Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:47

"Диний аң-сезимди көтөрүү зарыл". Парламентти чочулаткан паранжы


Никаб кийген аялдар. Дания
Никаб кийген аялдар. Дания

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, паранжы кийген кыз-келиндерге, аялдарга байланыштуу маселе көтөрүлдү. Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл болуп, өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу маселеге айланып баратканы белгиленди.

Дин комиссиясы кооптонууга негиз жок экенин, тийиштүү кызматтар коопсуздук маселесине көңүл буруп жатканына ишендирет. Дин таануучулар эл арасында агартуу иштерин жайылтууга кеңеш берет.

Парламенттеги "Ынтымак" фракциясынын депутаты Шарапаткан Мажитова 7-сентябрдагы жыйында кыз-келиндердин паранжы кийгенин сындады. Эл өкүлү Өзбекстандын парламенти паранжы кийүүгө тыюу салганын мисал келтирип, Кыргызстанда да ушул өңдүү чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

"Акыркы күндөрү капкара болуп паранжы кийгендер көбөйүп кетти. Мен аларды жоолук салынбасын дебейм, бул ар бир адамдын өз эрки. Бирок бетин чүмкөп алгандардын жеке идентификациясы таанылбай, коопсуздукка таасирин тийгизет. Мен бул тууралуу буга чейин да Дин башкармалыгына айткам. Биз мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсөк болбой калды".

Депутат Мажитова ушул эле маселени апрель айынын этегинде да көтөргөн. Ал Ошко социалдык пакет боюнча сертификаттарды тапшырганы барганда, аны алганы келген көпчүлүк аялдар көзү гана көрүнгөн кара кийимчен отурганын сындаган.

Буга чейин Ошто өткөн иш-чаралардын биринде хижабчан кыздар бетине чейин чүмкөнүп отурганы тартылган сүрөт талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын дин комиссиясынын башчысынын орун басары Замир Кожомбердиев өлкөдө дин саясаты мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал комиссия түшүндүрүү иштерин алгылыктуу жүргүзүп, коомчулуктагы радикалдашуунун алдын алууда женп ишендирди.

"Тийиштүү мамлекеттик органдар жана дин комиссиясы иш-чараларды жүргүзүүсүн токтоткон жок. Ведеомстволор аралык комиссия түзүлгөн, ал диний окуу жай, тийиштүү мекемелерди текшерип, алардын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алган. Кооптонууга олуттуу негиз жок".

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы ханафий- мазхабында аялдарга колду (алакан), бутту кызыл ашыкка чейин ачып жүрүүгө, жүзүн көрсөтүүгө уруксат берилерин билдирди.

Муфтият ошондой эле паранжы же никаб кийүү ар бир аялдын өз тандоосу экенин белгиледи.

"Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аурат деп эсептелет. Ооба, албетте, кээ бир аялдар бар, өзгөчө такыбалыгынан улам никаб менен жүзүн жаап коюшат, бул алардын тандоосу. Азыр хижабдын деңгээлине жете албай жатабыз. Андыктан хижаб азыркы учурга негизги парз деп эсептейбиз. Жараткан Алла Таала алдындагы милдетибизди аткарган болобуз. Аалымдар ар бир адамдын өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүү зарыл деп эсептешет".

Никаб деген эмне?

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, ал кара кездемеден жасалат. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

Паранжы деген эмне?

Паранжы - аялдардын баш кийими. Аны кийген аялдын көзү гана көрүнүп, ал тор менен жабылган.
Айрым ислам теологдорунун пикири боюнча аялдарга жүзүн жашыруунун кажети жок жана муну исламдын буйругу деп айтуу мүмкүн эмес.

"Паранжы кийүү сөзсүз эмес"

Мусулман аялдардын “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы такыба аялдардын паранжысын дароо чечтирүү кыйынга турарын айтууда. Маселен, Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, кандай кийинип жүрүүнү ар бир адам өзү чечет.

Ошондой эле ал мыйзам менен тыюу салуу аялдардын укугун чектеп, паранжысыз эшикке чыгуудан баш тарткан аялдардын саны көбөйүшү ыктымал деп чочулайт.

Фронтбек кызынын пикиринде, мамлекет эки-үч жыл түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аялдарга бул кийимден өз эрки менен баш тартуусуна шарт түзүү зарыл деп эсептейт.

"Радикалдашуу же экстремизмге паранжыны байлоо мүмкүн эмес. Кеп паранжыда эмес, кеп тийиштүү мекемелердин диний системадагы реформаларды жүргүзгөнүндө. Кайсы мекемелер кыздарды кандай багытта окутуп жатат, эмнеге паранжы кийүүгө пропаганда көп болууда деген жаатта иш алып баруу керек. Тыюу салгыдай биз авторитардык мамлекет эмеспиз. Коопсуздук жагынан алып карасак, балким кайсы бир кылмышкерди кармоого паранжы тоскоолдук жаратышы ыктымал. Бирок такыр эле тыюу салып койгон болбойт. Акырындык менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсө балким алар паранжысын чечип деле салат. Тыюу салгандан кийин көчөдө кетип бараткан бирөө алардын паранжысын жулуп алышы мүмкүн. Паранжыга тыюу салуу айрым аялдардын көчөгө чыгуусун чектеп коет, айрым аялдар ансыз коомго аралашуудан баш тартышы да ыктымал".

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулy соңку жылдары өлкө аймагында сакал өстүрүп, паранжы тагынгандар көбөйгөнүн белгиледи. Мындан улам ал өлкөдө кийинүү маданиятын эмес, диний аң-сезимге байланыштуу агартуу иштерин көбүрөөк жүргүзүү зарыл деген пикирде.

"Биздин өлкөнүн дин тармагы кризисте, бул турган нерсе. Дал ушул маселени паранжыны чечтирүү менен жоюп салабыз деген туура эмес. Дин жаатында аң-сезимди өнүктүргөн, илим-билимге ыктаган иштер жүргүзүлүшү зарыл. Бетин көрсөтпөй, кол кап кийип, башкалар менен сүйлөшпөгөндөрдү исламдын формалдуу жагына ыктап кеткендер деп атасак болот. Исламдын булагы Куран, анда уяттуу жерлерин, тактап айтканда "башындагы жоолугу менен көкүрөгүн жаап жүрсүн" деген аят бар. Аятта кийимдин өңү тууралуу айтылган эмес. Паранжы парз эмес, шарияттын негизинде жашайм дегендер бетин ачып, жоолук салынып алса ошол жетиштүү. Паранжы да, никаб да Пакистан жана Бангладештеги дин туткандардын жашоо-шартына, климатына, жашоо образына жана дүйнөгө болгон көз карашы, билим деңгээлине ылайык кийим. Аларды ээрчигенге мажбур эмеспиз, ислам муну буюрган эмес".

Кочкор уулу өлкөдө никаб, паранжы кийгендердин саны көбөйө берсе, бара-бара Кыргызстан байистүү өлкө деген атына жооп бербей калышы ыктымал экенин айтты.

Өзбекстан: Муфтий бети-башын чүмкөгөндөрдү сындады

Ал тапта Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров өткөн жума күнү ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтты.

Анын Ташкенттеги мечиттердин биринде жасаган кайрылуусунун видеосун Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.

"Ислам дининде кийинүүнүн бир формасы кабыл алынган эмес. Себеби, ал бир гана улутка же бир гана аймакка гана таандык дин эмес. Баары бирдей кийиниши керек десек, анда дин машакатка айланат. Аялдар кара кийинсин, жүзүн бекитип жүрсүн, колкап кийип алсын деген эреже биздин ханафий-мазхабында жок", - деген Холикназаров адамдарды чектен ашпоого үндөп, мусулмандар өзү жашаган аймактын маданиятына, климатына жараша кийиниши керектегин билдирди.

Ал мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, дамбал кийүүнүн кажети жоктугун кошумчалады.

Холикназаровдун "бети-башын чүмкөнгөндөр" деп сыпаттаган сөзү аялдардын көзү гана көрүнгөн никаб жана бүт денени жапкан узун көйнөктөрүнө тийиштүү.

2021-жылы Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы "Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги тууралуу" жаңы мыйзам кабыл алган. Ага ылайык коңшу өлкөдө коомдук жайларда хижаб кийип жүрүүгө уруксат берилген. Документте "диний кийим" түшүнүгүнүн укуктук аныктамасы жок.

Муфтий өзбекстандыктарды тар түшүнүктөгү диний эрежелерди коомчулукка жайылтпоого да чакырды. Ал ажылыкка, умрага барып келгендерди күтүп алууда ашкере салтанат өткөрүп жаткандарды, зыяратка барганын элге жар салып мактангандарды, Меккеге барып келгени үчүн өзүнө ашыкча урмат-сый ыйгарып алгандарды сындап, муну "чектен чыгуу" деп атады.

"Килемдерди метрлеп жолго төшөп, жаш балдарды алып келип, оозуна түкүртүүнүн баары ашыкча. Мындай кылбаш керек. Зыяратчы Аллахтын үйүнө зыярат кылып, батасын алат. Мындан башка эч нерсе жок", - деди Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчиси.

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда катаал диний көзөмөл жүргүзүлүп, аялдарга хижаб оронууга, эркектерге сакал-мурут коюуга уруксат берилген эмес. Мечиттерге чогулуп намаз окуу да сейрек кездешкен.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгени бул жаатта көзөмөл жумшарып, акыркы жылдары белгилүү инсандардын арасында элди мусулманчылыкка чакыргандар көбөйгөн.

Интернетте диний баракчалар ачылып, Исламдын эрежелери менен жашоого үндөгөн билдирүүлөр арбыды.

Ошондой эле 5-сентябрда Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартуу каралган мыйзам долбоорун жактырган. "Кылмыш жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске" өзгөртүү жана толуктоо киргизилген документте көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда. Сенат жактырып, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

"Казакстан светтик мамлекет"

Хижаб темасы коңшу Казакстанда да көп жылдан бери түрдүү талкууларды жаратып келет. Мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген маселе 2017-жылдан бери курч. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.

11-сентябрда Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынганын билдирди.

"Учурда мектептерде хижаб кийүү маселеси кайрадан актуалдуу болуп турат. Буга байланыштуу төмөндөгүлөрдү тактап кетким келет. Казакстан Конституцияга ылайык динден бөлүнгөн светтик мамлекет. Мамлекеттин бардык маселелери диний нормалар менен эмес, жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Ал эми жоболор мектеп формасын кийүүдө стандарттардын сакталышын талап кылат" деп билдирди казак аткаминер.

Ошол эле күнү Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Агабек Конарбайулы он жашка чейинки кыздарга хижаб кийүүнүн кереги жок экенин айтып, мусулмандарды муну эстен чыгарбоого чакырды.

"Жыл сайын жаңы окуу жылынын алдында жоолук салынган окуучу кыздарга байланыштуу коомдо түрдүү пикирлер айтылып келет. Бул көйгөй муфтият кызматкерлерин кайдыгер калтырбайт. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз компетенциясынын чегинде бул маселе боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды берди. Мусулман коомчулугунун өтүнүчү эске алынып, оң чечим чыгарылат деген үмүттөбүз", - деп жазды Агабек Конарбайулы Фейсбук баракчасына.

Быйыл апрелде АКШнын Эл аралык диний эркиндик комиссиясы (USCIRF) дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялаган.

Өзбекстан менен Казакстан "өзгөчө байкоо салуу" сунушталган 11 мамлекеттердин катарында. Кыргызстан бул эки категорияга да кошулбай, чөлкөмдө дин тутуу эркиндиги бар жалгыз өлкө катары көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG