Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Байбосов Орусиядагы 78 миң кыргызстандык жаран өзүнүн укуктук макамын мыйзамдаштырууга тийиштигин айтты. Бул тууралуу Байбосов 1-радиого курган маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, ушул тапта Орусиянын миграциялык каттоосунда 379 миң кыргызстандык жаран турат. Алардын ичинен 85 миңдейи бул өлкөдө мыйзамсыз жүрөт деп катталган.
"Тышкы иштер министрлиги жарандарыбыздын укуктук макамын мыйзамдаштыруу максатында чоң маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөн мекендештерибиздин саны 78 миңге азайды. Бир канча мигрантыбыз Орусиядан чыгып кетти", - деди Байбосов.
Дипломаттын маалымдашы боюнча, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусия менен Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди кароо маселесин сүйлөшүүдө.
ТИМ Кыргызстандан барган мигранттардын укуктук макамын мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну Орусиянын расмийлери менен талкуулап жатканы буга чейин да кабарланган.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш.
5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 1-мартка карата Орусиядагы тобокел тизмеге 83 миң кыргызстандык жаран киргизилгенин "Азаттыкка" билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. (ZKo)
Шерине