Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

29-марттын аба ырайы: Тоолуу аймактарга кар жаайт


Чүй, Кашка-Суу.
Чүй, Кашка-Суу.

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-мартта жана 29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде туман түшүп, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

28-30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.

28-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү сунушталат.

29-марттын аба ырайы:

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүп, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бишкек шаарында түнкүсүн кар, жаан, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 9…11° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG