Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

"Бизде азырынча тажрыйба жетишсиз". Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары


 Кыргызстан жана Өзбекстан курамаларынын беттиши. 10-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргызстан жана Өзбекстан курамаларынын беттиши. 10-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда Өзбекстан курама командасы менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилди.

Футбол серепчилери оюн өтө мыкты өткөнүн айтканы менен, айрымдары "жакшы оюн үчүн упай берилбей турганын", "Ак шумкар" эки оюнда натыйжага жетишпегенин айтууда.

Алдыда кыргыз футбол курамасын дагы сегиз беттеш күтүп турат.

Эки кураманын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү. Алгачкы голду Кыргызстандын чабуулчусу Жоэл Кожо 15 мүнөттө киргизди. Эки мүнөттөн кийин өзбек футболчулары эсепти теңдеди. Мында Элдор Шомуродов өзгөчөлөндү.

35-мүнөттө Одилжон Абдурахмановдун голу менен Кыргызстан кайрадан алдыга чыкты. Бирок биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө Хусниддин Аликулов дагы бир гол киргизип, 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Кыргыз футболчулары голду майрамдап жаткан учуру.
Кыргыз футболчулары голду майрамдап жаткан учуру.

Экинчи таймда өзбек футболчусу Остон Урунов 72-мүнөттө гол киргизип, беттеш Өзбекстандын жеңиши менен жыйынтыкталды. "Ак шумкарлар" оюндун акырында бир нече жолу чабуулга чыкканы менен, майнап чыккан жок.

Өзбекстандын футбол курамасынын чабуулчусу Жалалиддион Машарипов оюндан кийин буларды айтты:

"Биз Кыргызстан курамасынын өз оюн талаасында, өз күйөрмандары астында жакшы ойноорун билет элек. Оюнда каталарыбыздын айынан эки гол киргизип алдык. Бирок балдар тез эле өзүнө келип, камбэк жасай алдык. Күткөн жыйынтык менен үйгө кайтабыз", - деди ал.

Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы. Жалалиддион Машарипов 10-номерде.
Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы. Жалалиддион Машарипов 10-номерде.

Буга чейин 5-сентябрда болгон 3-раунддун 1-турунда Кыргызстан Иран курамасына 1:0 эсебинде жеңилген. Өзбекстан Түндүк Кореяны 1:0, Бириккен Араб Эмираты Катарды 3:1 эсебинде утуп алган.

Кыргызстандын футбол курамасынын капитаны Валерий Кичин эки оюндун жыйынтыгы тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

"Биринчи оюндун алдында бизге тажрыйба жетишпей калышы мүмкүн экенин айткан элем. Биз бул раундда жаңыбыз. Бизде жаш жигиттер көп. Жакшы жыйынтыкка келүү боюнча тажрыйбабыз аз. Иран менен болобу, Өзбекстан менен болобу, жакшы оюн көрсөттүк. Бул эки күчтүү команда. Бирок биз оңой эмес атаандаш экенибизди көрсөтө алдык. Мындан ары да күрөштү улантабыз. Өзүбүз даярдангандай ойнойбуз жана алдыдагы ар бир оюндан тажрыйба алганга аракет кылабыз. Ансыз болбойт. Биз бул раундда биринчи жана акыркы болбойбуз деп ишенем. Баары жаңыдан башталууда. Анткени биз Азия Кубогуна биринчи жолу катышканыбызда жаңылык болсо, эми ал Кубокто үчүнчү жолу ойногону жатабыз. Футбол өлкөсү катары өсүп жатабыз. Натыйжа акырындык менен келет деп ойлойм", - деди футболчу.

Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары өз тарыхында 11 жолу беттешип, бардык беттештерде өзбек футболчулары жеңишке жеткен.

Кыргызстан Футбол боюнча дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тобуна Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.

Кыргызстан Өзбекстан курамаларынын беттешин көрүү үчүн Бишкекке келген өзбек спорт журналисти Нодирхожа Юлдашев кыргыз курамасынын дарамети тууралуу буларды айтты:

"Атаандаштарды сыйлайбыз. Бирок мен Кыргызстан курамасынан мындай жакшы оюн күткөн эмесмин. Өзбекстан бул тайпадагы фавориттердин бири. Ага каршы кыргыз футболчулары өтө мыкты оюн көрсөттү. Биринчи Иран менен болгон беттешти да көрдүк. Эки оюнда тең упай алганга мүмкүнчүлүк бар эле. Тилекке каршы, жакшы оюн үчүн упай берилбейт. Эми алдыдагы оюндарда БАЭ менен Катардан упай алып, Өзбекстан курамасына жардам берет деп үмүт кылам. Тайпада, албетте, Иран өтө күчтүү. Аларда мүмкүнчүлүк бар. Бирок азыркы Азия чемпионатындагы оюндарды эске ала турган болсок, бир команданы баса белгилеп айтуу кыйын. Сенсациялар өтө көп. Бардык командаларда мүмкүнчүлүк бар. Анан калса Кыргызстандын төртүнчү раунддан деле Дүйнө чемпионатына чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Андыктан ийгилик гана каалайм".

3-раунддун 2-турундагы калган беттештерде Иран Араб Эмиратынын курамасын 1:0 эсебинде утса, Катар менен Түндүк Корея 2:2 эсебинде тең ойноду.

Азырынча экинчи турдун жыйынтыгында 6дан упай алган Өзбекстан менен Иран тайпада алдыда келе жатат. Үч упай алган Араб Эмираты курамасы үчүнчү катарда. Түндүк Корея менен Катарда бирден упай бар. Кыргызстанда азырынча упай жок.

Кыргыз футболчулары алдыда 10-октябрда Катарда, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея менен, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.

Ак шумкардын күйөрманы.
Ак шумкардын күйөрманы.
Өзбекстан курамасынын күйөрмандары.
Өзбекстан курамасынын күйөрмандары.
Кыргызстан жана Өзбекстан курамаларынын беттешин көрүү үчүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков ат. стадионго 14 миңдей көрүүчү келди.
Кыргызстан жана Өзбекстан курамаларынын беттешин көрүү үчүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков ат. стадионго 14 миңдей көрүүчү келди.

5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылы июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

Тайпалардын тизмеси:

A тайпасына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея.

В тайпасына Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт.

С тайпасына Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар: Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабиясы (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет).

XS
SM
MD
LG