Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

"Эл кызматында 500 күн". Президент Жапаровдун отчёту


"Эл кызматында 500 күн" деп аталган гезит калк арасында акысыз таратылууда.
"Эл кызматында 500 күн" деп аталган гезит калк арасында акысыз таратылууда.

Бийлик башына келгенине бир жарым жылдан ашкан президент Садыр Жапаров элге кызматта турган учурдагы иши тууралуу отчёт берди. "Эл кызматында 500 күн" деп аталган гезит калк арасында акысыз таратылууда.

Басылма Жапаровдун президенттик кызматынын 500 күнүнө арналып, 400 миң даана кыргыз тилинде жана 100 миң даана орус тилинде чыгарылган. Муну менен катар атайын видеотасмалар жасалып, расмий маалымат каражаттары менен социалдык тармактарда жайылтылууда.

"Бийлик системасы өзгөрдү"

Гезитте өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү баяндалган. Башкы бетинде Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январындагы таза, калыс шайлоонун жыйынтыгында 79,2% добуш менен президент болуп шайланганы, жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык Кыргызстан президенттик башкарууга өткөнү белгиленген.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын кийинки 500 күндөгү башкы жетишкендиги "өз көмөчүнө күл тарткан партиялык система жоюлуп, бийлик системасы өзгөргөнү болду" деген пикирде.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Биз дайыма "бийлик системасы өзгөрүш керек" деп сындап келгенбиз. Ошол бийлик системасы өзгөрүп, Баш мыйзам кабыл алдык. Буга чейинки бийликтеги тартипсиздик, башаламандыкты эске алып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жолуна түштүк. Бул эң башкы маселе болуп эсептелет. Муну көпчүлүк анча сезбей жатат. Бирок чындыгында биз аз жерден мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп ала турган кырдаалга жетип калган элек. Анткени партиялык система деп, партиялар бийликке келип, алар тээ айыл өкмөттөрүнө чейин бөлүп алышып, ар ким каалаганын кызматка коюп, мындайча айтканда, мамлекеттин башы беш-алты топко бөлүнүп, алар бири-бири менен кыжылдашып, мамлекеттин кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк деген коркунуч жаралган болчу. Мына ушундан арылтып, мамлекеттик бийликти, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жолуна салды. Бул эң башкы жетишкендик деп айтаар элем".

Отчёттук баянда коррупция менен күрөштүн натыйжасында мамлекеттик казынага 8 млрд. сомдон ашык каражат жана мүлк түрүндө кайтарылып, жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылганы тууралуу маалымат менен башталган.

Гезиттин атайын чыгарылышынын 2-бети
Гезиттин атайын чыгарылышынын 2-бети

"Сом менен айтканда жакшы эле угулат"

Садыр Жапаров баштаган өкмөт 2021-жылдын бюджетин эгемендик тарыхта алгачкы жолу консолидацияланган бюджет деп атап, ага республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттерди бириктирген. Натыйжада, бириктирилген бюджеттин 2021-жылга пландалган көлөмү кескин өсүп 282 млрд. сомго жеткирилген.

Ал эми кирешелер иш жүзүндө пландалгандан да 32 млрд. сомго өсүп, 312 млрд. сомго жеткен. Президенттин отчётунда 2022-жылдын бириктирилген бюджетин 400 млрд. сомдон ашыруу, андан кийинки жылдары ал сумманы дагы 100 млрд. сомго көбөйтүп баруу планы коюлуп жатканы жазылган.

Бюджетти өстүрүүнүн негизги булагы катары салыктык кирешелердин өскөнү белгиленет. "Бюджетти толтуруу үчүн салыктын жаңы түрлөрү киргизилбегени, ийгиликтер экономиканын ар кандай секторлорунда бир катар реформаларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун натыйжасында жаралганы" жазылат малыматта. Далил катары 2013-жылы чогулган салыктык кирешелер 37 млрд. сом болгону, ал эми 2022-жылдын беш айында эле 60,8 млрд. сом салык чогултулганы, айырма дээрлик эки эсени түзөөрү көрсөтүлгөн.

Маалыматта салыштырылган 2013-жылы Салык кызматын азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жетектеп турган. Ал 10 жыл мурдагы көрсөткүч менен азыркыны бир аз башкача өңүттө салыштырды.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Салык кызматы жыл сайын 4-5 млрд. сом кошо турганы күтүлгөн нерсе. Он жыл өткөндөн кийин 50% көтөрүлгөн болушу мүмкүн. Бирок мен салык кызматын жетектеп жаткан мезгилде долларга салыштырмалуу сомдун курсунун айырмасы чоң болчу. Долларга айландырганда биз жыйнаган акчанын көлөмү 1 млрд. 200 млн. доллардан ашык болчу. Ал эми бүгүн 60 млрд. сом бул 1 млрд. долларга жетпеген акча. Ошондуктан сом менен айтканда жакшы эле угулуп жатат. Эгерде биздин тышкы карызыбыз 5 млрд. доллардан ашып кетсе, аны төлөш керек деген маселе болуп турган учурда бул бир аз башкачараак кабыл алынат. Биз жыйнаган мезгилде акчанын кубаттуулугу жогорураак болчу. Ал мезгилде ундун баасы 2200 сом эмес эле, бензиндин баасы 67 сомго, дизелдик отун 70 сомго чыкпайт эле. Ошондуктан салык кызматынын көрсөткүчтөрүн айтса болот, бирок калыстык үчүн бир аз түшүндүрмө бериш керек".

Кумтөр кени жана тышкы карызды кайтаруу маселеси

Басылмада Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине кайтарылганы жана бул чечимдин өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш болгону жазылган. 2021-жылы тышкы башкаруу киргизилген 7 айда кенден 323 млн. доллар таза киреше алынган.

"Быйыл буюрса, 500 млн. долларга чейин алабыз деп турабыз. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд. доллар киреше алууга жетишебиз", - деп жазылган маалыматта.

Отчёттук маалыматта тышкы карыз жана аны кайтаруу маселеси да камтылган. Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыдагы 5 жылда 35-40 млрд. сомдун тегерегинде каражат жумшайт. Бул сумманын 50% Кытай Эл Республикасынын Эксимбанкына төлөнөт.

Маалыматта "алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек" деп жазылган. Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү ички дүң өндүрүмгө карата 50,4% экени, АКШ, Грузия, Армения өңдүү мамлекеттердин тышкы карызына караганда алда канча аз экендиги мисал катары келтирилген.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын тышкы саясаты кийинки жылдары жакшырып баратканын айтат. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Бишкек үчүн Кытай менен геосаясий нукта жакшы мамиле түзүүгө негиз болуп берет, андыктан алар тышкы карыз маселесинде ийкемдүү мамиле көрсөтүшү мүмкүн деген пикирде.

Марс Сариев
Марс Сариев

"Тышкы саясат азыр жакшы жүрүп жатат. Азыр Орто Азиянын лидерлери бир консенсус менен өзүнчө бир бейформал жамааттык орган болуп калды. Чолпон-Атада чогулгандан кийин жакшы эле уюм болуп түзүлүп калды. Жакында эле Түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдары менен жолукту. Европага, Глазгого барганда аябай жакшы мамиле кылып тосуп алышкан. Ошон үчүн мен азыр тышкы саясат эффективдүү жүрүп жатат деп ойлойм".

Басылмада өлкө экономикасын алдыга сүрөө үчүн акыркы жылдары бир катар мамлекеттик компаниялар түзүлгөнү маалымдалат. Алсак, уставдык капиталы бир млрд. сом болгон "Кыргызиндустрия" акционердик коому түзүлүп, жеңил өнөр жай жана инновациялык өңдүрүш жаатында бир катар долбоорлорду ишке ашыраары жарыяланууда.

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги 8 млрд. сом уставдык капиталы менен түзүлүп, тоо-кен, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашыраары белгиленет. Мындан тышкары, бир млрд. сомдук уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ал дагы 34 инфратүзүмдүк жана маалыматтык долбоорлорду ишке ашыраары пландалган.

"Камбар-Ата-1" гидроэнергетикалык долбоорун, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушун баштоо жана чек ара үчүн кубаттуу аскер техникаларын сатып алуу өңдүү иштер мамлекеттик көз карандысыздык менен экономикалык кубаттуулукту арттыруудагы олуттуу жетишкендик катары баяндалган.

"Эч кандай реформаны көргөн жокпуз"

Бул арада, бийликтин атаандаштары укук коргоо жана сот адилеттиги жаатында алгылыктуу иштер жасалбаганын билдирип жатышат. Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова Кыргызстанда сот реформасы жаатындагы акыркы 10 жылдагы жетишкендиктер жокко чыгарылып, артка кеткенчиктегенин айтууда.

Анын көз карашында Конституцияны өзгөрткөндөн кийин соттор президентке көз каранды болуп, эгемендикке умтулгандарын коргогон мыйзамдык кепилдиктер жокко чыгып калган. Сооронкулова укук коргоо жана сот тармагында көзгө көрүнөөрлүк реформалар жасалбагандыктан Кыргызстанда адам укуктары дагы деле коргоосуз калууда деген пикирде.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Адам укуктарында деле эч кандай өзгөрүү жок. Артка кетип баратканыбыз индекстер боюнча деле көрүнүп турат. Сот реформасы, өзгөчө укук коргоо органдары реформаланмайынча адам укуктары эч качан корголбойт. Бул жагынан биз эч кандай реформаны көргөн жокпуз да. Жаңы адамдар дайындалууда. Бирок ошол жаңы дайындалган адамдардын бирөөсү дагы, К.Зулушев болобу, У.Ниязбеков болобу, же К.Ташиев болобу – бирөөсү дагы "мен реформа кылам, бул система жарабай калды, кайрадан оңдоп чыгышыбыз керек, жаңы система курушубуз керек" деп айткан жок. Реформа жөнүңдө бирөөсү дагы сөз кылган жок. Демек, бул тармакта эч кандай реформа болбойт. Өзгөчө прокуратурага реформа керек эле. "Реформа, реформа" деп какшап жүрөбүз, бирок прокуратура жөнүндө сөз дагы кылбайбыз. Укук коргоо системасында азыр прокурорго эбегейсиз бийлик берилип калган дагы, булар билгенин кылып жатат. Ошондой эле УКМКга карата да. Ушул структуралар реформа болмоюнча адам укугу эч качан корголбойт, мурдагыдай эле тебелене берет".

2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпул алган 112 миң муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга түшүрүлгөн. Айыл-чарба багытындагы жерлер үчүн салык жоюлуп, дыйкан-фермерлерге 6% менен насыя берилип жатканы, ипотекалык насыянын үстөк пайызы 4% түшкөнү белгиленген. Социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2-3 эсеге көбөйтүлүп, эмгек акы 80 пайыздан 256 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Бирок отчёттук басылмада өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартуу менен жумуш менен камсыздоо иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилген эмес.

Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү боюнча Кыргызстанда өтө жакыр жашагандар 2020-жылы 25,3% болсо, 2021-жылы 33% чейин өскөн. Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Оливье де Шуттердин баяндамасында бул көрсөткүч 2022-жылдын аягына чейин 38% чейин өсүшү мүмкүн деп болжолдонот. Буга бир жагынан пандемиянын кесепеттери, экинчи жагынан инфляциянын өсүшү түрткү болууда.

Ошол эле кезде Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрү боюнча 2020-жылы Кыргызстандагы 20% түзгөн эң бай адамдар калктын жалпы кирешесинин 41,6%на ээлик кылган болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 43,9% жеткен. Статистикалык кургак сандар Кыргызстанда кийинки жылдары байлар андан бетер байып, кедейлер дагы да жакырданып баратканын көрсөтөт.

Бийликке оппозициялык көз карашты карманган саясатчылар адатта авторитардык мамлекеттер бюджетти, пенсияны же мамлекеттик кызматчылардын айлык акыларын көтөрүп, ошону ийгилик катары көрсөткөнгө аракет кылат деп эсептешет.

Алар фундаменталдуу түрдө өнүккөн мамлекет болгусу келген өлкөлөрдө сөз эркиндиги, демократиянын өнүгүшү, жалпы экономикалык өсүү, соттордун адилеттүүлүгү жана бийликтин эффективдүүлүгү менен мактанганы туура болоорун айтышат. Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков Кыргызстан демократия жана жалпы эркиндиктер боюнча кескин артка кетти деп эсептейт.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

"Кыргызстан Freedom House деген дүйнөдөгү эң кадыр барктуу эл аралык уюмдун иликтөөсү боюнча акыркы эки жылда "жарым-жартылай эркин" өлкөлөрдүн катарынан чыгып, "авторитардык" өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул менин сөзүм эмес, эл аралык иликтөө. Экинчиси, бизнестин эркиндигин иликтей турган Harritage Foundation деген дагы бир уюм бар. Анын иликтөөсү боюнча акыркы эки жылда Кыргызстанда бизнестин эркиндиги 10-15 пунктка начарлады. Үчүнчүсү, Кыргызстанда сөз эркиндигин, саясий оппоненттерди басым кылууга курал катары пайдалана турган укук коргоо, сот уюмдарынын эффективдүүлүгү, адилеттүүлүгү бар. Дагы эле ошол уюмдун иликтөөсү боюнча 2020-жылдан 2021-жылга караган мезгилде Кыргызстандын көрсөткүчү 8% начарласа, 2021-жылдан 2022-жылга караганда 11% начарлады. Эгерде ошолорго таянып өзүмдүн жеке пикиримди айта турган болсом, акыркы эки жылда журналисттерге, массалык маалымат каражаттарына, саясий оппоненттерге жана башка көз карашты карманган активдүү жарандарга басым болуп көрбөгөндөй күчөп жатат".

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин 14-июлда өткөн жыйынына төрагалык кылып жатып, Кыргызстан саясий олку-солкулукту артка калтырып, экономиканы өнүктүрүү менен алектене баштаганын билдирген.

"Өткөн жылы биз конституциялык өзгөрүүлөр менен бирге бардык тармактардын өнүгүүсү боюнча атайын жарлыктарды, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, кабыл алдык. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк, шайлоолорду өткөрдүк жана Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык. Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептесек болот. Эми мындан ары саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар келе жатат. Дүйнө жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун 17 пункттан турган Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын мааниси чоң, кулачы кенен. Биз да ушул программага киргенбиз. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган. Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50% жеткирди".

Садыр Жапаров президенттик кызматка 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын шарданы менен келген. Кийин 2021-жылдын 10-январындагы шайлоодо 79,2% добуш менен президенттик кызматка шайланган. Бул аралыкта президент Жапаров алгачкы чет элдик сапарын Орусиядан баштап, Түркия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан өңдүү бир катар мамлекеттерге барып келди.

XS
SM
MD
LG