Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

"Итке талатышкан". Москвада хижабчан аялдар көргөн кордук


Хижабчан аял. Иллюстративдик сүрөт.
Хижабчан аял. Иллюстративдик сүрөт.

Орусиянын баш калаасы Москвада жана анын айлана-тегерегинде үч күн ичинде мусулман кийимчен үч кыз басмырлоого кабылды.

Москвада беш баланы ээрчиткен чечен улутундагы аялга ит агытышкан, метродогу жүргүнчүлөрдүн бири мусулман кыздан хижабын чечүүнү талап кылган, ал эми Котельники шаарында көчөдө бир аял хижаб жамынып бараткан кызды согушка айдоону сунуштаган. Жабыркагандардын укугун коргоп чыккан адвокат дагы басмырлоого кабылды. Аны Украинанын кызыкчылыгына иштейт деп айыптап жатышат. "Кавказ.Реалии" кызматынын журналисттери Орусиядагы исламофобиянын жаңы толкунунун себебин аныктоого аракет кылышты.

1-сентябрда Москвадагы метродо жүргүнчүлөрдүн бири паранжа жамынып отурган кыздан кийимин чечип, "орус жигиттерди атайын аскердик операцияда (Орусия Украинадагы согушту ушундай атайт - ред.) өлтүрүп жатышкан маалда эл катары кийинип жүрүүнү" талап кылган.

Мындай басмырлоого кабылган Елизавета Барановская кайым айтышкан учурду жарым-жартылай телефонуна тартып калууга үлгүргөн. Видеодо жүргүнчүлөрдүн бири кызга болушуп жатканын көрүүгө болот.

Барановская кийинчерээк социалдык тармактарга жарыялаган видеодо исламды акылы токтолуп калган кезде өз эрки менен кабыл алганын айткан. Ал метродо баратканда кийимине асылган жүргүнчү жоолугун чечүүгө аракет кылганын билдирди.

"Эгер ал колу менен паранжамды чечүүгө аракет кылбаса, көп деле маани бермек эмесмин", - дейт Елизавета.

Барановскаянын адвокаты Аза Алиеванын айтымында, кыздын кийимине асылган кишини полиция суракка чакырган. Тергөө комитети азырынча кылмыш иши козголо электигин, алдын ала иликтөө жүрүп жатканын тактаган.

"Бул биздин өлкө"

Метродогу окуяга чейин Подмосковьеде мусулман кийимчен эки аялга эки башка жерде кол салуу болгон.

Алар иттерин балдарга карай агытып, "жеп салгыла" дешкен.

30-августта Московский кичи районунда (Жаңы Москва) балдары менен сейилдеп жүргөн хижабчан чечен улутундагы Аминага (аты өзгөртүлдү) ит жетелеген эки аял асылган. Камерага түшүп калган кадрлардан алардын бири Аминаны жерге жыгып, экинчиси тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Адвокат Руслан Нагиев "Кавказ.Реалии" сайтынын журналисттерине билдиргендей, Аминанын эки аял менен мурда-кийин тааныштыгы жок болчу.

"Ага чейин бул аялдар Аминанын динине шек келтирген сөздөрдү айтышкан. Алар иттерин балдарды көздөй агытып, "буларды жеп салгыла" дешкен. Аялдардын түрүнөн ичип алышып, алагүү абалында экени байкалат. Бир нече мүнөттөн кийин келинге кол көтөрүшкөн. Жабыркаган келиндин жанында ошол маалда беш бала бар болчу. Үчөө өзүнүн балдары, экөө жээндери", - дейт Нагиев.

Кечинде Аминанын күйөөсү Ахмад (аты өзгөртүлдү) балдарына тиш салган иттерди полиция келгиче атайын аянтчага камап койгон.

Буга кыжыры келген аялдардын бири Ахмадга таяк ыргытып, "мекениңе жогол, кет, бул биздин өлкө" деп кыйкырган.

Адвокаттын айтымында, Амина азыр тизесинен жараат алган, эми таяк менен жүрүүгө аргасыз. Жакында операция жасалат. Баласынын буттарына иттин тиши батып, колтук жагы жабыркаган.

Нагиев бул окуя боюнча полицияга арыз жазган. Азырынча кылмыш иши козголгону тууралуу кабарлана элек.

"Мен сага өлүм каалайм"

31-августта Москва облусунун Котельники шаарында жабык кийинип бараткан Самираны жөн эле көчөдө өтүп бараткан аял эки мүнөт артынан ээрчип, аны Украинага согушка жиберүү керек экенин айтып кемсинткен.

Жабыркаган кыз мындай агрессивдүү аялга соода борборунун жанынан туш болгон. Бул тууралуу анын адвокаты Аза Алиева айтып берди.

"Ал аял Самиранын хижабчан экенин көрөрү менен "маймыл" деп кемсинте баштаган. Самира абдан сабырдуу болгондуктан, "сизге да бардык жакшылыктарды каалайм" деген. Тиги аял "мен сага өлүм каалайм" деп кыйкырган. Ошондо гана Самира телефонго тарта баштаган", - дейт Алиева.

Адвокат полицияга Самираны кемсинткен аялды жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен арыз жазган.

"Видео кылмыш ишин козгоого негиз болуп бере алат. Ал эми андан ары аялдын кемсинткен сөздөрүн далилдөө үчүн лингвистикалык экспертиза керек", - деп түшүндүрдү Алиева.

Тартип коргоо органдары бул окуя боюнча комментарий бере элек. Ал эми федералдык НТВ каналы Алиеваны “согушкер Хаважи Магомадов сыяктуу ар кандай экстремисттердин адвокаты” деп атады. Алиева эч качан Магомадовду жактабаганын айтууда.

Өзүн “исламдын коргоочусу” катары сыпаттап жүргөн Чеченстан жумуриятынын башчысы Рамзан Кадыров үч окуя боюнча тең үн каткан жок. Болгону республикадагы адам укуктары боюнча өкүлү Мансур Солтоев прокуратураны метродогу окуяны көзөмөлгө алууга чакырды.

"Элди агрессивдүү пропагандага сугарып жатышат”

Улутчулдук жана ксенофобия маселесине адистешкен украиналык "Сова" эксперттик тобунун башчысы Михаил Савванын пикиринде, Украинадагы согуш чет элдиктерге каршы агрессияны күчөттү. Ал мындай оюн "Кавказ.Реалии" сайтына бөлүштү.

"Бул башка улуттагы жана диндеги адамдар болушу мүмкүн. Салттуу ислам кийимин кийген аялдар тышкы келбети менен айырмалангандыктан, мындай жек көрүүнүн биринчи курмандыктары болот", - деди ал.

Бул акырындап жарыла турган бомба жана Кавказ менен Орусиянын башка аймактарынын ортосундагы жараканын тереңдеши

Паранжы кийген аялдар Түндүк Кавказда дагы басмырлоого туш болууда. 2020-жылы Чеченстандын муфтийи Салах Межиев бир гана көзүн ачык калтырган кийимчен жети аялды кекеткен.

Мамлекеттик "Грозный" телеканалынын камераларынын алдында аларды жүзүн көрсөтүүгө мажбурлашып, ал эми паранжыны "исламга тиешеси жок, Жакынкы Чыгыштагы элдердин улуттук кийими" деп аташкан.

Савванын айтымында, Орусиянын атайын кызматтары паранжыны "террордук коркунуч" катары сыпаттоо менен жек көрүүчүлүктү күчөтүп жатышат.

Чыгыш таануучу Руслан Сулаймановдун айтымында, мындай пропаганданы бийлик элди согуш, экономика темасынан алаксытуу үчүн атайын уюштурушу ыктымал.

"Мигранттарга азыр ашыкча көңүл буруп жатканын байкап турам. Маселен, соңку кездери борбор азиялыктарга каршы рейддер өтүп жатат. Алар учурда федералдык маалымат каражаттарынын көңүл борборунда болууда. Менимче, мунун баары элди согуштан жана экономикалык көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн да болуп жатат", - деди Сулайманов.

Сулейманов метродо же паркта асылгандар мусулман аялдарды жарандыгы боюнча деле айырмалабай турганын айтат.

"Жашырганда эмне, орусиялыктардын көбү үчүн Түндүк Кавказдан, ошол эле Чеченстандан жана Дагестандан чыккандар мекендеш катары кабыл алынбайт. Узак мөөнөттүү келечекти алганда, бул акырындап жарыла турган бомба. Мунун баары Түндүк Кавказ республикалары менен Орусиянын башка аймактарынын ортосундагы жараканы дагы тереңдетет жана жикчил тенденциялардын күчөшү менен кооптуу. Бул окуялар Дагестандын же Чеченстандын тургундарын өз жарандары катары кабыл алышпай турганын айгинелейт. Аларда "анда эмнеге биз бир чатырдын алдында жашашыбыз керек" деген каршылык маанайды жаратышы мүмкүн", - деди Сулайманов.

XS
SM
MD
LG