Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Кыргыз-тажик чек арасы чечилди, алака жанданабы?


2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыл жаңырары менен, январь айында Жогорку Кеңешке тиешелүү документтер жөнөтүлөрүн билдирип, макулдашуунун чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берүүнү убада кылды.

Кыргыз бийлиги азырынча делимитация маселелеринин чоо-жайын ачыкка чыгара элек. Деген менен 2024-жыл кыргыз-тажик чек арасынын тагдыры чечилген жыл болуп калды.

Чек аранын чечилиши айрыкча Баткендеги Көк-Таш айыл элинин көксөгөн тилеги болчу. Бул айылды 20 жылдан ашык башкарган Разия Өсөрөва эки тараптуу кагылыш, чыр-чатак чек аранын так жанында жашагандардын көкөйүнө көк таштай тийгенин, өзү бир канча жолу өлүмдөн калган учурлар болгонун айтып берди:

Разия Өсөрова.
Разия Өсөрова.

"2014-жылы Головнойдо (суу бөлүштүрүүчү жай - ред.) атышкан болсок, ошондон тартып тынбай урушуп, атышып, таш ыргытышып келгенбиз. Чек ара өтө кыйын болуп, элди кыйнап жиберди. Эвакуация болуп, Көк-Таштын эли качып, эл арасында "булар жардам алыш үчүн качат" деген сөздөр чыгып, бизди мыскылдаган күндөр дагы болду. Мага үч жолу автомат такаган окуя болду, үч өлүмдөн калдым. Таш менен урганда бутум сынды, балдак менен жүрдүм. Сүйрөп кетишип, тээп салышты... Баарына чыдадым. Мен башкаларды айтпайм, чек аранын чечилгени ушул Көк-Таш элинин бактысы болду. Көкташыктар кача берип, кача берип жадап, тажап дагы бүттүк. Өкмөт алабы же береби, эң башкысы, чек ара чечилсин. Бул маселе чечилсе, элдин жыргалчылыгы, жашоосунун оңолгону. Качанкыга чейин эле биз атышып отура беребиз? Чек ара чечилди дегенди укканда "эх, бизге дагы күн тиет экен го" деп ушундай сүйүндүм".

Баткен районунда Көк-Таштан сырткары Ак-Сай, Көк-Терек, Төрт-Көчө, Таш-Тумшук, Мазеиттин жери, Арык-Асты, Головной сыяктуу чек аранын оор тилкелери бар. Жаңжалдар негизинен ушул аймактарда катталып келген.

Бир жыл бою эки тараптын өкмөттүк делегациялары, анын башчылары маал-маалы менен жабык жолугушууларды өткөрүп жатты жана бийлик өкүлдөрү жакында чек ара маселеси биротоло чечилет деп убада берип келди.

Декабрь айынын башында кыргыз өкмөтү чек араны тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитация жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган.

Жогорку Кеңеште Ташиев учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламенте жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.

"Кудай кааласа, чек ара бүттү. Биз чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. Сыпаттамасы аяктады. Эми картографиянын баарын сызып даярдап жатабыз, Кудай буюрса, январдын ортолорундабы, аягындабы, силерге алып келип калабыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса, чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде, “сен уттуң, мен уттум” деген сөз болбошу керек”, - деген Ташиев.

Мындан көп өтпөй президент Садыр Жапаров дагы чек ара тууралуу үн каткан. "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде эки тарапка тең пайдалуу шартта чечилгенин билдирген. Учурда жабык турган чек ара бекеттери документтердин баары аяктаганда ачыларын айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Албетте, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат. Кудай буюрса, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө, эки президент кол коёбуз. Ошону менен бүтөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт. Башка коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактап бүткөнбүз. Чек ара бекеттери эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу - делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. Үч жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек. Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак, ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет. Эки элдин жашоо турмушу оңолот. Чек ара маселеси бүтпөгөн жерге эч бир инвестор келбейт экен, кызыкпайт да экен", - деген Жапаров.

Расмий Дүйшөмбү коңшу өлкө менен чек араны тактоо иштери аяктаганы тууралуу кандайдыр бир комментарий бере элек. Тажик маалымат каражаттары негизинен бул кабарды кыргыз тарапка эле шилтеме кылып жазышты.

Буга чейин чек ара тактоодо эки тарап кайсыл юридикалык документ менен иштөө керек деген маселеде мунаса таба албай, иш алдыга жылбай келген. Расмий Бишкек сүйлөшүүлөрдө 1955-1959-жылдардагы документти негиз кылса, тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерди сунуш кылып жүргөн.

Былтыр октябрда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №44 протоколго кол коюлган жана тараптар ушл документ бул маселеде маанилүү болот деп макулдашкан. Ал документтин мазмуну тууралуу ачык маалымат берилген эмес.

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов "Азаттыкка" курган маегинде эми мындан аркы иштер бир канча этап менен жүрөрүн айтып берген:

Саламат Алманов.
Саламат Алманов.

"Азыр жалпы эле делегация чогуу иштеп жатса керек. Себеби, акыркы учурда ошондой форматка өттү да. Эреже боюнча делегация өкмөткө баяндама жасайт. Өкмөт эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынганын, биз утулбаганыбызды аныктап, чечим чыгарса, маселе Жогорку Кеңешке жиберилет. Алгач тиешелүү комитеттер карайт. Мен иштеп жүргөндө чечим алты процедурадан өтүш керек болчу. Азыр деле ошол процедуралар сакталышы керек. Парламент комитеттери жактырса, андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Ал жерде талкуу жүрүп, кабыл алынса, мыйзам кабыл алынып, президентке жөнөтүлөт. Президент “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сызыгынын өтүүсү боюнча келишимди” камтылган мыйзамга кол коёт. Ошондо гана келишим ратификацияланды деп саналат жана чек ара маселеси толук чечилди деп эсептелет".

Саламат Аламанов ошол эле маалда элге, коомчулукка чек аранын чечилген жагдайлары түшүндүрүлүшү керектигине токтолду. Чек араны тактоо иштерин саясатташып кеткен учурларды, анын кесепети тийгенин белгиледи.

"Кыргыз-кытай чек арасынан кийинки пайда болгон көрүнүштү мен “Үзөңгү-Кууш синдрому” деп атап коём. Кайсы чек араны тактабасак, бир талуу жерди кармап алып, ошонун тегерегинде “оюндарды” жасашат. Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын, кийин Кемпир-Абаддын тегерегинде “оюндарды” жасашты. Менин оюмча, азыр Ворухтун тегерегинде “оюн” жасалышы мүмкүн. Ошону үчүн биринчи кезекте жергиликтүү элге барып, чек ара кантип, кандай шартта такталганын жакшылап түшүндүрүш керек. “Бул жагы мындай болду, тиги жагы тигиндей болду”, “алар бул жерди, биз бул жерди пайдаланабыз” деген сыяктуу нерселерди ачык айтыш керек. Негизи чек араны чечкенде эң татаал болгон тилкелер эки тарапка тең бирдей ыңгайлуу, пайдалуу болгондой чечилет. Чек ара сызыгын тактоодо эч качан бир эле тарапка пайда келтирчүдөй келишим болбойт. Элге мына ушуну жеткириш керек. Өзүбүздүн утуштарды да, экинчи тараптын пайдасын да айтыш керек. Мен өз тажрыйбамдан көргөм, ачык айтып, ак сүйлөсөң, эл түшүнөт. Айылдарга барып, чоң жолугушууларды уюштуруп жүрдүк да. Картаңды көрсөтүш керек, жагдайды, реалдуулуктарды, баарын айтыш керек. Элге болгонун болгондой айтсаң, кабыл алат. Албетте, эл ичинде бирден-экиден киши каршы чыгып, бузукулук кылган учурлары болот. Бирок кайра эле эл жакшылары, аксакалдар чыгып, аларды ордуна коюп коюшчу".


Баткен районунун мурдагы акими, эксперт Хаиталы Айкыновдун пикиринде, эзелтелен тарых-таржымалы бир элдердин алака-катышы чыңдалышы керек.

Хаиталы Айкынов.
Хаиталы Айкынов.

"Кыргыз-тажик чек арасынын чечилгени - бул чынында тарыхый окуя. Муну эч ким тана албайт. Эки-үч жылдан бери эки мамлекеттин байланышы үзүлүп калган. Аркы тарапта жашаган биздин улутташтарыбыз, айрыкча чек арада жашаган эл кандай болсо дагы чечилсин деп келишкен. Биз чек ара чечилди деген кабарды өтө кубануу менен кабыл алдык. Расмий кабарларда эки тараптын кызыкчылыгы тең каралды деп айтылып жатат. Ал туура эле. Себеби, башкача болушу мүмкүн эмес эле. Айрыкча эл жашаган жерлерде жолдун аркы бети тажик тарапка, берки бети бизге таандык болгон, короолор шахмат түрүндө жайгашып калган жерлер дагы бар. Ошондуктан бир тараптын кызыкчылыгына чечилди же бир тарап утту дегенге болбойт. Биз кааласак дагы, каалабасак дагы, чек аралаш жашаган элдердин экономикалык байланышы болгон. Соода сатыгыбыз, базарыбыз бар. Ошонун баары эми кайра ордуна келсе, эл үчүн эле жакшы болот. Эки эл эзелтен бери кошуна жашайт, дини бир, суу ресурстарын чогуу пайдаланат, нан алышып нан беришип, туз алышып туз беришип жүргөн. Эми мындан ары чек ара ушул жерден деп казык кагылса, эки эл тең аны тааныса, алака-катышыбыз мурдагыдай эле болуп кетет деп үмүттөнөм. Мен ошону тилейм".

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган.

Буга чейин тажик тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы болуп келген. Коңшу өлкө Ворухка коридор сурап жүргөнү белгилүү.

Чек аранын айынан эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирип, анда эки тараптан тең ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG