Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Иран: студент кыздын өлүмү, хижаб талабына каршы акциялар


Нааразылык акциялары 18-сентябрда Тегеран университетинде башталган.
Нааразылык акциялары 18-сентябрда Тегеран университетинде башталган.

Иранда 22 жаштагы Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларында кеминде беш адам өлдү. Бийлик алардын үчөө нааразылыкка чыккандар экенин ырастады. Укук коргоо уюмдары башка жерде дагы бир демонстрант каза болгонун кабарлоодо.

Оппозициячыл 1500 Tasvir сайты жарыялаган видеолордо Ирандын баш калаасы Тегеранда акцияга чыккан демонстранттар "диктаторго өлүм" деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.

Башка видеодо нааразылык акцияга чыккан кыз-келиндер хижаб талабына каршы чыгып, жоолуктарын чечип өрттөп жатышканы тартылган.

18-сентябрда Тегеран университетинде башталган нааразылык акциялары борбордогу бир катар жогорку окуу жайларында өттү.

Ал арада Шахид Бехешти университетинде өткөн митингде айрым студент кыздар жоолуктарын чечип, диниятчылардын бийлигин токтотууга чакырган ураандарды айтып чыгышты.

Тегерандын губернатору Мохсен Мансури шейшембиде шаардагы демонстрациялар "уюшкан жана атайын машыккан топтор тарабынан уюштурулуп жатканын" билдирди.

Иран парламентинин спикери Мохаммад Бакир Калибаф ушул эле күнү "душмандар бул окуяны пайдаланып, өлкөдө массалык башаламандыкты жаратууну” пландап жатканын айтты.

Өкмөттүк басылмалар дүйшөмбү күнкү баш макалаларында демонстранттарга карата “террорчулар” деген сөздү колдонгону белгилүү болду.

Махса Амини Иран полициясынын камагында жаткан маалда комага түшүп каза болгон.
Махса Амини Иран полициясынын камагында жаткан маалда комага түшүп каза болгон.

Тегерандын адеп-ахлак полициясы 13-сентябрда 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини көчөдө хижабсыз жүргөн деп кармап кеткен. 16-сентябрда анын абакта каза болгону кабарланган. Полиция Амини жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр аны полиция катуу сабаганын айтып беришкен.

Ал эми Ирандын батышындагы Күрдистан провинциясынын губернатору кыздын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары учурунда бул аймакта үч адам набыт болгонун ырастады.

Укук коргоочулар Амини Ирандын мусулман аялдардын жоолук салынышын талап кылган катаал диний мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганын билдирди.

Ошол эле учурда Ирандын батышындагы күрттөр жыш жашаган аймактарга мониторинг жүргүзгөн Hеngaw уюму 18-сентябрда Мехабад шаарында коопсуздук күчтөрүнүн огунан катуу жарадар болгон Хажар Аббаси аттуу аял каза болгонун 20-сентябрда жарыялады.

Соңку күндөрү расмий Тегеран Ирандын консервативдүү диний режимине каршы болгондорду, айрыкча аялдардын укугун коргоочуларга кысымын күчөткөн. Мындай мамилеге саясатка аралашпаган аялдар да кабылары айтылып келет.

Президент Ибрагим Раисинин 5-июлдагы буйругу менен паранжы тууралуу мыйзам катаалдаштырылып, кыз-келиндердин кийимине жаңы чектөөлөр киргизилген. Адеп-ахлак полициясы барган сайын активдүү болууда. Социалдык тармактардагы видеолордон алар аялдарды кармап, машинелерге салып кетип жатканын көрүүгө болот.

Мыйзамга баш ийбеген кыз-келиндер мамлекеттик ишкана, банктарга, коомдук транспортко кире алышпайт.

Активисттер нааразылык иретинде #no2hijab деген хэштег менен онлайн өнөктүк башташты.

1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда аялдар жана тогуз жаштан өткөн кыздар коомдук жайларда паранжы кийүүгө милдеттендирилген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG