"The Times of Central Asia" басылмасы Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу макала жарыялады.
Талдоочу Мария Левина 2023-жылга чейин Кыргызстан 320 миллион доллар карызынан кутулушу керектигин, жалпы карыз көлөмү 4,45 миллиард доллардан ашып, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 58 пайызына барабар болгонун баяндайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айткандай, "акыркы беш жылда Кыргызстандын чет элдик карызындагы Кытайдын үлүшү 2 пайыздан 44 пайызга өсүп, 1,7 миллиард долларга жетти. Анын 1,5 миллиардын Кытайдын "Эксимбанкына" төлөшү керек".
"Эксимбанк" Кыргызстандын карызын кечип койбойт, тескерисинче, бардык талаштуу жагдайлар Гонконгдогу соттор менен Кытайдын мыйзамына ылайык чечилет. Парламент мүчөлөрү бул шарттарды өкмөттүн катасы катары баалоодо. Буга чейин Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллардык карызын кечкен. Бирок Кытай бийлигинен да мындай жоомарттыкты күтүү туура эмес. Маселен Тажикстан карызын кайтара албай, көмүр, алтын кендерин иштетүү укугун Кытайга берүүдө. Учурунда Тажикстан Бээжинден 20 жылдык мөөнөт менен карызды олчойто алган Борбор Азиядагы алгачкы өлкө эле. Эки өлкөнүн эксперттери карыздын айынан көз карандысыздыкка көлөкө түшөрүн эскертишүүдө", - деген пикирде Мария Левина.
Путиндин оппоненттери кантип жашайт?
"Forbes" журналы Орусия президенти Владимир Путин куугунтукка алган орусиялыктын жашоосуна сереп салган. Интерполдун издөөсүндөгү орусиялык Георгий Трефилов Путиндин эң башкы душмандарынын 23-сабында турат.
Орусияда кылмыш жообуна тартылган олигархтар чет өлкөдө деле жыргап кеткен жок. Трефилов азыр Лондондо төрт кызы, аялы менен жашаган жеринен эч кайда чыга албайт. Мекенинде ага каршы 19 кылмыш иши ачылган.
"Алар мени өз компаниямдан акча уурдады деп айыпташууда. Өмүрү бир нерсе кымырып алган эмесмин. Мекениме кайтып, булганган атымды тазалап, өз мүлкүмө ээ болгум келет. Бирок бараарым менен мени камашат. Андан ары эмне болоору белгисиз", - дейт Трефилов.
Казакстан Кытайга азгырылбашы керек
Гарвард университетинин окумуштуусу, саясат таануучу Филипп Ле Корре Казакстан ички жана тышкы саясатта Кытайдын "Бир кемер - бир жол" саясатына азгырылбай, Европа менен ымаласын өнүктүрүшү керектигин Жапонияда чыккан "Asia Nikkei Review" басылмасына жазды.
"Хоргостогу дүкөн, ашканалардын дээрлик бардыгын азыр Кытай атуулдары иштетүүдө. Бээжин мунай менен газдын 25 пайызын Казакстандан ташып, экономикалык кызматташтыктын тизгинин өз колуна алды. Борбор Азиянын эң кубаттуу экономикасы болгон Казакстан азыр Орусия, Бээжиндин кош таасири алдында турат. Мындай кырдаалдан чыгыш үчүн Европа Биримдигине ыктоо заман талабы. Себеби азырынча АКШ Казакстандагы таасир талашына катышуусу күмөн. Бээжинге көз каранды болбошу үчүн эми Астана табигый ресурстарын Европа Биримдигинин соодасына арбын чыгарышы керек. Европа комиссиясы 2020-жылга чейин Борбор Азияга болгон каржылык колдоонун суммасын 435 миллион евродон 1,2 миллиард еврого чыгарды. Европа менен тыгыз кызматташтык Казакстандын Кытайга карата саясий, экономикалык көз карандылыгын азайтат", - дейт Филипп Ле Корре.
Окумуштуу Казакстанда учурда кытай тилин окутууга басым жасалып, билим берүү системасында да өзгөрүү болуп жатканын белгилейт.
Ал арада Кытайда чыккан "China Daily" гезити да Казакстандагы кытай тили менен маданиятын окутуу улам жайылып жатканын жазган.
Селфи тартам деп аюуга жем болду
Индиядагы Одиша штатынын такси айдоочусу жапайы аюу менен селфи сүрөткө түшүп жатып, жаныбарга жем болду. Бул тууралуу "Newsweek" журналы маалымдады.
Окуя болгон жерге келген токойчулар аны куткара алышкан эмес. Жергиликтүү бийлик маркумдун жакындарына 450 доллар кенемте төлөп берип, аюуларды кайтарууга алышты.
Индияда Гималайдын кара аюусу, жапайы күрөң аюулар бар. Өлкөдө калктын саны көбөйгөн сайын жырткычтар адамдарга кол салган окуялар да көп катталууда. Одиша штатында буга чейин эки киши жапайы пилдер менен селфи сүрөткө тартылып жатып, каза табышкан эле.