Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Стадиондогу чыр. Мирбек Ахматалиев камалып, футболдон четтеди


Сүрөт Мирбек Ахматалиевдин Инстаграмдагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Мирбек Ахматалиевдин Инстаграмдагы баракчасынан алынды.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирбек Ахматалиев бир айга камакка алынып, футболдон беш жылга четтетилди. Ал командалашына кол көтөргөн деп айыпталууда.

Спортчулар арасындагы бейбаштык маселеси боюнча талкууга жем таштаган окуя футбол боюнча улуттук команда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасына даярданып жаткан учурга туш келди.

"Мурас Юнайтед" футболдук клубунан чыгарылган Мирбек Ахматалиевди 22-сентябрга чейин камакка алуу боюнча чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Соттун маалыматы боюнча, спортчуну камакка алуу өтүнүчүн судьяга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен айып тагылууда.

Ушул жылдын 15-августунда Бишкектеги “Сельмаш” стадионунда "Мурас Юнайтед" клубунун машыгуусунда Мирбек Ахматалиев менен Евгений Терзи чырдаша кеткен.

Анда Евгений Терзинин жаагы сынганы айтылган. Окуядан кийин клуб Мирбек Ахматалиев жана машыктыруучулар штабы менен эмгек келишимин үзгөн.

"Мурас Юнайтед" клубунун футболчулары. Мирбек Ахматалиев 8-номерде (биринчи катарда ортодо) Евгений Терзи 99-номурда (экинчи катарда оңдон биринчи) беттешке чыккан учуру. 23-июль, 2024-жыл. Сүрөт "Мурас Юнайтед" клубунун Инстаграммдагы баракчасынан алынды.
"Мурас Юнайтед" клубунун футболчулары. Мирбек Ахматалиев 8-номерде (биринчи катарда ортодо) Евгений Терзи 99-номурда (экинчи катарда оңдон биринчи) беттешке чыккан учуру. 23-июль, 2024-жыл. Сүрөт "Мурас Юнайтед" клубунун Инстаграммдагы баракчасынан алынды.

26-августта Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү ишмердиктин бардык түрлөрүнөн беш жылга четтеткенин билдирди.

“2024-жылы 22-августта Кыргыз футбол биримдигинин Дисциплинардык комитетинин отурумунда "Мурас Юнайтед" клубунун кайрылуусу каралды. Дисциплинардык комитети тартип бузуу жөнүндөгү иштин чоо-жайы менен таанышып, КФБнын Дисциплинардык кодексинин №118 беренесине ылайык, Мирбек Ахматалиевди футболго тиешелүү ишмердиктин бардык түрлөрүнөн беш жылга четтетүү чечимин кабыл алды. Кыргыз футбол биримдиги агрессия жана зордук-зомбулук көрсөткөн деструктивдүү аракеттерди айыптайт”, - деп жазылган анда.

Уюмдун билдирүүсү кыргыз футбол коомчулугунда кызуу талкууга алынды. Айрымдар футболчуга өтө катаал жаза каралганын айтышса, калгандары тартипти бекемдөөнү жактап жатат.

30 жаштагы чабуулчу Мирбек Ахматалиев "Мурас Юнайтед" футболдук клубу менен быйыл 6-июлда ушул жылдын аягына чейин келишим түзгөн. Ал буга чейин Канттын "Абдыш-Ата" клубунда ойноп, эки жолу (2022-2023-жылдары) өлкө чемпиондугун уткан.

Украиналык 27 жаштагы жарым коргоочу Евгений Терзи ушул жылдын июль айында "Мурас Юнайтед" футболдук клубу менен келишим түзүп, Кыргызстанга келген. Ал буга чейин украиналык, латвиялык, литвалык жана грек клубдарында ойногон.

Ахматалиевдин адвокаттары маалымат бере элек. "Азаттыктын" Евгений Терзи менен байланышуу аракетинен да азырынча майнап чыга элек. Ал өзү аралашкан окуянын чоо-жайы тууралуу комментарий берген эмес.

"Мурас Юнайтед" клубунун жетекчиси Айбек Алыбаев буларга токтолду:

“Футбол бул бокс эмес, кикбоксинг эмес. Анын үстүнө биз меймандос элбиз. Чет өлкөдөн адамдар келип биздин футболго салымын кошуп ойнойбуз деп атса, аны уруп, жаагын сындырып койсо, бул туура эмес көрүнүш, муну биз айыптайбыз. Эч бир адамдын бирөөгө кол көтөргөнгө укугу жок. Маселени сүйлөшүп чечиш керек болчу. Футбол биримдигинин чыгарган чечимине кошулабыз. Башкаларга да сабак болушу керек. Укук коргоо органдарына биз кайрылган эмеспиз. Ал факты боюнча футболчу ооруканага кайрылганда эле укук коргоо органдары изилдешет да. Балким, ошонун негизиндедир. Бардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Ар бир адам мыйзамга баш ийиши керек. Ошондо мамлекетте тартип болот. Эгер мыйзамсыз болсо, аны териштирүү үчүн адвокаттары иштеши керек. Клуб катары Мирбекке кандай жардам керек болсо берип жатабыз”, - деди ал.

Алыбаев окуя клубдун беттештериндеги жыйынтыктарга таасир эткенин да кошумчалады.

Эки футболчунун урушу өз ара айтыштан улам келип чыкканын, ушул окуядан кийин иштен кеткен “Мурас Юнайтед” клубунун мурдагы машыктыруучусу Вячеслав Левчук билдирди. Ал тараптар өз ара элдешкени менен, окуянын арты эмнеге ызы-чуу менен аяктаганы түшүнүксүз экенин айтты:

"Бул кадимки машыгуу учуру болчу. Машыгууну жыйынтыктап жатканбыз. Мирбек менен Евгений айтыша кеткен. Евгений көп сүйлөдү. Эмнеден улам айтыша кеткенин так уккан жокмун. Ал жерде эч кандай мушташ болгон жок. Бир эле жолу муштаган. Аны мен өзүм да көрбөй калдым. Мирбек өзү мүнөзү жакшы, тартиптүү футболчу болчу. Бирок эмне болуп кеткенин билбей калдык. Мирбекти актабайм. Кол көтөргөнү өтө жаман көрүнүш. Машыгуу бүткөн соң экөө кол алышып, элдешкенин өз көзүм менен көргөм".

Журналист, футбол баяндамачы Бахтияр Кыдыралиев Кыргыз футбол биримдигинин тартип комитети футболчуну өтө катаал жазалады деген пикирде:

Бахтияр Кыдыралиев.
Бахтияр Кыдыралиев.

"Беш жылга четтетүү бул өтө көп. Себеби футболчу буга чейин эрежелерди бузуп же андан башка дагы жагдайларга кабылганын уккан эмеспиз. Командада деле өзүн татыктуу алып жүргөн. "Абдыш-Ата" клубунун капитаны болуп жүрүп, быйыл "Мурас Юнайтед" клубуна өткөн болчу. Негизи футболдо командаларда уруштар болуп келгени менен, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып, резонанс жараткан учур болгон эмес. Футбол биримдиги футболчулардын башка учурларда укугун коргошпойт, карашпайт деле. Бирок аларды жазага тарткан жагынан өтө эле катаал чараларды көрөт. Буга чейин деле канчалаган футболчулар айлык ала албай, укуктары тебеленген учурда Кыргыз футбол биримдигинин тартип комитетине кайрылышканда, ал жактан тийиштүү чечим болгон эмес. Футболчуларды жазалоого келгенде катаал чаралар колдонулат. Конфликттен кийин эле Мирбекти УКМК алып кеткен болсо, ал жок кезде эле, пикирин укпай туруп эле бир тараптуу чечим чыгаргандай таасир калтырууда".

Жарым коргоочу, чабуулчу позицияларда ойногон Мирбек Ахматалиев 2022-жылы "Абдыш-Ата" командасынын катарында Кыргызстандын футбол чемпионатындагы “Жылдын мыкты футболчусу” деп табылган.

Ал 12 жашынан бери футболго аралашып, Кыргызстандагы "Алга", "Дордой", "Алай", "Каганат" өндүү бир катар клубдарда, малайзиялык жана түркиялык клубдарда да ойногон. 2016-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасына чакырылып, жалпы жети оюнга катышкан. Акыркы жолу ал 2023-жылдын декабрь айында улуттук курамага чакырылган.

Мирбек Ахматалиев.
Мирбек Ахматалиев.

Жалал-Абад шаарынын “Мурас Юнайтед” клубу 2023-жылы негизделген. Ошондон тартып Кыргызстандан футбол чемпионаты болгон премьер-лигада ойноп келет. 18-турдун жыйынтыгы менен учурда мелдеш жадыбалында 33 упай топтоп ("Абдыш-Ата" жана "Дордой" клубдарынан кийин) 10 команданын ичинен үчүнчү орунда келе жатат.

Жосунсуз жоругу үчүн жаза алган футболчулар

  • 2011-жылы ошондогу Кыргызстандын футбол федерациясынын тартип комитети "Алай" клубунун футболчусу Улукбек Рыскуловду беттеш учурунда калыстын жардамчысына кол көтөргөнү үчүн 10 беттешке четтетип, 5 миң сом айып пул салган. Ушул эле жылы Кыргызстандын футбол чемпионатынын Биринчи Лигасында ойногон "Ветка" командасынын оюнчусу Арсен Эркесариевди оюн учурунда калысты сабаганы үчүн сегиз оюнга четтетип, 2000 сом айып пул салган.
  • 2018-жылы Оштун "Алай" жана Бишкектин "Алга" командалары беттешип жаткан учурда эки оюнчу мушташа кеткен. Оюн талаасында башталган жаңжал беттештен кийин стадиондун сыртында уланганы, ага күйөрмандар да аралашканы айтылган. Ошондо тартип комиттети “Алга” клубуна коомдук тартипти сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн 50 миң сом айып чегерип, “Алай” клубунун оюнчусу Алиа Силланы 10 оюнга дисквалификациялаган.
  • 2020-жылы ошондогу "Алай" командасынын машыктыруучусу Бакыт Маматов беттеш учурунда калыска кол көтөргөнү үчүн футболдон алты айга четтетилген. Кийинчерээк тартип комитети Маматовдун аппеляциясын карап чыгып, анын жазасын өзгөртүп, алты оюнга четтеткен да, 55 миң сом айып пул салган.
XS
SM
MD
LG