Бийликтер болсо айыпкерлер бересесин төлөмөйүнчө сыртка чыгууга уруксат берилбей турганын айтышат.
Алматынын тургуну Даурен Кажымакун мурда төлөнбөй калган жазана үчүн чет жакка чыга албай калгандардын бири. Ал Орусияга ушул жайда өргүүгө кетип бараткан жеринен чек арадан өтө албай калып, билети күйүп кеткен:
- Мен ылдамдыкты бир аз ашырып жибергенимди видеобайкоо тартып калыптыр. Ошого мага 8 миң теңге (43 долларга жакын) айып пул жазышып, Алматы шаарынын автоинспекциясынан мен жашаган дарек боюнча маалым кат келген. Аны мен кийинчерээк төлөйм деп жүрүп, унутуп калыпмын. Ошону менен эс алууга кетип жатсам эле аэропорттон мени өткөрбөй коюшту. Карызымды төлөсөм чыгарышат имиш. Мен качып кеткен жокмун го, кайра келгенде төлөйт элем да. Эми мага билет менен эмгек өргүүмдү ким төлөп берет?
Даурен Кажымакунга окшоп жазананын айынан Казакстандан чет өлкөгө чыга албай калган жарандар ондоп саналат. Анткени өлкөдө айып төлөбөгөн адамдар жыл сайын көбөйүүдө. Өткөн жылы маселен алар болгону 116 миң болсо, быйыл алардын саны 300 миңден ашты. Карызы барларга Административдик кодексти бузуп, анын жазанасын төкпөй жүргөндөр жана салыкты толук төлөй электер кирет.
Мунун айынан туристтик агенттиктер да жапа чегүүдө. «Другие страны» туристтик компаниясынын өкүлү Татьяна Николаева буларга токтолду:
- Бул системанын оң да, терс да жактары бар экен. Албетте ар бир жаран чет жакка кетип жатканда карыздарын төлөп кеткени жакшы, бирок аны күн мурдатан Юстиция департаменти өзү эскертиш керек да. Мунун айынан көп турагенттиктер, туристтер жабыр тартышууда. Биздин фирмадан да беш туристибизди аэропорттон кармап калып, канча стресс болдук.
Алматы шаарынын Юстиция департаментинин сот аткаруучусу Арайлым Жакупова жарандар кайсы себептерден улам чет жакка чыга албай калышы мүмкүндүгүн «Азаттыктын» казак кызматына айтып берген:
- Казакстандын кодексинде канча эреже бар болсо, так ошончо мыйзам бузуу орун алууда. Бизге МАИден, СЭСтен, салык кызматынан жана башка тиешелүү органдардан токтомдор келет. Биз ошого карап административдик айыптарды мажбурлап төлөтүү аракетин көрө баштайбыз. Милдеттерибизге ылайык, жазана төлөбөгөн адамдын мүлкүн камакка алабыз, же чет жакка чыгууга тыюу салабыз.
Адис белгилегендей, жаза пулду өз ыктыяры менен төлөбөй жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгүн жол эрежелерин бузгандар түзөт. Сот аткаруучулар аларды маалыматтар базасынан таап, эскертүү жиберет. Эгер карызы барлар бир ай ичинде айып пулду төгүшпөсө, алар карызды сот аркылуу төлөтүүгө өтүшөт.
Сот аткаруучунун айтымында, өлкө аймагынан сыртка чыгууга чектөө жыл мезгилине карабайт. Арайлым Жакупова:
- Мен учурда насыясын банкка бербей жүргөн ЖЧКнын директору менен иштеп атам. Анын карызы 10 миллион теңге болуп кеткен. Ишти Алматы шаарындагы райондор аралык адистештирилген сотко жибердик. Мунун баарына адамдар өздөрү күнөөлүү. Карызын убагында эле төлөп койсо, иши сотко өтпөйт, эч кандай чектөө да коюлбайт.
Сот аткаруучу билдиргендей, жазананы убагында төлөбөгөн себебин көпчүлүк жарандар жумушсуздугу жана оор материалдык абалы менен түшүндүрүшөт. Бир сот аткаруучуга күнүнө кеминде 100-200дөй иш келип түшөт. Алар дароо же мүлкүн камакка алат, же чет жакка чыгууга чектөө киргизет. Көбү ага маани бербегенден улам натыйжада чек арадан, же аэропорттон ары өтө албай кала беришет.
Канткен менен мыйзамда чектөө киргизиле турган айып пулдун суммасы канча болушу керектиги көрсөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу юристтер арасында кайчы пикирлер арбын. Айрымдар болсо алдын ала эскертүү берилбей жатканын сынга алышат.
Казакстандык укук коргоочу Мурат Кемелбеков буларды айтты:
- Юстиция департаментинин кемчилиги - алар жарандарга алдын ала эскертпестен чет жакка кетип баратканда кысмакка алышууда. Мындай болбош керек. Кээ бир жарандар айып салынганын билбеши да мүмкүн. Анткени жаза пул жөнүндөгү маалым каттар юридикалык даректер боюнча гана келет, ал эми жарандар ал жерден башка жакка көчүп кетишкен, же башка жумушка которулуп кеткен болот. Такыр айла жок болсо, жок дегенде жарандар аэропорттон эле түз жазанасын төлөп, дароо өтүп кетүүсүнө шарт түзүү керек.
Алматы шаардык мамлекеттик автоунаа инспекциясы болсо жарандар өздөрү чек жакка чыгар алдында карызы бар адамдардын тизмесин карап, камакка алуу жана чектөө коркунучтарын тактап алышы керектигин билдирди. Ал тизме Казакстандын Юстиция министрлигинин сайтында жайгашкан экен.