Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

БРИКС: Өнүгүү банкы негизделди


Уфадагы БРИКС саммитинин ачылышында.
Уфадагы БРИКС саммитинин ачылышында.

Уфада өткөн БРИКС уюмунун саммити Жаңы өнүгүү банкынын негизделиши менен жыйынтыкталды. Уюмга мүчө өлкөлөр жаңы банк Дүйнөлүк банкка альтернатива болот деп эсептешет.

Ал эми байкоочулар Украинадагы жаңжалдан улам Батыш менен тил табыша албай жаткан Москва бул саммит аркылуу башка өлкөлөргө ачык экенин көрсөткүсү келет дешүүдө.

Уфада өткөн эки күндүк саммиттин алкагында негизделген банк эки жыл ичинде өз капиталын 50дөн 100 миллиард долларга чейин кеңейтет. Бул тууралуу Жаңы өнүгүү банкынын жетекчиси, индиялык банкир Кундапур Ваман Камат билдирди.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин:

Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

- БРИКС уюмуна кирген беш өлкө - Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын лидерлеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда декларация кабыл алынды, - деп билдирди.

Анда терроризм жана анын бардык түрлөрү кескин сынга алынат. “Ислам мамлекети”, “ал-Нусра фронту” сыяктуу экстремисттик бардык топтор жарандык коомго, өзгөчө аялдарга жана балдарга каршы кылган кылмыштары үчүн айыпталат. БРИКСтин мүчөлөрү Украинадагы кризис боюнча да камтамачылык билдирди.

“Биз бул жаңжал аскерий жол менен чечилбейт деп ойлойбуз жана аны жайгаруунун бир гана жолу - бул инклюзивдүү саясий сүйлөшүү. Ошол себептен биз бардык тараптарды 2015-жылдын февралында Минскиде кабыл алынган макулдашууну сактоого чакырабыз” - деп жазылат декларацияда.

Саммите сүйлөп жатып Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин,

- БРИКСке мүчө өлкөлөр өнүгүүдө бир катар кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө туш болуп жатат. Ошентсе да биз мындай кыйынчылыктарга туруштук бере алгыдай болушубуз керек, БРИКС өлкөлөрү табигый жана адам ресурстарына ээ, ошондой эле ички базарлары чоң, биздин өнүгүүгө жана саясий таасир арттырууга потенциалыбыз жогору, - деп билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани
Ирандын президенти Хасан Роухани

Саммите Ирандын өзөктүк программасы тууралуу да сөз болду. Эксперттердин айтымында, ушул тапта Венада уланып жаткан Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүү эң татаал баскычка жетти. 7-июлда сүйлөшүүнүн катышуучулары - АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция, Германия жана Иран бир катар маселелерди, анын ичинде Тегерандын баллистикалык программасына киргизилген санкцияларды талкуулап, бир пикирге келе алган эмес. Тегеран курал эмбаргосунун алынышын көздөйт. Орусиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы Сергей Лавров Москва курал-жарак эмбаргосунун тез алынышын жактарын айтты. Бирок Батыш мамлекеттери буга каршы. Ирандын ядролук програмамсы боюнча Корутунду келишим 10-июлга чейин түзүлүшү керек.

Ирандын жакын союздаштарынын бири Орусия Тегерандын ядролук программасы башкаларга эч кандай зыян келтирбейт деп ишендирип келет. 9-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Хасан Роухани менен болгон жолугушууда “Иран Орусиянын салттуу жана ишенимдүү өнөктөшү”, - экенин кайталады.

Саммит соңунда БРИКС өлкөлөрүнүн экономикалык өнөктөштүгүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясы кабыл алынды. Документ уюмдагы кызматташтыктын кеңейтилишине багытталган.

Уфадагы саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин, Бразилиянын прзиденти Дилма Русеф, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Си Цзинпин жана Түштүк Африка Республикасынын президенти Жейкоб Зума катышты.

БРИКС уюму 2008-жылдын май айында негизделген.

XS
SM
MD
LG