Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) анын мандатын алуу боюнча 28-мартта чыгарган чечими тууралуу “Азаттык” радиосуна комментарий берди.
Ал Боршайкомдун чечими мыйзамсыз болгонун, соттуулугу жок деген Ички иштер министрлигинен тастыктама (справка) алып келгенине карабай мандатынан ажыратылганын билдирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы президентке кайрылганын кошумчалады.
“Мен Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин төрагасына арыз жаздым. Анын кылган иштери Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесине – бийликтен аша чабуу, мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу, адам укугун бузуу жана Конституцияны басмырлоого туура келип жатат. Азыр эми кандай болот, көрөбүз”, - деди ал.
28-мартта Боршайкомдун жыйынында УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айтты. Ал Султанбай Айжигитов талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп эсептейт.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров Чүйдүн Сокулук райондук соту 2020-жылдын 14-февралында Султанбай Айжигитовду денеге жеңил жаракат келтирүүгө байланыштуу күнөөлүү деп тапканын, Чүй облустук соту 2021-жылдын 10-июнунда райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырганын билдирген. Бирок бул маалыматты жашырып койгонун айтты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 19-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимдери тууралуу маалымат берген. Ушул эле отурумда “Султанбай Айжигитов 2017-жылы бир баланы уруп кылмыш иши ачылганын, кийин мөөнөтү өттү деген негиз менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткенин” айткан. Бул боюнча документтерди БШКга бергенин билдирип “эртең Султанбай Абдрашитовичтин мандатын алып койсо таң калбаңыздар” деген.
Султанбай Айжигитов “баланы сабаганы тууралуу далил жок экенин, ушунун негизинде “мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен сот бул ишти жапканын жана соттуулугу жок экенин” билдирген.
Быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында ал “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы өз өкүлүнүн мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өтүп, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын ичинен жалгыз Султанбай Айжигитов каршы добуш берген.
Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон.
65 жаштагы Султанбай Айжигитов кесиби боюнча инженер-механик, ал Ригадагы авиациялык институтту аяктаган. Кийин Киевде КГБнын жогорку курсун аяктап, 1987-1993-жылдары коопсуздук тармагында иштеген. 2000-жылдан тарта бир нече жыл Баткен облусунда ар кандай кызматтарда иштеп, эки жолу облустун губернатору болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” партиясы менен шайланып келген. (BTo/AiB)
Шерине