Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин бул ирет президент Нурсултан Назарбаев өзү төрагалык кылган Казакстан эл ассамблеясы көтөрүп чыкты жана сунушун эки аргумент менен негиздеди.
Биринчиси-келерки жылы өлкөдө президенттик да, парламенттик да шайлоону бир учурда өткөрүү кыйынчылык жаратат. Экинчиси- күтүлүп жаткан экономикалык кризис.
Казакстан эл ассамблеясынын пикиринде, “дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистин туу чокусу 2016-жылга туура келет”. Андыктан өлкө жетекчилигинин көңүлү шайлоого эмес, “экономикада кризисттик көрүнүштөргө жол бербөөгө бурулушу зарыл”.
Ассамблеянын сунушун дүйшөмбүдө бийликтеги “Нур Отан” партиясы колдоп, мөөнөтсүз шайлоонун зарылдыгын “азыркы саясаттын улантылышын кепилдөө” жана экономиканы чыңдоо деп түшүндүрдү.
Парламенттин “Нур Отан” партиясынан депутаты Гульжан Карагусова “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде, мөөнөтсүз шайлоо тышкы жана ички факторлордон улам зарыл болуп турганына токтолду:
- Мындан улам, бул менин жеке пикирим, балдар жулкулдабай эле койгула, Жараткан ага (Назарбаевге) ден соолук берсе, жакынкы беш жылда бизде эч нерсе өзгөрбөйт деп айтуу. Бул -биринчиси. Экинчи логика-“Нурлуу жол” программасы нукура социалдык экендигинде. Ыгы жок сөз дебегиле, бирок программа чынында карапайым казакстандыктарга багытталган. 2020-жылга чейин эсептелген программаны ишке ашыруу үчүн ири көлөмдө акча бөлүнүүдө. Бирок алдыда шайлоо бар экенин ойлосок, ал ишке ашпай калабы деген күмөн саноолор жаралат. Программа президент тарабынан сунушталгандыктан, аны аягына чейин өзү жеткирүүсү керек. Мына ушул шарттарды эске алганда, мөөнөтсүз шайлоо ойдон чыгарылган эмес, белгилүү бир деңгээлде бейстабилдүүлүктүн тышкы факторлорун жана ички саясатты тынчтандыруучу эң жакшы вариант болуп турат.
“Нурлуу жол” деп аталган экономикалык программасын казак президенти былтыр ноябрда жарыялаган.
Ал эми өткөн аптада казак өкмөтүнүн кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн учурунда Назарбаев кара майдын кирешеси азайгандыктан, казакстандыктарга белди бекем бууганга туура келерин эскертип, элди сарамжал жашоого үндөгөн. Мөөнөтсүз шайлоо тууралуу Ак ордо жана Назарбаев өзү азырынча эч нерсе айта элек.
Казакстандагы оппозициячыл социал-демократиялык партиянын жетекчилеринин бири Петр Своик президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрүн былтыр октябрда эле жазып чыккан болчу.
Ал “Азаттык” менен маегинде шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесине түрткү берген жана казак бийлигин камтамага салган тышкы, ички факторлорду мындайча чечмеледи:
- Казак бийликтеринин негизги стратегиясы азыр- Украинадагы кырдаал, Орусиянын АКШ жана Европа менен чатагы, Орусияга каршы киргизилген санкциялар түшүнүктүү жана аныкталган форматка ээ болот деген үмүттө күтүү позициясын ээлөө. Азырынча күтө туруп, ушул формат аныкталгандан кийин гана чечим кабыл алуу. Бирок күтүү үчүн талап кылынган ресурс чектелүү эле. Азыр иш жүзүндө улуттук экономика, өзгөчө тенгенин курсу Улуттук кордун валюталык запастарынын эсебинен кармалып турат. Бирок корду корото берүү, экономикалык жана психологиялык жактан да жагымсыз. Андыктан президент мандатын, экономикалык кыйынчылыктар күчөй электен мурда жаңыртып алууну көздөп жатат. Балким ага теңгенин курсун койо берүүгө, бул үчүн Улуттук банктын жетекчилигин күнөөлөп, аларды алмаштырууга, азырынча ал сындай элек өкмөттү бир топ жаңылоого туура келет. Келе жаткан жагымсыздыктарга даяр болуш үчүн, ал мандатты жаңыртуу керек деген бүтүмгө келүүдө.
Петр Своиктин болжолунда, мөөнөтсүз президенттик шайлоо апрель айынын соңуна барып өтүшү мүмкүн. Ал ошондой эле жыйынтыгы белгилүү болсо, шайлоого оппозиция да катышарын жокко чыгарбады:
- Эгер Казакстандагы жалгыз оппозициялык партия- Жалпы улуттук социал-демократтар партиясы жөнүндө айтсак, албетте, катышат. Ал эми катышуунун формасын биз азыр активдүү талкуулап жатабыз. Албетте бир жагынан катышабыз. Экинчи жагынан, шайлоо комиссиясы адаттагыдай эле күн мурунтан аныкталган жыйынтыкты берерин билебиз. Ушул эки реалдуулуукка таянуу менен өзүбүздүн катышуу формабызды тандайбыз.
75 жаштагы Нурсултан Назарбаев, акыркы ирет президенттикке 2011-жылы 3-апрелде, мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо беш жылга шайланган.
Дегеле Казакстандын көз карандысыздык доорунда президенттик шайлоо 2005-жылы гана бир ирет өз учурунда өткөн.
Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүдө Назарбаев үчүн президенттик мөөнөттүн чеги алынып салынган.