Европа парламенти үчүнчү тараптар, анын ичинде Орусия пропагандасына туруштук берүү резолюциясын кабыл алды. Буга орусиялык маалымат каражаттарынын Евробиримдикте бир беткей жана үгүт материалдарын жайылтканы себеп делет.
Польшалык депутат сунуш кылган долбоордо орус бийлиги Russia Today (RT) жана "Спутник" өңдүү маалымат агенттиктери, "Россотрудничество", "Русский мир" фонддору аркылуу Евробиримдиктеги айрым күчтөргө таасир этүү максатында үгүт жүргүзүп, бурмаланган маалыматтарды таратып жатканы айтылат. Муну менен шаркеттин жашоочулары арасында чыгыш кошуналары, асыресе Украина тууралуу терс пикир жаратууну көздөшүүдө делет.
Демилгени колдогон депутаттардын бири Ребекка Хармс маселе бышып жетилгенин айтууда:
- Европарламент эбак маалыматтык согуш чакырыктарына жооп берип, акылга сыярлык, омоктуу сунуштарды бериши керек эле. Азыр да мунун ыңгайы келип турат. АКШдагы үгүт учурун алалы. Брексит кампаниясы учурунда деле пропаганданын таасири кандай экенин, ал Евробиримдиктин ички байланыштарын алсыздандырууда кандай колдонулганын көрбөдүкпү.
Ошондой эле резолюцияда интернет жана социалдык тармактарда атайын уюштурулган адамдар да пропаганда үчүн кеңири колдонулары айтылат. Биримдик өлкөлөрүнө орусиялык пропагандага туруштук берүүдө жамаатташып иштөө сунушталган.
Европарламентте каралган документте Орусиядан тышкары, “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” террордук топтору сыяктуу тараптардын үгүтүнө каршы туруу керектиги камтылган.
Документти 304 депутат колдоп, өттү. 179у каршы болду. Резолюция мыйзамдык күчкө ээ эмес. Ал сунуш берүүчү гана мүнөздө.
Орусия президенти Владимир Путин журналисттерге азырынча резолюция мазмуну менен тааныш эместигин айтты. Ошентсе да ага өз баасын берди:
- Бул - демократия түшүнүгү батыш коомчулугунда айдан-ачык саясий деградацияга тушукканын көрүп турганыбызды билдирет. Ушу тапта ал маселе Европа парламентинин деңгээлине чыкты. Бирок, кантсе да жүйөлүү маани үстөмдүк кылып, реалдуу чектөөлөр болбойт деп абдан үмүттөнөм.
Путин батышта иштеген орусиялык журналисттерди жемиштүү жана таланттуу иши үчүн куттуктап да жиберди.
Орусиялык маалымат каражаттары, анын ичинде үч жыл мурда ачылган Russia Today көп учурда бир беткей жана Орусиянын пайдасына үгүттөгөн материалдарды таратат деп сындалып келет. Буга байланыштуу анын Британиядагы банктык эсептери быйыл октябрда жабылган.
Агенттиктин жетекчилигине коюлган теле алып баруучу Дмитрий Киселевду Орусиянын башкы пропагандачысы деп сындагандар көп. Алтургай ага Украина окуяларына байланыштуу Евробиримдик санкция салган.
Үгүт куралына айланды деп бир катар орусиялык маалымат каражаттары айрым постсоветтик Балтика өлкөлөрүндө да жабылган.
Кыргызстанда да эл аралык маалымат каражаттарынан Орусияныкы басымдуу. Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби кыргыз медиа-контентине орусиялык пропаганда таасир этип жатканын эскертүүдө. Өткөн жылкы баяндамасында уюм айрыкча мындай таасир теле-радиодо жана интернетте Украинадагы согуш, Крымдын аннексиясы, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу, Батыштын Орусияга карата киргизген санкцияларына байланыштуу дискуссияларда байкалып жатканын айткан.