Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Сеул Түндүк Корея Орусияга дагы 3000 аскерин жөнөткөнүн билдирди


Түндүк кореялык аскерлер.
Түндүк кореялык аскерлер.

Түндүк Корея быйыл январь жана февраль айларында Орусияга кошумча 3000 аскерин жөнөтүп, Украинага каршы согушка катышууга жиберген. Бул тууралуу "Ассошиейтед пресс" агенттиги Түштүк Кореянын аскердик командачылыгына таянып жазды.

Түштүк Кореянын Бириккен штаб башчыларынын комитетинин маалыматына ылайык, Пхеньян Орусияга ракеталарды, артиллериялык курал-жабдыктарды жана ок-дарыларды жөнөтүүнү улантууда.

Алардын арасында "көп сандагы" кыска аралыктагы баллистикалык ракеталар, гаубицалар жана реактивдүү системаларга тиешелүү тетиктер бар.

Буга чейин Түндүк Корея Орусияга 11 миңге жакын аскерин жөнөткөн.

Сеулдун аскердик жетекчилигинин маалыматы боюнча, алардын төрт миңдейи каза болгон же жараат алган.

Эксперттердин эсебинде, түндүк кореялык аскерлер заманбап согушка даяр эмес болгондуктан, айрыкча согуштук дрондорду колдонуу жөндөмүнүн жоктугунан чоң жоготууларга учурады.

Ошого карабастан Украинанын аскердик жана чалгындоо органдары түндүк кореялык аскерлер согуштук тажрыйба топтоп жатканын жана Украина Куралдуу күчтөрүн алсыратуу стратегиясында маанилүү ролду ойноп жатканын белгилешти.

Шерине

XS
SM
MD
LG