Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Депутат 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоону сунуштады


Бишкектеги ыш. Архив.
Бишкектеги ыш. Архив.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстанда 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушун берди.

Мындай демилгени депутат парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында көтөрдү. Ал ыштан улам адамдар илдетке чалдыгып жатканын айтып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди маселени чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде көтөрүү керектигин билдирди.

“Бишкектеги ыштан дем ала албайсың. Сиз Коопсуздук кеңешинде, массалык маалымат каражаттарында маселе көтөрсөңүз. Элдин ден соолугу деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп иш-чара уюштурганыңарды уккан жокмун. Ушул ыштын айынан эмне деген гана оорулар чыгып атат”, – деди ал.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын ноябрь айындагы индексинде Бишкек абасы таза эмес шаарлардын катарына кирди.

Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG