Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Футбол: Кыргызстан Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилди


Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамаларынын беттеши. 10-сентябрь, 2024-жыл, Бишкек
Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курамаларынын беттеши. 10-сентябрь, 2024-жыл, Бишкек

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда Өзбекстан курама командасы менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилди. Беттеш 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү. Беттештин биринчи таймы 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюндун 73-мүнөтүндө Өзбекстандын пайдасына бир гол жазылып, беттеш Өзбекстандын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Оюндагы голдор Кыргызстан тараптан Жоэл Кожо (15-мүнөт), Одилжан Абдурахманов (35-мүнөт), Өзбекстан тараптан Элдор Шомуродов (17-мүнөт), Хуснидин Аликулов (45-мүнөт) жана Остон Уруновго (72-мүнөт) таандык.

Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тобуна Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.

Буга чейин 5-сентябрда болгон 3-раунддун 1-турунда Иран Кыргызстанды 1:0 эсебинде жеңсе, Өзбекстан Түндүк Кореяны 1:0, Бириккен Араб Эмираты Катарды 3:1 эсебинде утуп алган. Учурда 2-турда Араб Эмираты менен Ирандын командалары беттешип жатат. Катар менен Түндүк Корея 2:2 эсебинде тең ойноду. 2-турдан кийин азырынча 6 упай менен Өзбекстан тайпада алдыда келе жатат. 4 упайдан эсебинде бар Араб Эмираты менен Иран курамалары экинчи жана үчүнчү катарда бара жатат. Түндүк Корея менен Катарда бирден упай бар. Кыргызстанда азырынча упай жок.

Кыргыз футболчулары алдыда 10-октябрда Катарда, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея менен, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.

5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

Тайпалардын тизмеси:

A тайпасына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея.

В тайпасына Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт.

С тайпасына Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар - Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет). (ECh)

XS
SM
MD
LG