Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Кыргызстан-Өзбекстан футбол беттеши учурунда коопсуздукка үч миңдей милиционер көзөмөл кылат


Кыргызстандын футбол курама командасы. Июнь, 2024-жыл.
Кыргызстандын футбол курама командасы. Июнь, 2024-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол оюну учурунда Бишкекте коопсуздукка үч миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөл кылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-сентябрда маалымдады.

Милиция футбол күйөрмандарын стадионго беттеш башталардан 2 саат эрте келүүгө чакырып, айнектен жана пластиктен жасалган бөтөлкөлөр, пиротехникалык заттарды стадионго алып кирүүгө тыюу салынарын эскертти.

Оюн 10-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Аталган стадион жакында эле реконструкцияланган.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион – Бишкекте эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталган. Курулушу 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн.

1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG