Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:27

БУУ: Никабга тыюу салуу адам укуктарын бузат


Рубе шаары, Франция, 2014-жыл
Рубе шаары, Франция, 2014-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) комитети никабга же аялдар кийе турган чүмбөттүн бир түрүнө салынган тыюуну адам укуктарын бузуу деп тааныды. Комитет Франция өкмөтүнө тиешелүү мыйзамдарды кайра карап чыгууну жана жапа чеккендерге кенемте төлөп берүүнү сунуш кылды.

Франция мусулман аялдардын никаб кийишине тыюу салуу менен адам укуктарын бузуп жатат. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ушундай тыянакка келди. Көз каранды эмес 18 эксперт-юристтен турган комитет Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык келишимдин сакталышына көз салат.

Комитеттин мүчөсү Илзе Брандс-Керис Францияда киргизилген тыюу карама-каршылыктуу деп эсептейт.

- Биз эки мыйзам бузууну аныктадык, - дейт ал. - Дин тутуу эркиндигин камсыз кылган 18-берене адамдын өз конфессиясын билдирүү укугун да коргойт. 26-берене болсо дискриминацияга тыюу салат. Биз киргизген сунуштарга ылайык, Франция ошол мыйзам бузулган учурлардан жабыркаган адамдарга кенемте төлөөгө жана конкреттүү эмес мыйзамды кайра карап чыгууга тийиш.

2010-жылы Франция аялдарга жана эркектерге коомдук жайларда бетин чүмкөп жүрүүгө тыюу салган алгачкы Европа өлкөсү болгон. Ал жободо сөз жалаң эле мусулман аялдар кийген никаб, бурка же паранжы тууралуу жүрбөйт. Беткап, шлем, капюшон жана башка ошол өңдүү баш кийимдер үчүн да 150 евро айып каралган. Мыйзамга каршы болгондор Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан, бирок ал кадамдан майнап чыккан эмес.

2016-жылы Нант шаарында айыпка жыгылган эки мусулман аял БУУнун комитетине арыз жазган.

Эксперт Брандс-Керистин айтымында, комитет саясий эмес, укуктук талдоо жүргүзгөн. “Мамлекет кайсы бир белгилүү жагдайда, мисалы, паспорт текшерүү маалында бетин ачууну талап кылышы мүмкүн. Бирок Францияда бетин жаап жүрүүгө бардык коомдук жайларда тыюу салынган”, - дейт эксперт.

Комитеттин төрагасы, израилдик Юваль Шани соңку чечим “секуляризм принциптерине көлөкө түшүрбөйт жана комитет мүчөлөрү жана жеке өзү аялдарды басмырлоо формасы деп эсептеген адатты колдоо катары каралбоого тийиш” дегенге басым жасайт.

23-октябрда комитет бул маселени карап жатканда Франциянын бийлик өкүлдөрүнө да өз көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бирок комитеттин билдирүүсүндө айтылгандай, ал жүйөлөр укук коргоочуларды ынандыра алган жок. Атап айтканда, француз өкмөтү мындай тыюу коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдогу бейпилдик үчүн зарыл деп эсептейт.

- Мыйзамдын ашкере кесепеттерин көрүп жатабыз. Көчөдөн кетип бараткан кишилер полициянын көзөмөлүнө кабылат же кармалат. Алардын көбү – никабчан аялдар. Башкача айтканда, дискриминацияга, ал түгүл кош дискриминацияга күбө болуудабыз. Себеби мусулман аялдардын чектелген бир тобу жабыркап жатат, - дейт Брандс-Керис​.

Адам укуктары боюнча комитет Франциядагы секуляризм боюнча талкууга биринчи жолу кийлигишип жаткан жок. 2014-жылы француз кассациялык соту бала бакчанын паранжы кийген тарбиячысынын иштен бошотулушу туура болгон деген чечим чыгарган. Быйыл августта ал чечим комитетте каралып, эксперттер “жабырлануучуга 180 күндүн ичинде кенемте төлөнүшү керек” деген бүтүмгө келген.

“Фигаро” гезитинин жазганына караганда, сөз болуп жаткан мыйзам күчүнө кирген 2010-жылдан бери никаб коомдук жайлардан жок болуп кеткен жок. Тескерисинче, айрым райондордо көбөйүп жатат. Басылма ошондой эле эң изделген кылмышкерлердин бири Редуан Фаид бурка кийип жашырынып жүргөнүн эске салат.

Франциядан кийин бир катар башка Европа өлкөлөрү да ушундай мыйзамдарды кабыл алышкан.

БУУнун комитети кеп-кеңеш гана бергени менен, эл аралык келишимдин шарттары боюнча Франция сунуштамаларды урматтап, көрүлгөн чаралар тууралуу отчет берүүгө тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG