Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 1-2-класстар үчүн онлайн кабыл алуу жүрүп жатканын билдирди. Мекеме 28-мартта билдиргендей, учурда өлкө боюнча жалпы 20 миң 323 бала катталган. Алардын 8 миң 260ы 1-класска, 12 миң 63ү 2-класска барат.
Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, быйыл 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылы төрөлгөндөр жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн 2019-жылы туулган балдар 2-класска барышат.
Келерки окуу жылынан баштап Кыргызстанда 12 жылдык окуу системасынын алгачкы этабы иштей баштайт. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону 14-мартта белгилүү болду. Документте 12 жылдык билим берүү системасы, анын максат-милдети, күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле мектептердеги билим берүү жараянынын уюштурулушу, баалоо системасы жөнүндө да айтылган. Ага ылайык, 1-6-класстар - башталгыч жалпы, 7-9-класстар - негизги жалпы, ал эми 10-12-класстар - орто жалпы деп бөлүнөт.
Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт.
Коомчулукта 12 жылдык системага өтүүдө даярдык жетиштүү эмес экенин, ата-энелер, мугалимдер жетиштүү кабардар болбогонун айтып, сынга алгандар да болууда. (TAb)
Шерине