Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн жарымын бириктирди


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын курамасы негиздөөчү катары биринчи чыкты. 8-сентябрь, 2024-жыл.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын курамасы негиздөөчү катары биринчи чыкты. 8-сентябрь, 2024-жыл.

Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Улуттук оюндарды камтыган иш-чараны Кыргызстан 10 жыл мурда демилгелеп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчүсү Түркияда уюштурулган эле.

Бул аралыкта көчмөндөр оюндарынын масштабы кеңейип, дүйнөнүн жарымынын башын кошкон деңгээлге жетти. Түрк тилдүү мамлекеттер, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул оюн өзгөчө мааниге ээ болуп калды.

Улуттук оюндар даңазасы

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 8-сентябрдын кечинде “Астана Арена” стадионунда өтүп, эки сааттык иш-чараны жеринде 30 миңден ашык адам көрдү. Кеминде 19 өлкөнүн телеканалдары түз алып көрсөтүп, интернет аркылуу миңдеген киши күбө болду.

Оюндун өзүнө 89 мамлекеттин өкүлдөрү келип, параддан өттү. Мелдештерге 3 миңден көбүрөөк спортчу катышары кабарланган, соңку эсепте 2,5 миңдей катышуучу келгени маалымдалды. Анын ичинде Казакстандан сырткары Кыргызстандан, Кытайдан, Венгриядан, Монголиядан жана Орусиядан эң көп спортчу келди. Гана, Эфиопия, Нигерия сыяктуу Африка өлкөлөрүнөн орточо келсе, АКШ, Германия, Чехия, Франция сыяктуу мамлекеттерден азыраак болду.

Олимпиада оюндарында Грекиянын курамасы жол баштап чыкса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында демилгечи катары Кыргызстандын командасы биринчи чыкты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул иш-чара көчмөндөрдүн мурасы даңазалай турганын белгилеп, оюндарды баштаган Кыргызстанга ыраазычылык айтты:

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

“Улуу талаанын көчмөндөрү эзелтен Евразияны мекендеп келишкен. Алар өз доорунун жаңы технологияларына ээлик кылуу менен дүйнөлүк прогресске таасир этти. Беш миң жыл мурун көчмөндөр жылкыны колго үйрөтүп, ат минүү маданиятын калыптандырды. Кубаттуу курал-жарак менен ажайып зер буюмдарын чыгарышты. [...] Көчмөндөр Батыш менен Чыгыштын ортосунда көпүрө болуп, маданияттардын жакындашына салым кошту. [...] Он жыл мурун ушул жарышты алгач уюштурган кыргыз боордошторго алкыш айтамын. Бул – улуттук спорт түрлөрүнүн дүйнөдөгү эң ири жарышы. Муну Көчмөндөр олимпиадасы деп атоого да болот. Бул оюндар көчмөндөр цивилизациясын дүйнөгө жайылтат”, – деди ал.

Ачылыш аземге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президентинин атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов, Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев жана Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаяр катышты. Мындан сырткары иш-чарада БУУнун, ЮНЕСКОнун, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да болду.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан президенттер. 8-сентябрь, 2024-жыл.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан президенттер. 8-сентябрь, 2024-жыл.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын федерациялар эмес, өлкөлөр өткөрүп жатканы менен улуттук спорттор боюнча бир нече федерациялардын өкүлдөрү да сөз сүйлөдү.

Түркиянын президентинин уулу, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган да кеп салды:

Билал Эрдоган
Билал Эрдоган

“Мен Казакстандын борбору Астанага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн келгениме өзгөчө кубанычтамын. Бул спорттун салттуу түрлөрүн бириктирүү үчүн эле эмес, биздин маданий мурастарыбызды сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүүгө чечкиндүү аракеттерибизди көрүп жатканыбызды дүйнөгө көрсөтүү үчүн өтө маанилүү окуя. Мен Улуу талаа девизи менен өтүп жаткан Астанадагы бул баалуу оюндар спортту сүйгөндөр ортосунда достукту, кызматташтыкты, маданий алаканы арттыруу менен чектелбей, бардык өлкөлөр ортосунда, өзгөчө Түркия менен Казакстандын ортосунда достукка да чоң импульс берет”.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат. Оюндардын алды башталды. Иш-чара 13-сентябрга чейин уланат.

Кыргызстандын курама командасы. 8-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандын курама командасы. 8-сентябрь, 2024-жыл.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышууда. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Оюндардын саясий ролу

Маалым болгондой, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи ирет 2014-жылы Кыргызстанда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн. Алгач аны эл аралык оюндарга айлантуу максат кылынып, кийинки оюндар Түркияда өтүшү мүмкүн экени айтылган. Кыргызстан менен Түркиянын ошо кездеги бийлигинин ымаласы муздап кеткенден улам, ал ишке ашпай калган.

Натыйжада Кыргызстан 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 2018-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өзү өткөргөн. 2020-жылы пандемияга байланыштуу оюндар болбой калып, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында уюштурулду. Андан соң оюндарды өткөрүү Казакстанга тийди. VI көчмөндөр оюндарын Өзбекстан өткөрөт деп күтүлүүдө.

Казакстандын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча дирекциясынын башчысы Наил Нуров казак блогерине берген соңку интервьюсунда ушул жөнүндө айта кетти:

Наиль Нуров
Наиль Нуров

“Биз оюндар бизде өтөрүн былтыркы жылы февралда Түрк мамлекеттер уюмунун жыйындарынын биринде билдик. Биздин мамлекеттин лидери Көчмөндөр оюндарынын географиясын кеңейтип, Астанада өткөрүүнү өтүнгөн. Менимче, бул негиздүү жана маанилүү. Анткени, Казакстан көчмөн цивилизациясынын очогу экенин көрсөтүшү керек эле. Эгер Көчмөндөр оюндарын өткөрүп баштасак анда, биз да алгачкылардын бири болушубуз керек. Менимче биздин артыкчылыгыбыз, биз биринчи ирет бул оюндарды системалаштырдык. Кесиптештерди сындабай эле коёюн, бирок буга чейин ал этнофестиваль сыяктуу, баары аралашып өтүп калчу. А биздин оюндар бир топ системалуу түрдө болуп жатат. Учуру келгенде айта кетейин, келерки оюндарды өткөрүүнү өтө кыйынчылык менен өзбектер алышты. Кезинде талаш чыгып кеткенде мен керек болсо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун алуу Кышкы олимпиада оюндарга болгон укукту алуудан да татаал болуп кетти окшойт деп ойлоп калдым. Биздин кыргыз боордоштор башында бул оюндарды өздөрү гана өткөрүп турууну пландашкан эмеспи, оюндар мынчалык масштаб аларын күтүшкөн эмес. Албетте, мен муну тамаша-чыны аралаш айтып жатам деңизчи, бирок алар соңунда Жинди бөтөлкөдөн чыгарып жибергендей болушту. Бирок алар баары бир автор катары калат жана катышуучулардын парадын Кыргызстан ачып туруусу салтка айланышы керек деп ойлойм”.

Ооба, оюндун масштабын кеңейгенин ага катышкан өлкөлөрдүн санынан да билсе болчудай. Айталы, биринчи I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 мамлекеттен 500дөй киши келсе, II оюндарга 60тай мамлекеттен 1000дей спортчу катышкан. Үчүнчү оюндарда да мындан бир аз ашып, Түркияда өткөн төртүнчү оюндарда 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Казакстандагы катышуучу өлкөлөр да 89 экенин айттык.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылышы өткөн “Астана Арена”. 8-сентябрь, 2024-жыл.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылышы өткөн “Астана Арена”. 8-сентябрь, 2024-жыл.


Бириккен Улуттар Уюмунда 193 мамлекет мүчө жана 2 мамлекет байкоочу экенин эске алганда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дээрлик дүйнөнүн жарымынын башын бир жерге бириктирди десе болчудай. Анын ичинде түрк тилдүү мамлекеттер бул оюнду өзүн көрсөтүүнүн жолу катары колдоно башташты.

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында Кыргызстандын Туризм департаментин жетектеген Максат Чакиев буларга токтолду:

Максат Чакиев
Максат Чакиев

“Бул оюндарды баштап жатканда бир гана максат бар болчу – Олимпиада оюндарына альтернатива жасоо. Себеби, ал жана башка эл аралык оюндар саясатташып, коммерциялашып кетпедиби. Ар бир спорттун өзүнүн кожоюну, өзүнүн акционери бар. Өзгөчө Олимпиада оюндарынын түрлөрү боюнча оюндарга, же ошол эле футбол, хоккей боюнча оюндар бизге окшогон үчүнчү өлкөлөргө жеткиликсиз болуп калды. Жабык клуб сыяктуу эле болуп калган. Акыркы Олимпиада оюндары спорт ансайын саясий курал болуп калганын көрсөттү. Мына ушунун баарын карап, бизге окшогон акчасы аз мамлекеттер үчүн өзүнчө этноспорт боюнча оюндарды өткөрүүнү демилге кылганбыз. Дүйнөдө этно спорт менен кесип катары машыгып жаткан 500дөн ашык федерация бар экен, мына ошолордун эле башын бириктирсек болорун түшүндүк. Көчмөндөр оюндары мына ушинтип башталган. Кадимки спорттун технологияларын, брендинг, маркетинг, менежмент, калыстар жана башкаларын этноспортко ыңгайлаштырдык. Тилекке каршы авторлор тобундагылар бири “спорттук мелдеш болсун” деп, экинчи тобу “фестиваль катары болсун” деп талашып, экиге бөлүнүп кеткенбиз. Азыр оюндар фестиваль багыты менен кетип баратат. Жарыш элементи анча өөрчүбөй, шоу катары гана элди кызыктырып жатат. Көчмөндөр оюндары Олимпиаданын деңгээлине жетишине али көп бар. Буга дагы бир себеп бар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары азыр түрк тилдүү элдердин гана оюнуна айланып калды. Ачылышында да бүт түркий тилдүү өлкөлөрдүн лидерлери келди, ушуга тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү катышты. Биз эгер муну дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып, Түштүк Америкадагы, Европадагы тарыхы көчмөн мамлекеттерге, же Жапония сыяктуу өлкөлөргө өткөрүп беребиз десек анда бул оюнду дагы да масштабдуу деңгээлге чыгарышыбызга туура келет”.

Баса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жаңы айлампасы өткөн сайын Кыргызстандын ичинде анын авторлугуна байланыштуу талкуулар күчөйт.

Бир тарабы демилгени мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Адахан Мадумаровго такаса, экинчи тарабы биринчи оюн өткөн маалдагы Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев менен Ысык-Көл облусунун экс-башчысы Асхат Акибаевди атап, талашып келишет.

Башкалары демилгени “Манас” эпосунун 1000-жылдык мааракесинде, 1995-жылы режиссёр Болот Шамшиев көтөргөнүн жазышса, кээлери Таалай Эсеналиев аттуу ишкер идеяны 2005-жылы патенттен өткөргөнүн белгилешет.

Канткен күндө да бул кезинде жапырт аткарылган иш болду жана дүйнө үчүн Кыргызстан автор болуп калды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG