Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанга 22-марттан баштап киргизилгени жаткан өзгөчө кырдаалдын жол-жобосун түшүндүрдү. Анын айтымында, өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абалды алмаштырбоо кажет.
“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат”, - деди Боронов.
Жарандык коргонуу мыйзамына ылайык, өлкөгө өзгөчө кылдаал киргизилген убакта өкмөткө берилген укуктар так жазылган эмес.
Өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, саламаттыгына, элдин жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон коркунучтуу жаратылыш же техногендик кубулуштун натыйжасында Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында түзүлгөн жагдай.
Мөөнөтү сөз болуп жаткан чектөө жагдай жөнгө салынмайынча, улана бериши мүмкүн.
Ушу тапта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар айылдарында, Оштун Ноокат районунда жана Баткен облусунун үч айылында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бул айылдардын кире беришине блокпосттор коюлуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайтарып турат.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өкмөт өзгөчө кырдаалдын так алгоритми жок деп эсептейт:
“Өлкөдө жаралган учурдагы кырдаалга өкмөт эки айдан бери даярданып жаткан. Ошондо “өзгөчө кырдаал жарыяланып калышы мүмкүн” деген сөз да болсо керек. Бирок анын так алгоритми жок болууда. Мисалы, мугалимдер, милиция жана башка коомдук кошуундар кандай тартипте иштейт? Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлер эмне кылышы керек?” деп өкмөт кагаз жүзүндө маалымат бериши керек эле”.
Ал арада өкмөт мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-мартта кол койду.
Өкмөттөн кабарлашкандай, бул чечим коронавирус инфекциясынын өлкөгө жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык багыттын туруктуу ишин камсыздоо үчүн кабыл алынды.
«Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат», – деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, дем алыш күндөрү да иштей турчу кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.
Өзгөчө кырдаал эмес, өзгөчө абал керек беле?
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев учурда өлкөгө өзгөчө кырдаал эмес, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи:
“Учурда болуп жаткан кырдаалды эске алганда, өлкөгө өзгөчө абал киргизгенге жакындап калды. Эгерде Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адамдардын саны көбөйсө, анда өлкөдө олку-солку маанай реалдуу болот. Дүрбөлөң күчөсө, катардагы каражаттар жана эрежелер менен токтотуу кыйынга турат. Ал эми өзгөчө абал учурунда комендант колунда болгон бардык каражатты колдонуп, милицияны, армияны жана коомдук кошуундарды колдонуп, тартипти сактоого болгон мүмкүнчүлүгүн колдоно алат”.
Мыйзамга ылайык, өзгөчө абалды өлкөнүн президенти киргизип, аны Жогорку Кеңеш бекитет.
Өзгөчө абал – бул мамлекеттик түзүлүшкө, коомдук кызыкчылыкка жана адамдардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч жаралганда жарыялана турган жагдай. Бул башкаруунун өзгөчө формасына кирет. Бул демократиялык негиздер менен түзүлгөн өлкөнүн ичиндеги мамлекеттик органдарынын ишин чектейт. Мындан сырткары адамдын укуктары да жалпы кызыкчылык үчүн чектелүү болот. Менчик укугу болсо да өлкөдөгү бардык ишканалар коменданттын айтканын угууга жана аткарууга тийиш.
“Эгер биз өзгөчө абал киргизбесек, мамлекеттин болгон ресурстарын мобилизация кыла албайбыз. Адамдардын укугун чектегенге, керек болсо жеке менчиктерди элдин кызыкчылыгына иштетүү үчүн укуктук негиз керек. Демек, өзгөчө кырдаал киргизүү мамлекетке мына ушундай ыйгарым укук берет. Элге өзгөчө, жаңы милдеттерди жүктөйт. Учурда бизден башка өнүккөн өлкөлөр айласын таппай отурат. Мунун кесепети, жыйынтыгы кандай болорун эч ким айта албайт. Ошондуктан Кыргызстан жалпы өлкөгө өзгөчө абал киргизип, ошого жараша иш алып барышы керек”, - деди Текебаев.
Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн. Мектептер жана окуу жайлар 16-марттан тарта кезексиз каникулга тараган. Министрликтен маалымдагандай, 8-апрелден тарта мектеп окуучулары үчүн видео сабактар башталат.
Мындан тышкары 22-марттан тарта Бишкектеги коомдук транспорттордун жүрүшүнө чектөө киргизилет. Мэриянын маалыматына ылайык, шаардагы бардык автобус, жана кичи автобустар ишин убактылуу токтотот. Саналуу троллейбустар гана жүрүп турат.
Калаа бийлиги буга байланыштуу шаардыктарды зарыл жумуш болбосо, көчөгө чыкпоого чакырды. Коомдук транспорт качан иштей баштары азырынча маалымдала элек.
Ал эми Ош шаары мындай чечимди 20-мартта кабыл алган.
Шаарда элдин эркин жүрүшүнө чектөө (карантин) буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө тактап айтканда, Италияда, Испанияда, Чехияда жана Австрияда киргизилген. Бул өлкөлөрдө да бардык орто мектептер, университеттер белгисиз мөөнөткө жабылган.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандын алгачкы учуру 18-мартта катталды. Учурда бул илдетке кабылгандардын саны өлкөдө 14кө жетти. Алардын көбү Сауд Арабиясына умрага барып келген Сузак, Ноокат жана Баткен районунун тургундары. Экөө Бишкекте жатат. Коронавирустун алдын алуу борбору алардын бири Франциядан, экинчиси Саудиядан кичи ажылыктан кайтканын кабарлады.
Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Саламаттык сактоо министрлиги жатак орундардын санын 2290го чейин көбөйттү, алардын 700ү өлкөнүн түштүк аймагында.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.