Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медал тагынды


Мунарбек Сейитбек уулу жана Абдумалик Халоков Париж Олимпиадасында.
Мунарбек Сейитбек уулу жана Абдумалик Халоков Париж Олимпиадасында.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык дүйнө чемпиону Абдумалик Халоков менен беттешип, жеңилди (0:5).

Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги жетишилди. 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.

Сейитбек уулу менен Халоков 2023-жылы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында дагы беттешип, ал таймашта кыргыз мушкери жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш өзбекстандыкка ыйгарылган.

Париж Олимпиадасында Мунарбек Сейитбек уулу жалпысынан төрт беттеш өткөрдү.

Алгач 1/8 финалда кубалык Орта Родригести 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңген. Жарым финалда теги кубалык, учурда Болгариянын атынан мелдештерге катышкан Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыккан.


28 жаштагы кыргыз мушкери – бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Беш жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына ал алгачкы жолу катышууда.

Анын финалдагы атаандашы Абдумалик Халоков 24 жашта. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Дүйнө чемпионатынын алтын, күмүш байгелеринини ээси. Азия чемпионатында алтын, коло байгелерди уткан.

Бул Олимп оюндарында Халоков алгач Европа оюндарынын коло байгесинин ээси, швециялык Ибрахим Небилди, Европа оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Токио Олимпиадасынын катышуучусу испаниялык Хосе Кильести, жарым финалда Тынчокеан оюндарынын жеңүүчүсү австралиялык Сениор Чарлини утуп, финалга чыккан.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда эки күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 81 өлкөнүн арасынан 67-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат. (ECh/GT)

XS
SM
MD
LG