Өлкө башчылыгына "Нур Отан" партиясынан учурдагы президент Нурсултан Назарбаев, Казакстандын Коммунистик партиясынан Тургун Сыздыков жана өзүн-өзү көрсөткөн Профсоюздар федерациясынын башчысы Абелгази Кусаинов ат салышмай болду.
Нурсултан Назарбаевдин эки атаандашы тең казакстандыктарга анча таанымал эмес инсандар.
Бейшембиден тарта талапкерлер шайлоо өнөктүгүн башташты. 26-апрелде өтө турган мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышуу каалоосун алгач отуздай адам билдирген.
Алардын айрымдары казак тили боюнча тил комиссиясынан өтпөй калса, башкалары жетиштүү кол топтой алган жок. Көбү шайлоого катышуудан өздөрү баш тартышты.
Талапкерлердин бири, 63 жаштагы Абелгази Кусаинов мурда Караганды облустук администрациясын, кийин бийликтеги «Нур Отан» партиясынын аймактык филиалын жетектеп келген.
Учурда оппозициялык саясатчылар жана активисттер бир ооздон Казакстан экономикалык кризисти баштан өткөрүп жаткандыгына байланыштуу алдыдагы мөөнөтсүз шайлоодо үнөмдөө болоору азыртадан байкалганын айтышууда.
Алар билдиргендей, Назарбаев үчүн бир атаандаш өтө аз, ал эми экиден көбү ал үчүн да каржылык жактан оор болуп калышы мүмкүн эле.
«Ар. Рух. Хак» уюмунун башчысы Бахытжан Торегожинанын айтымында, бул жерде башка дагы саясий себептер бар. Анын ичинде Ак ордонун реалдуу саясий атаандыштыкка карата мамилеси.
- Нурсултан Назарбаев реалдуу атаандаштыктан мурда кандай коркуп келсе, азыр деле ошол бойдон коркот. Ошондуктан эки эле эч ким тааныбаган атаандаштар тандалды. Албетте, шайлоочулардын бардыгы тең эле өздөрү тааныган Назарбаевге добуш берет да - дейт Бахытжан Торегожина.
Укук коргоочу алдыдагы шайлоо жана ага карата даярдык эч бир интригасыз, баары болжолдонгондой өтөөрүн кошумчалады.
Ал арада «Адам» журналынын башкы редактору Аян Шарипбаев Ак ордо тышкы жана ички саясаттагы кырдаалды эске алуу менен шайлоодо стабилдүүлүктү сактоо үчүн мына ушундай кадамга барып, Назарбаевге каршы эки гана адамды чыгарды деп эсептейт.
Анын пикиринде, Казакстанга тыштан таасир этчү эң негизги фактор- учурдагы Украинадагы окуялар.
- Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиле учурда деңиздеги бороонду элестетүүдө. Ал эми Астананын кемеси мына ушул ташкындаган деңизде Крым же башка суроолор боюнча өз багытын туура таап кетиши абзел. Мындай кырдаалда Астана, албетте, кайсы бир талапкер өзүн башкача алып жүрүүсүн каалабайт. Кеменин капитаны бардык абалды өзү көзөмөлдөп турушу керек.
Саясат таануучу Бурихан Нурмухаммедовдун пикиринде, шайлоо өнөктүгүндө үч талапкердин калышы бул мыйзам ченемдүү көрүнүш жана Ак ордонун эч кандай тиешеси жок.
- Артында партиясы жок, өзүн-өзү көрсөткөндөр жетиштүү кол топтой албады окшойт, - деп кошумчалады Нурмухаммедов.
Президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөр өлкөнүн бардык аймактарынан болжол менен 93 миңдей адамдын колун топтошу кажет эле. Расмий маалыматтарга ылайык, Нурсултан Назарбаевди колдогон 560 миңден ашык адамдын колу чогулган.
Тургун Сыздыков токсон сегиз миңден ашык, ал эми Абелгази Кусаинов жүз элүү миңдей адамдын колун топтоого жетишкен.
2016-жылы өтө турган президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Назарбаев өзү төрагалык кылган Казакстан эл ассамблеясы февралда көтөрүп чыккан. Ассамблея «учурдагы экономикалык шартта шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгын» билдирген.
74-жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ал 2011-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо төртүнчү жолу президент болгон.