Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Помпеонун Пхеньянга төртүнчү сапары


Ким Чен Ын жана Майк Помпео. Пхеньян, 7-октябрь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Майк Помпео. Пхеньян, 7-октябрь, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяда өткөн төртүнчү иш сапарын “жемиштүү” деп мүнөздөдү. Ал Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньянда жекшемби күнү жолугушту.

Бул визиттен кийин тараптар АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин экинчи саммитин өткөрүүнү макулдашып жатканы да айтылды. Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылышынын мөөнөтү, шарттары жана бул жараяндын текшерилүү жолу азыр АКШ-Түндүк Корея сүйлөшүүлөрүнүн башкы маселеси болуп турат.

“Associated Press” маалымат агенттиги Пхеньянга барган америкалык делегациянын курамындагы булактарына шилтеме берип жазгандай, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен мамлекеттик катчы Майк Помпеонун бул жолку сүйлөшүүлөрү кеминде үч жарым саатка созулган. Андан кийин алар сый тамак үстүндө да бир жарым сааттай сүйлөшкөн.

Жолугушуудан кийинки сөздөргө караганда, анын жыйынтыгына эки тарап тең канааттангандай. Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалынан мындай деп айтылды:

- Урматтуу жогорку лидерибиз мамлекеттик катчы Майк Помпео менен мыкты жана жемиштүү сүйлөшүүлөргө канааттанды. Анда эки тараптын турумдары толук түшүнүктүү болуп, пикир алышуу жүрдү. Жогорку лидерибиз өзөктүк куралдан арылуу маселесин чечүү боюнча сунуштарды кенен айтып берди. АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда экинчи сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө байланыштуу эки өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көз карашы боюнча да пикир алышуу болду.

Пхеньянда өткөн бул иш сапарын Помпео өзү да “жемиштүү” деп атады:

- Бизде жакшы, жемиштүү сүйлөшүүлөр болду. Президент Трамп айткандай, бул жолдо бир нече кадам бар. Андыктан биз дагы бир кадам жасап, алдыга карай жылдык. Менимче бул баарыбыз үчүн жакшы жыйынтык, - деди Помпео Пхеньяндан Сеулга келип, Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин менен кездешкен учурда.

Пхеньяндагы сый тамак. 7-октябрь, 2018-жыл.
Пхеньяндагы сый тамак. 7-октябрь, 2018-жыл.

"Reuters" агенттигинин маалыматына караганда, Помпео Сеулдан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бул ирет Пунгери өзөктүк сыноо полигонуна жана ракета кыймылдаткычтарын сыноочу жайга эл аралык инспекторлорду киргизүүгө макул болгонун да айткан. Бирок алдыда тараптар бул иштин логистикасын макулдашуусу зарыл.

Помпеонун иш сапарында АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин экинчи саммитин уюштуруу маселеси да талкууланган. Саммиттин мөөнөтү жана жери дагы такталат.

Буга чейин убада берилгендей, Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылышынын мөөнөтү, шарттары жана текшерилиши азыр АКШ - Түндүк Корея сүйлөшүүлөрүнүн башкы маселеси болуп турат.

Былтыркы утур-утур ракеталарды сыноодон, опузалардан жана кайым айтышуулардан кийин АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери быйыл июнда Сингапурда “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитте жолуккан. Ал эми эки Кореянын лидерлери быйыл үч сыйра кездешти.

Анткен менен Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо өткөн айдын соңунда эле БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө АКШга жана анын өлкөсүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жоктугуна ишеним болмоюнча алар озунуп куралсызданбай турганын жарыялаган.

Ал санкциялардын али да күчүндө турушу Пхеньянга ишеним бербей жатканын да белгилеген.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо.
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо.

​АКШ болсо өткөн айдын соңуна Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Кытай менен Орусиянын Пхеньянга каршы санкцияларды жеңилдетүү жөнүндө чакырыгына караманча каршы чыккан.

Ал тургай Вашингтон өткөн айда эле Кытай менен Орусиянын Түндүк Корея менен иштешкен эки компаниясына каршы жаңы санкцияларды киргизген.

АКШ БУУнун көп тараптуу жана өзүнн бир тараптуу экономикалык санкциялары Пхеньян өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганы текшерүү аркылуу аныкталганда гана жоюлушу керек деп эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG