Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюлат. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп калды. Сентябрда бардык даярдык иштери аяктап калат, ал эми ШКУнун Самаркандда өтө турган мамлекет башчыларынын жыйынында ага үч президент кол коёт. Бул долбоордун ишке ашуусу менен Кытай товарларын Европага ташууга жол ачылат.
30-июлда президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алган. Анда үч мамлекетти байланыштыра турган темир жолдун маанилүүлүгү тууралуу сөз болгон. Анда президент документке Самаркандда кол коюу зарылдыгын белгилеген.
21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун мааниси тууралуу сөз козголгон. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу Борбор Азиянын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын жогорулатары айтылган.
Жолдун наркы болжол менен 5 млрд. долларга бааланган, бирок али бир дагы тарап мындай ири көлөмдөгү каражатты сарптоого даяр экендигин билдире элек. Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Цзян Янь долбоорду ишке ашырууга ар бир мамлекет бирдей өлчөмдө катышууга тийиш экенин айткан.
Темир жолдун нугу боюнча дагы түрдүү маалыматтар айтылып келген. Анткени Кытайдагы темир жолдун эни менен Кыргызстан, Өзбекстандын темир жолдорунун нугу эни менен айырмаланат. Кыргызстандын темир жолдорунун эни 1520 мм.
Бул маселени чечүү үчүн үч тараптын теӊ кызыкчылыктарына төп келген кайра жүктөөчү бекеттер курулмакчы. Кайра жүктөөчү бекет – бул эки нук тогошкон жер жана ал тоомдо жүктөр бир поездден экинчисине жүктөлөт.
Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун май айынын башында "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси Азамат Сакиев билдирген. Дагы бир вариант - 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт. (КО)