Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:23

“Социал-демократтардын” үч мүчөсү 28-майга чейин камакта калтырылды


"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

28-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверге козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуу өттү.

Бул тууралуу “Социал-демократтардын” мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, судья үч партиялашын тең 28-майга чейин камакта калтырганын кабарлады. Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өтөт.


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан. Кийин тергөөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып коюлган.

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG