Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Паранжы менен сакал: Кыргыз коомун кыйнаган маселе


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Эл өкүлү мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт. Кыргыз коомунда мындай чектөөнү киргизүүнү жактагандар да, ага каршы болгондор да бар.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, ар бир жаран кандай кийинип жүрүүнү өзү чечет.

“Акыркы күндөрү паранжы жамынгандар көбөйүп жатат. Аларды жоолук салынбасын дебейм. Бирок өзүнүн жүзүн жаап, идентификациясын аныктоого мүмкүн болбогондой чүмкөнүп алганы өтө кооптуу. Ушул боюнча мамлекеттик чара көрбөсөк болбой калды”, - деп депутат Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында айткан.

Эки айдан кийин бул маселе боюнча мыйзам долбоору даярдалып, документ 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Анда жаранды жүзүнөн таанууга мүмкүн болбогондой бетин жапкан кийимге тыюу салынары жазылган.

Ошондой эле узун сакал койгонго да болбойт. Долбоордо сакалдын узундугу боюнча чек аныкталган эмес, болгону "жарандын тек-жайын тактоого мүмкүн болбой тургандай өстүрүүгө тыюу салынары" жазылган.

Депутат мындай чара коомдун коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл деп эсептейт. Мыйзам кабыл алынса, аны аткарбагандарга 2 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат же 30 күн коомдук жумушка тартылат. Мындай көрүнүш кайталанса, айып пулдун жана жумушка тартуунун мөөнөтү көбөйөт.

Аалымдар кеңешинин тынчсыздануусу

Мыйзам долбоору коомчулукта ар кандай талкууларга жол ачты. Айрымдар өлкөдө динди жамынып чектен чыккандар бар экенин белгилешсе, айрымдар бул жарандардын дин тутуу эркиндигине жолтоо болбойбу деп чочулашат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши мындай сунушка тынчсызданып, маселени чектөө менен эмес, агартуу, түшүндүрүү аркылуу чечүү керек деген таризде маалымат таратты.

Кыргызстанда салттуу деп эсептелген ханафий мазхабында аялдардын денесин жаап жүрүшү боюнча так өкүмдөр бар экени айтылган.

“Бирок никаб (паранжы) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб - негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийингени туура деп эсептешет. Ал эми сакал - коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден. Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз”.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, ал кара кездемеден жасалат.
Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

Паранжы - аялдардын баш кийими. Аны кийген аялдын көзү гана көрүнүп, ал тор менен жабылган.
Айрым ислам теологдорунун пикири боюнча аялдарга жүзүн жашыруунун кажети жок жана муну шарияттын буйругу деп айтуу мүмкүн эмес.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев паранжыга байланыштуу мындай пикирин билдирген:

"Динибизде никаб, анан хижаб бар. Аялзатынын Алла Таала буйрук кылган дене мүчөлөрүн жаап жүрүшүн хижаб дейбиз. Бул парз, биз башынан хижабды колдоп келе жатабыз. Никаб деп жүзүн жаап алганды айтабыз. Никабды каалагандар жамына алат, биз мунун парз эмес экенин айтып жүрөбүз".

Мусулман аялдардын “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы такыба аялдардын паранжысын дароо чечтирүү кыйынга турарын айтты.

Мыйзам менен тыюу салуу аялдардын укугун чектеп, паранжысыз эшикке чыкпаган аялдар коомго аралашуудан баш тартышы да ыктымал деп чочулайт. Активист мамлекет эки-үч жыл түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аялдарга бул кийимден өз эрки менен баш тартуусуна шарт түзүү зарыл деп эсептейт.

"Радикалдашууга же экстремизмге паранжыны байлоо мүмкүн эмес. Кеп паранжыда эмес, кеп тийиштүү мекемелердин диний системадагы реформаларды жүргүзгөнүндө. Кайсы мекемелер кыздарды кандай багытта окутуп жатат, эмнеге паранжы кийүүгө пропаганда көп болууда деген жаатта иш алып баруу керек. Тыюу салгыдай биз авторитардык мамлекет эмеспиз".

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулy коомдо агартуу иштерин көбүрөөк жүргүзүү зарыл деген пикирде.

"Биздин өлкөнүн дин тармагы кризисте, бул турган нерсе. Дал ушул маселени паранжыны чечтирүү менен жоюп салабыз деген туура эмес. Дин жаатында аң-сезимди өнүктүргөн, илим-билимге ыктаган иштер жүргүзүлүшү зарыл. Бетин көрсөтпөй, кол кап кийип, башкалар менен сүйлөшпөгөндөрдү исламдын формалдуу жагына ыктап кеткендер деп атасак болот", - дейт илимпоз.

Коомдук талкууга сунуш кылынган документтин түшүндүрмөсүндө мыйзам долбоорунун негизги максаты коомдук коопсуздукту бекемдөө экени жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канат Мидин уулу өлкөдө диний кырдаал туруктуу жана коопсуздук жагында коркунуч жок деп баалады:

"Бул ушул тармакта жасалган иштердин, жүргөн саясаттын жыйынтыгы. Албетте, аткарыла турган иштер, чечиле турган маселелер бар. Жалпысынан абалды туруктуу деп баалайбыз", - деди мамкомиссиянын өкүлү.

Өзбекстан: Мажилис караган маселе

Диний коопсуздукту камсыздоо жана улуттук баалуулукту коргоо максатына паранжы жамынууга, сакал коюуга каршы чаралар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да каралган.

Быйыл 5-сентябрда Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.

Коңшу өлкөдө көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга дагы жаза колдонуу сунушталууда.

Эми документти Сенат жактырып, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Анын алдында Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айткан.

Динаятчынын Ташкенттеги мечиттердин бириндеги видео кайрылуусун Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.

"Ислам дининде кийинүүнүн бир формасы кабыл алынган эмес. Себеби, ал бир гана улутка же бир гана аймакка гана таандык дин эмес. Баары бирдей кийиниши керек десек, анда дин машакатка айланат. Аялдар кара кийинсин, жүзүн бекитип жүрсүн, кол кап кийип алсын деген эреже биздин ханафий-мазхабында жок", - деген муфтий адамдарды чектен ашпоого үндөп, мусулмандар өзү жашаган аймактын маданиятына, климатына жараша кийиниши керектегин баса белгилеген.

Муфтийдин "бети-башын чүмкөнгөндөр" деп сыпаттаган сөзү аялдардын көзү гана көрүнгөн никаб жана бүт денени жапкан узун көйнөктөрүнө тийиштүү.

Ал мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шымчан жүрүүнүн кажети жоктугуна да токтолгон.

Муфтий өзбекстандыктарды тар түшүнүктөгү диний эрежелерди коомчулукка жайылтпоого да чакырды. Ал ажылыкка, умрага барып келгендерди күтүп алууда ашкере салтанат өткөрүп жаткандарды, зыяратка барганын элге жар салып мактангандарды, Мекеге барып келгени үчүн өзүнө ашыкча урмат-сый ыйгарып алгандарды сындап, муну "чектен чыгуу" деп сыпаттаган.

"Килемди метрлеп жолго төшөп, жаш балдарды алып келип, оозуна түкүртүүнүн баары ашыкча. Мындай кылбаш керек. Зыяратчы Аллахтын үйүнө зыярат кылып, батасын алат. Мындан башка эч нерсе жок", - деди муфтий.

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда катаал диний көзөмөл жүргүзүлүп, аялдарга хижаб оронууга, эркектерге сакал-мурут коюуга уруксат берилген эмес. Мечиттерге чогулуп намаз окуу да сейрек кездешкен.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгени диний чөйрөдө көзөмөл жумшарып, акыркы жылдары белгилүү инсандардын арасында элди мусулманчылыкка чакыргандар көбөйгөн.

Казакстан: Мектепке хижабчан барууга болбойт

Хижаб темасы коңшу Казакстанда да көп жылдан бери түрдүү талкууларга түрткү болду. Коңшу өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлиги коомдук жайларда хижаб жана никаб кийип жүрүүгө тыюу салган чараларды карайт.

6-октябрда Астанадагы брифингде министр Аида Балаева "бул маселе коомчулук менен бирге караларын" белгилеп, сунуштар берилерин билдирди. "Бул дүйнөдө колдонулган тажрыйба, анткени маселе улуттук коопсуздукка барып такалат. Коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөндөрдүн ким экенин аныктоо өтө кыйын”, - деди Балаева.

Быйыл 11-сентябрда министрлик мектепке хижаб кийип барууга тыюу салган чечим чыгарды.

"Казакстан - Конституцияга ылайык динден бөлүнгөн светтик мамлекет. Мамлекеттин бардык маселелери диний нормалар менен эмес, жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Ал эми жоболор мектеп формасын кийүүдө стандарттардын сакталышын талап кылат", - деп түшүндүргөн Аида Балаева.

Коңшу мамлекетте буга чейин айрым мектептер жоолугун чечүүдөн баш тартан кыздарды сабакка киргизбей, алардын ата-энелери сотко арызданган фактылар болгон. Мектеп жетекчилиги бул Билим берүү министрлигинин талабы экенин айтса, кыздардын ата-энелери Конституциядагы дин тутуу эркиндиги чектелип жатат деп нааразы болгон.

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Агабек Конарбайулы он жашка чейинки кыздарга хижаб кийүүнүн кереги жок экенин белгилеп, мусулмандарды муну эстен чыгарбоого чакырды.

"Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз компетенциясынын чегинде бул маселе боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды берди. Мусулман коомчулугунун өтүнүчү эске алынып, оң чечим чыгарылат деген үмүттөбүз", - деп муфтияттын расмий өкүлү Фейсбук баракчасына.

Тажикстан: Хижабдын ордуна атлас көйнөк

Тажикстанда беш-алты жыл мурун улутуттук маданиятка, каада-салтка туура келбеген кийим-кечеге каршы жараян башталган. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын топтор түзүлүп, жүздөгөн аялга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Өкмөткө караштуу Аялдар комитетинин өкүлдөрү базарларды кыдырып, рейд жүргүзгөн учурлар болгон. "Бир апта мурун бизге хижаб кийсеңер 100 сомони төлөйсүңөр деп айтышты эле. Азыр болсо 1000 сомони деп жатышат", - деген баш калаадагы "Шахмансур" базарында иштеген соодагер аял.

Президент Эмомали Рахмон жарандарды сакал өстүрбөөгө жана хижаб кийбөөгө чакырганы жайы бар. "Кудайды чалма салынбай, дамбал кийбей, сакал койбой деле тааныса болорун" коңшу өлкөнүн лидери бир канча жолу айткан.

Тажикстанда Аалымдар кеңеши 2012-жылы ноябрда сакал боюнча атайын норма киргизген. Анда ханафи мазхабына ылайык, сакалдын узундугу бир уучтан ашпашы керек так деп жазылган.

Күч органдарынын кызматкерлери өлкөнүн бардык аймагында миңдеген сакалчан эркекти кармаган. Алардын тек-жайын тактап, манжасынын тагын алган соң сакалдарын зордоп кырдырган эле.

Коңшу өлкөдө сакал боюнча чектөө негизинен 2009-жылы мугалимдерден башталган. Анда жашы элүүдөн өтө элек эркек мугалимдерге узун сакал коюуга таптакыр тыюу салынган.

Тажикстан бийлиги мектеп окуучуларына жоолук салынууга, өспүрүмдөрдүн мечитке барышына тыюу салып, чет жактагы диний окуу жайларда билим алган миңдеген тажик жаштарын артка кайтарган.

Укук коргоочулар тажик бийлигин адам укуктарын, жарандардын дин тутуу эркиндигин тебелеп-тепсеп жатат деп сындаган.

Быйыл апрелде АКШнын Эл аралык диний эркиндик комиссиясы (USCIRF) дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялаган.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, Тажикстанда дин тутуу эркиндигинин абалы кейиштүү, бийлик "мусулмандарды репрессиялоону" улантууда.

Докладда белгиленгендей, бул өлкөдө 18ге чыга элек балдарга мечитке барууга тыюу салынган, диний билим алуу мүмкүн эмес, ажылыкка баруу үчүн жаш куракка чектөө киргизилген, аялдарга диний кийим кийүүгө, эркектерге сакал коюуга уруксат жок, 2014-жылдан бери мечиттерде бийлик менен макулдашылган насааттар окула баштаган.

Өзбекстан менен Казакстан "өзгөчө байкоо салуу" сунушталган 11 мамлекеттин катарында.

Кыргызстан чөлкөмдө дин тутуу эркиндиги бар жалгыз өлкө катары көрсөтүлгөн.

Паранжы менен узун сакалга тыюу салуу керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:04 0:00

XS
SM
MD
LG