Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өткөнүн 2-январда билдирди.
Курахово - Украинанын Донецк облусунун батыш бөлүгүндөгү коргонуу чептеринин бири.
Фронттогу кырдаалга көз салган украиналык DeepState долбоорунун маалыматына караганда, орус аскерлери Курахово шаарынын турак жайлар жайгашкан чыгыш бөлүгүн ээледи. Шаардын батыш бөлүгүндө салгылашуулар жүрүп жатат.
Шевченко – Кураховонун түндүк-батышындагы кыштак, ал жакта да орусиялык аскерлердин кыймылы байкалууда.
Башкы штабдын маалыматында орус аскерлери Кураховонун батышындагы Константинополь шаарына жакындаганы жазылган. Великая Новоселка шаарын алууга аракет көрүүдө. Украина үчүн маанилүү логистикалык борбор болгон Покровск шаарына чабуулун улантууда. Покровскинин чыгышындагы Воздвиженка айылында да алдыга жылууда.
Украин президенти Владимир Зеленский 2-январдагы кайрылуусунда фронттогу кырдаал тууралуу айтып жатып, Покровск жана Курахово багыттарында абал оор экенин ырастады. Орусиянын тынымсыз чабуулдарынын мизин кайтарып жаткан украин аскерлерине ыраазычылык билдирди.
Шерине