Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Баткен облусунда быйыл сентябрдагы чек ара чатагында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү маселесин талкуулады. Бир катар депутаттар курулуш жай жүрүп жатканына нааразы болуп, айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылды.
"Октябрдан бери эки гана үй бүткөрүлгөн"
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде быйылкы жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек ара чатагы маалында талкаланган Баткен облусундагы турак-жайларды калыбына келтирүүнүн жүрүшү талкууланды. Анда Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев учурда облус аймагында 416 үйдүн курулушу жүрүп жатканын билдирди.
Башкы курулушчунун маалыматына караганда, октябрь айынан бери эки объект бүткөрүлүп, 121 үйдүн дубалдары тургузулган, 74 үйдүн чатыры жабылууда, 9 үйдүкү жабылып бүткөн.
Чек чатагынан берки эки ай ичинде эки гана үй толук бүткөрүлүп, курулуштун жай жүрүп жатканы депутаттардын нааразылыгын жаратты.
Депутат Камила Талиева мындай кырдаал жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам жаралганын белгилеп, өлкө бийлигин буга тезинен көңүл бурууга чакырды.
"Мен бул маселени сентябрь айынан бери айтып келе жатам. Мен айткандар болууда, эки айдан кийин көрөбүз эки үй бүтөт дедим эле. Бир гана Нуртазин Жетибаев гана жүрөт, ушул киши менен гана сүйлөшүп атам. Башка колго илинер кадр жок. Бул жерде чоң саясат, мафиялык, курулуш иштери компания жөнүндө да маалыматтар бар".
Депутат белгилегендей, курулуш иштеринин жай жүрүп жатканын себеби катары подрядчы катары бир гана компаниянын тандалганы да айтылды.
"Эмне үчүн бир гана компания тандалган?"
Расмий маалымат боюнча, Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болду.
Буга байланыштуу бир катар депутаттар дал ушундай масштабдуу ишке эмне үчүн бир гана компания тандалганына кызыгышты.
Бул маселени "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков көтөрүп, эмне себептен 420 үйдү куруу бир гана подрядчы компанияга берилгенин сурады. Нуртазин Жетибаев "Өзгөчө кырдаал режиминде буга мыйзам жол берет" деп айтты.
"Мыйзам жол бергени менен эл үйсүз отурат. Ушуну караш керек болчу. Бүгүн 15 күн кечигүү менен курулуш иштери жүрүп жатканын өзүңүздөр айтып жатасыздар. Андан деле көп болсо керек?",-деди Сыдыков.
Жетибаев тендер өткөргөндө бул компания эң аз сумманы көрсөткөнүн билдирди. Ошондой эле "Аманат Курулуш Инвест" компаниясы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнүн, Бишкек шаарында жайгашканын тактады.
"Этият болгула, эртең элдин алдында уят болуп калбагыла. Мунун баарын ачык айтып, чоңдорго жеткирип койгула",-деп эскертти Сыдыков.
Депутат Исхак Масалиев бул курулуш компаниясынын ишин текшерүү керектигин, себеби миллиондогон акча бир гана ишканага берилип жатышында коррупция болушу ыктымал экенин айтты.
Ал эми комитеттин төрагасы Мурадыл Сыдыков "Аманат Курулуш Инвест" компаниясы тендерге катышкан учурда тиешелүү шарттарга аткарбаганын белгилеп, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Президенттин сапары
Өткөн жуманын соңунда Баткен облусуна президент Садыр Жапаров барып, чек ара чатагында талкаланган үй-жайлар жана социалдык обьекттерди куруу иштери менен таанышкан. Ал учурда Жапаров жергиликтүү тургундардын талкаланган турак-жайларын калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырып, курулуш иштерин бардык нормаларды жана тиешелүү стандарттарды сактоо менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиленин маалымат кызматы билдирген эле.
Президенттин сапарын чагылдырууга журналисттер тартылган жок. Басма сөз кызматынын өкүлдөрү гана коштоп жүрүп, сапар учурунда ал айткан сөздөрдүн видеосун таратпады, текст түрүндө берүү менен чектелди.
Эл менен кездешүүдө жергиликтүү тургундар коопсуздук жана чек ара маселесин тез арада чечүү, пайызсыз насыя алуу сыяктуу көйгөйлөрдү көтөргөн.
Жапаров чек араны келерки жылы май айына чейин тактоо ниетин айтканын жолугушууларда президентти коштоп жүргөн жергиликтүү жетекчилер билдиришти.
Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон.
Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.
Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.
Кыргызстан куралдуу кагылышта бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып окко учкан 80ден ашуун адамдын тизмесин чыгарган. Эки тарапта тең каза тапкандардын арасында балдар бар.