Шайлоо участкалары Астана убактысы менен саат 7:00дө ачылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Владимир Фоостун шайлоо участкалары жабылгандан кийин билдиришинче, бүгүнкү президенттик шайлоого шайлоочулардын 95,11 пайызы катышты.
Добуш берүү Астана убактысы боюнча кечки 8де аяктады. Расмий маалымат боюнча өлкө аймагында жана чет элдеги дипломатиялык корпустарда жалпысынан 9741 шайлоокана иштеди.
Шайлоонун жүрүшүнө жергиликтүүлөр жана чет элдиктер кошулуп, 1024 байкоочу көз салды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Владимир Фоос шайлоонун алдын ала жыйынтыктары эртең, 27-апрелде жарыялана тургандыгын айтты.
Шайлоого талапкер катары “Нур Отан” партиясынан Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын Коммунисттик партиясынан Тургун Сыздыков жана өзүн-өзү көрсөткөн Профсоюздар федерациясынын башчысы Абилгази Кусаинов катышты.
Көпчүлүк бул шайлоодо өлкөнү узак мезгилден берип башкарып келаткан Назарбаевдин эле жеңип чыгарын күтүшүүдө.
2016-жылга белгиленген президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Казакстан эл ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. Буга “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгы негиз катары келтирилген. Аталган Ассамблеяга Назарбаев өзү төрагалык кылат.
74 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ушуну менен ал бешинчи ирет шайлоого катышты.
Борбор Азия боюнча орусиялык баяндамачы Алексей Малашенко бул жолку шайлоодо да кайра эле Назарбаев жеңип чыгат деген пикирде. Анын көз карашында, бул шайлоонун өзгөчөлүгү ал өлкөдө авторитардык режим бир аз жумшарган мезгилге туура келүүдө.
- Сот системасы, саясий система реформаланат, айрым органдарга көбүрөөк мандат берилет. Жаштар бийликке көбүрөөк тартылары да шексиз. Казакстанды Назарбаев казак, орус, англис тилдүү мамлекет деп жарыялагандын өзү эле көп нерседен кабар берет. Бул программада улуттар аралык проблемаларды чечүүгө көңүл бөлүнөт. Айтор президент реформа жарыялады, анын аткарылышына да өзү көзөмөл кылат.
Назарбаевден айырмаланып, берки эки талапкер экология, батыш маданияты менен күрөш өңдөнгөн бүгүнкү казак саясатындагы кыйыр темаларды тандап алышкан. Баяндамачы алардыкы программа деген аты эле бар экенин, мындай абал “мына, бизде да оппозиция бар” деп айтуу үчүн гана керек экендигин кошумчалады.
Москвадагы Карнеги изилдөө борборунун илимий кеңешине мүчө болгон Малашенко азырынча Назарбаевге күчтүү атаандаштын кереги жок деп эсептейт. Бирок ал Назарбаев баштаган реформаларды аягына чыгаруунун оор жүгү анын ордуна келе турган адамдын мойнуна илинерин эскертти.
Назарбаев өз ордуна премьер-министр Карим Масимовду даярдап жатат деген божомолдор бар. "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде Малашенко азырынча бул же тигил кишинин ысмын так атоо мүмкүн эмес дейт:
- Азыр мен эч кимдин ысмын атагым келбейт. Бирок Масимовдун Назарбаевге мураскор болуп калышы толук ыктымал. Аты аталган адам кийин четтетилип калган учурлар болгон. Бирок бүгүнгө карата Масимов эң күчтүү талапкер деп ойлойм.
Карим Масимов казак өкмөтүн 2007-2012-жылдары башкарып туруп, бул кызматка кайра былтыр дайындалды. Ортодо президенттик администрацияны жетектеген.
Быйыл 50 жашка чыгып жаткан премьер-министр Алматыдагы жатак мектепте окуп, Москвадагы Патрис Лумумба атындагы Эл достугу университетин, кийин Казакстандагы мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.
Кытайда жана АКШда стажировкадан өткөн, экономика илимдеринин доктору, казак, орус тилинен тышкары, англисче, кытайча, арабча суудай билет. Казакстандын тай бокс федерациясынын президенти.