Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермекчи.
Эки тарап тең ал жерди ижара акысын төлөбөй 49 жыл пайдалана алат. Шаардык кеңеш бул маселени 30-майда карап, артка кайтарган.
Бишкек мэриясынын токтомунун негизинде 2003-жылы шаардын түштүк тарабынан Кытай элчилигин курууга үч гектар бөлүнүп берилген. Ал 49 жылга ижарага берилип, Кытай тарап ал үчүн жыл сайын 700 миң сомдой ижара акысын төлөп келген.
Ал эми бул өлкөгө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн курууга жер бөлүп берүү маселеси белгисиз себептерден улам чечилбей келген. Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Мирлан Арстанбаев акыркы эки жылдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында расмий Бээжин шаардын борборунан 49 жылга 25 сотых жер тилкесин ижарага бермей болгонун билдирди.
- Бул маселе соңку беш жылдан бери сүйлөшүлүп келаткан. Биз позицияны гана теңдеп коюуну максат кылып жатабыз. Акыркы биздин расмий сүйлөшүү Бишкек шаарында бир жума мурда аяктады. Ошондо акыркы бир текстке келиштик. Ал келишимге ылайык, бизге Кытайдын Бээжин шаарынан, экинчи дипломатиялык шаарчасынан 25 сотых жер бөлүнүп жатат. Биздин мыйзамдарга, Жер кодексине ылайык биз Кытай элчилигине жер бөлүп берүү боюнча жергиликтүү кеңештен сөзсүз түрдө уруксат алышыбыз керек.
Бул маселе 30-майда шаардык кеңеште каралып, "макулдашуунун долбоору чийки" деген жүйө менен артка кайтарылган.
Шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүсүралиевдин айтымында, Кытай тарап өз эсебинен Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин имаратын жана анда иштеген, сырттан барган кыргызстандыктарга 9-10 млн. долларлык конок үйүн куруп берүүгө макул болгон.
- Кытай мамлекети бизге, Бишкекке жылына 700-800 миң сом ижара төлөсө, биз да төлөп жатабыз. Бирок Кытай мамлекетине жылына 10 миң долларлык акча көп деле сезилбейт. Биз үчүн бул чоң акча. Ал жерде 25 сотых жер берилет жана өздөрүнүн эсебинен эки же үч кабаттуу административдик имарат курулат. Ошонун жанына Кыргызстандан делегация барганда жата турган жана элчиликтеги кызматкерлер бекер жата турган 5-6 кабат конок үйүн курабыз деп жатышат.
Натыйжада Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кытайга 3,371 гектар жер бөлүү боюнча маселени кайра карап, аны колдоп беришти.
Элчилик турган үч гектар жер 49 жылга "ижарага" деп берилген. Калган 37 сотых тилкеси 2016-жылдагы жардыруудан кийин тегерегин кошумча тосууга бөлүнүп, ал беш жылга ижарага берилет.
Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Бээжиндеги элчилиги 400 чарчы метрден ашаарын жана ал жашоого гана ылайыкталып, иштөөгө тар экенин билдирди. Бээжин Кыргызстанга бөлүп бермекчи болгон жерде АКШ, Жапония жана Малайзия өлкөлөрүнүн элчиликтери бар.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана саясатчы Равшан Жээнбеков элчиликти башка мамлекетке курдуруу туура эмес деп эсептейт:
- Бул маселе жалпысынан туура деп айтсак болот. Бир эле мамлекеттеги же Бишкектеги жердин көлөмү эмес, эки мамлекеттеги базар баасы канча? Ошого көңүл бөлүшүбүз керек. Бишкектеги жер биз үчүн кымбат көрүнгөнү менен дүйнөлүк масштабда алып караганда Бээжин бөлгөн 25 сотых жерге тең болуп калышы мүмкүн. Ошонун ичине биздин элчиликти да куруп берерин айтса туура эмес. Адатта өзүн өзү сыйлаган мамлекет мындайга макул болбойт. Биз ал мамлекетке барып жатсак, ал өлкө биздин элчиликти куруп берип жатканы мамлекеттин коопсуздугуна, кадыр-баркына туура келбей калат.
Макулдашуунун долбоору президент Сооронбай Жээнбековдун кийинки аптага болжолдонуп жаткан Кытайдагы сапарынын алдында каралууда. Ал эки өлкө лидерлеринин Кытайдагы жолугушуусунда жактырылат деп күтүлүүдө. Ага чейин долбоор Жогорку Кеңештин кароосунан да өтүшү керек.