Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:51

"Казак салтына каршы". Токаев паранжы кийгендерди сындады


Паранжы жамынган аял.
Паранжы жамынган аял.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыз-келиндердин жүзүн толук жапкан паранжы кийишине каршы экенин билдирди. Ал муну "радикалдар ​​таңуулоого аракет кылып жаткан диний кийим" деп атады. Казакстанда соңку учурда диний кийимдер боюнча талкуулар байма-бай болуп жатат.

"Коомго жат диний идеалдарды таңуулоо"

Касым-Жомарт Токаев 15-мартта Атырау шаарында өткөн Улуттук курултайда кара кийинген кыз-келиндерди сындап, мындай казактын салтында эзели болбогонун билдирди.

“Соңку жылдары эл ичинде кара кийинип, чүмкөнүп жүргөн адамдар пайда болгону баарыңарга маалым. Алар бөтөн эмес, өз жарандарыбыз. Элибиздин дүйнө таанымында кара кийим кийүү деген түшүнүк болгон эмес. Бул имитациядан жана ашкере динчилдиктен жаралган процесс. Биз өз салтыбыздан ажырабашыбыз керек. Радикалдуу неофиттер элибиздин каада-салтында болбогон кийим аркылуу коомго жат диний идеалдарды таңуулоого аракет кылууда. Бул биздин салттуу концепцияларыбызга жана баалуулуктарыбызга ачык кол салуу. Биз ата-бабаларыбыздын миңдеген жылдык диний таалимдерине жана руханий багыттарына таянышыбыз керек", - деди казак президенти.

Токаев мамлекеттин руханий көз каранды эместигин сактап, аны бекемдөө үчүн түрк элдеринин, анын ичинен казактардын көпчүлүгүнүн салттуу динине – сунни багытындагы ханафи масхабына көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

Улуттук курултай. Атырау шаары, Казакстан.
Улуттук курултай. Атырау шаары, Казакстан.

Ал курултайда сүйлөгөн сөзүндө ислам дини "өтө бурмаланып, догматикалык формада" кабыл алынган үй-бүлөлөрдөгү аялдарды басмырлоо, кысым көрсөтүү фактыларына олуттуу көңүл бурууга чакырды.

"Мындай үй-бүлөлөрдөгү жашоо 21-кылымда илим менен техниканын жетишкендиктерине карама-каршы келген беймаани тыюулар жана буйруктар менен курулат. Адамдар атайылап орто кылымдардагы адеп-ахлак жана жүрүм-турум үлгүлөрүнө кайтып бараткандай сезилет", - деди казак президенти.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Токаев "рухий тамырыбызды сыйлоо менен биз мамлекетибиздин светтик статусун ар тараптан бекемдешибиз керек, Казакстан мамлекеттүүлүгүбүзгө жана коомдук адеп-ахлакка доо кетирбеген бардык диндерге, көз караштарга жана окууларга ар дайым сабырдуулук менен мамиле кылат" деген.

"Коомдук жайларда диний кийимдерди кийүүгө тыюу салуу керек"

Казакстанда соңку учурда диний кийимдер боюнча талкуулар байма-бай болуп жатат. Былтыр Маданият жана маалымат министрлиги коомдук жайларда диний кийимдерди кийүүгө тыюу салуу маселеси тууралуу үн каткан. Мекеменин жетекчиси Аида Балаева журналисттерге буларды билдирген:

"Биз сөзсүз түрдө бул ченемдерди изилдеп, [тыюуну] сунуштайбыз. Жок дегенде коомдук жайларда. Мен дүйнө жүзүндөгү тажрыйбаны изилдеп жатам. Анткени бул улуттук коопсуздук маселеси. Коомдук жайларда бетин жапкан [адамды] өзүнчө таануу өтө кыйын".

Министрлик өзгөчө социалдык тармактарда жана интернет басылмаларында “деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды аныктоо” үчүн күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

Коңшу өлкөдө соңку жылдары орто мектептердин окуучуларынын жоолук салынышына байланыштуу талаш-тартыштар чыгып келет. Жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын ата-энелери жана мектеп жетекчилигинин ортосунда хижаб кийүү боюнча чыр-чатактар орун алат.

Казак бийлиги мамлекет байистүү экенин жүйө келтирип, бирдиктүү мектеп формасын талап кылса, ата-энелер жоолук окуу процессине тоскоол эмес деп, балдарынын билим алуу укугу бузулуп жатканын айтып келет.

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул тууралуу мындай айткан:

“Шарият боюнча балакатка жеткен кызга жоолук салуу парз. Бул маселе боюнча мамлекеттик мекемелерге тиешелүү сунуштар берилген".

Казакстанда 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө калктын 92,8% өзүн диний адам деп эсептей турганын көрсөткөн. 2009-жылдагы эл каттоодо динге ишенген адамдардын 70% мусулман экенин, көбү ханафи-масхабын тутарын айтып беришкен.

Кыргызстандагы абал

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кийинүү жагынан бөтөн элди туурабаш керектигин айткан:

"Дүйнөлүк өзгөрүүлөр доорунда кыргыз иденттүүлүгүн жоготпой, бөтөн элдин салт-санаасын, кийимдерин туу тутпай, өзүбүздүн каада-салттарыбызды урматтап, сактап калышыбыз керек".

Кыргыз коомчулугунда жүздү жапкан паранжы менен узун сакалды тыюу маселеси акыркы убактарда кызуу талкууланып келет.

Былтыр күздө Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжыга жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунун автору демилгеси улуттук жана мамлекеттик коопсуздукту сактоону көздөй турганын билдирип, жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелбей турганын, конституциялык ченемдер жана эл аралык стандарттар сакталарын билдирген. Долбоорго ылайык, эреже бузгандарга 2 миң сом айып салынат же 30 саатка коомдук иштерге тартылат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, Кыргызстанда 4 миңге чукул диний уюм бар, алардын 3600 ислам, 400гө жакын христиан багытында.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG