырынча байланышуу мүмкүн боло элек. Окуя күзөттө турган учурда болуп, кулак түпкө, көзгө муш жегенин, катуу буюм менен ургандай элес калганын Азирет өзү “Азаттыкка” айтып берди:
- Көзүмө эмне менен урганын билбей калдым, бирок бир топ убакытка чейин оң көзүмөн жаш токтобой турду. Ага чейин мени бирөө ичке катуу ургандыктан өзөрүп турган элем. Көзгө чапкан Жаныбеков деген бала болчу...
Дароо чара көргөндө, көз сакталып калмак
Аскерге мурда чакырылган жоокерлердин басымына кабылган Азирет Сатимамат уулу өзүнүн жабыркагандыгы тууралуу аскер бөлүгүнүн жетекчилигине айта алган эмес. Догдурга болсо ошол эле аскерлер Азиреттин абалы оорлошуп кеткенде алып барышкан. Өзгөндөгү оорукана адегенде жигиттин ден-соолугу калыбында деген бүтүм чыгарып, эки жума өткөндөн кийин 20-октябрда кайра барганда гана борбордогу улуттук госпиталга жөнөтүлгөн. Эми дарыгерлер эртерээк кайрылганда көзүн сактап калуу мүмкүн болмок эле деп жатышат.
Азирет Сатимамат уулун караган Улуттук госпиталдагы дарыгер Александр Ивановдун билдирүүсүндө, жаш жоокердин оң көзү алгач 10% гана көрө алчу. Учурда дарынын күчү менен көрүүсү 20% жетти. Бирок жоокердин мындан ары көз көрүүсү жакшырат дегенге үмүт аз.
- Дарылоону уланткан кезде деле жабыркаган көзү экинчи көзүндөй эч качан көрбөйт. Бала катуу жаракат алган экен. Азиреттин көзүнүн торчолоруна жана карегине доо кеткен. Бара-бара нерви бир көз менен гана көргөнгө калыптана баштайт. Себеби экинчи көзү өң-түстү ажырата албай, алысты да көрбөй калбадыбы. Ошондуктан эң жакшысы бир көзүн таңып жүргөнү жакшы.
Жетекчилер туура маалымат алган эмес
Жоокердин апасы Суусар Карыбекованын айтуусунда, аскер бөлүктүн жетекчилери баласынын абалын сурап, кызыгып коюшкан эмес. Карыбекова баласын армия жарадар кылганына зээни кейип, Азиретти аскердин калган бөлүгүн өтөөгө жибербөөнү чечти.
Аскер бөлүктүн жетекчилиги болсо жоокердин таяктан жабыркаганын билбейт экен. 30629-аскер бөлүктүн командири Толкун Улановдун айтуусунда, Азирет буга чейин көзүн тепкичтен жыгылып кокустатып алганын айткан:
- Биз билебиз анын көзүн кокустатып алганын. Бирок бизге ал тепкичтен жыгылгам деп эле айтып койгон да. Мен өзүнөн да сураган болчумун. Азирет болсо жыгылганын айтып, көргөн балдар бар деп коюшкан. Эгерде өз маалында айтканда биз прокуратурага өткөрүп, ишти козгомокпуз да.
Кандай болгон күндө да, улуулар тарабынан таякталган жоокерди эки жума өткөндөн кийин гана жетекчилик ооруканага алып барганы суроо туудурууда.
Адистер болсо Коргоо министрлигинин жетекчилиги жемкордукка айыпталып айласын таппай жатат деп, ушул өңдүү көрүнүштөрдүн бардыгы министрлик терең реформага муктаж экенин каңкуулайт деп жатышат.
Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстандын Акыйкатчы институту “Кылым шамы” укук коргоо борбору менен биргеликте аскер бөлүктөрүндөгү адам укугун бузган фактыларга мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча аскер бөлүктөрүндөгү уставдан тышкаркы катаал мамиле күчөп, анын кесепетинен жоокерлер ур-токмокко алынышы, өз жанын кыюуга чейин барганы же армиядан качкан учурлар боюнча абал өзгөрүүсүз бойдон калып жатканын белгилешкен.